Жулия Робертс: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
мNo edit summary
мNo edit summary
1-сап:
'''Жулия Фиона Робертс''' ({{lang-en|Julia Roberts}};28-октябрында туулган 1967-жыл) - америкалык актриса жана продюсер. Актрисага "[[Сулуу кыз]]" (англ. Pretty Woman, 1990) романтикалык тасмасы дүйнөлүк атактуулукка жеткирип, эл аралык прокатта аталган тасма $464 миллион доллар киреше тапкан. Ал үч жолу "[[Алтын глобус]]" сыйлыгын утуп алган (сегиз номинациянын арасынан) жана [["Оскар" сыйлыгы|"Оскар" сыйлыгына]] төрт жолу талапкер болгон. "[[Эрин Брокович]]" (англ. Erin Brockovich, 2000) биографиялык тасмасындагы ролу үчүн актриса "Эң мыкты актриса" номинациясында "[["Оскар" сыйлыгы|Оскар]]" сыйлыгын алган.
 
Актриса катышкан "[[Сыйкырдуу пицца]]" (англ. Mystic Pizza, 1988), "[[Магнолия]]" (англ. Steel Magnolias, 1989), "[[Душман менен бирге]]" (англ. Sleeping with the Enemy, 1991), "[[Капитан Крюк]]" (англ. Hook, 1991), "[[Дөө-шаалар тууралуу иш]]" (англ. The Pelican Brief, 1993), "[[Менин эң жакын досумдун тою]]" (англ. My Best Friend's Wedding, 1997), "[[Сыр]]" (англ. Conspiracy Theory, 1997), "[[Ноттиң Хилл]]" (англ. Notting Hill, 1999), "[[Тойдон качкан колукту]]" (англ. Runaway Bride, 1999), "[[Оушендин он бир досу]]" (англ. Ocean's Eleven, 2001),"[[Мона Лизанын жылмаюсу]]" (англ. Mona Lisa Smile, 2003), "[[Оушендин он эки досу]]" (англ. Ocean's Twelve, 2004), " [[Чарли Уилсондун согушу]]" (англ. Charlie Wilson's War, 2007), "[[Сүйүшкөндөр күнү]]" (англ. Valentine's Day, 2010),[[Же-ич, сыйын жана сүй]]" (англ. Eat Pray Love, 2010), "[[Күзгү]]" (англ. Mirror Mirror, 2012) жана "[[Акча жиндиси]]" (англ. Money Monster, 2016) тасмалары $2.7 миллиарддан ашык киреше алып келип, анын прокаттагы эң кирешелүү актриса болгондугун айгинеледи Ал HBO каналында көрсөтүлүп турган "[[Жөнөкөй жүрөк]]" (англ. The Normal Heart, 2014) телесериалындагы ролу үчүн "Телесериалдагы экинчи пландагы эң мыкты актриса" номинациясында праймтаймдык "Эмми" сыйлыгын алган.
 
Ж. Робертс 1990-жылдарда жана 2000-жылдардын башында дүйнө жүзү боюнча акысы (гонорары) эң кымбат турган актриса катары таанылган 1990-жылдагы "[[Сулуу кыз]]" (англ. Pretty Woman) тасмасы үчүн актриса $300,000 акы алган. "[[Мона Лизанын жылмаюсу]]" (англ. Mona Lisa Smile, 2003) тасмасындагы ролу үчүн $25 миллион киреше тапкан. 2007 -жылга карата Ж. Роберстин таза кирешеси 140 миллион АКШ долларын түзгөн.. People журналы "Дүйнөдөгү эң сулуу айым" тизмесине актрисаны беш ирет кошкон.
 
== Өмүр таржымалы ==