Ева Грин: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
мNo edit summary
мNo edit summary
 
1-сап:
'''Ева Гаэль Грин''' ({{lang-en|Eva Green}};French: [ɡʁin]; Swedish: [ˈɡɾeːn], 1980-жылдын 6-июлунда туулган) француз актрисасы жана модель. Ал Бернардо Бертолуччинин "[[Кыялкечтер]]" (англ. The Dreamers,англ. 2003) тасмасында ойноп актриса катары тушоосу кесилген. Ага чейин театрда эмгектенген. Актриса дүйнөлүк атак-даңкка Ридли Скоттун "[[Бейиш падышачылыгы]]" (англ. Kingdom of Heaven, 2005) тасмасындагы Иерусалим канышасы Сибилланын, "[[Рояль казиносу |Рояль казиносу]]" (англ. Casino Royale, 2006) тасмасында Веспер Линддин ролун ойноо аркылуу жетишкен. 2006-жылы Е.Грин Британия кино жана теле искусство академиясынын (The British Academy of Film and Television Arts) "Жаңыдан чыгып келаткан эң мыкты актриса" (Best Rising Star) сыйлыгын алган.
 
2006-жылдан тартып, актриса Жаракалар" (англ. Cracks, 2009), "[[Клон]]" (англ. Womb, 2010), "[[Укмуш сүйүү]]" (англ. Perfect Sense, 2011) сыяктуу көз карандысыз тасмаларда тартылган. "[[Камелот |Камелот]]" (англ. Camelot) тасмасында ойноп, "[[Кара көлөкөлөр]]" (англ. Dark Shadows, 2012) тасмасында Анжелика Бушардын ролун жараткан. 2014-жылы "300 спарталыктар: империянын гүлдөшү" (англ.300: Rise of an Empire (2014) тасмасында Артемисиянын, Фрэнк Миллер жана Роберт Родригес биргелешип тарткан "[[Күнөөлөр шаары: мындай аял курмандыкка чапса болот]]" (англ. Sin City: A Dame to Kill For, 2014) тасмасында Эва Лорддун ролун ойногон. Е. Грин Ванесса Айвздын ролун "[[Коркунучтуу жомоктор]]" (англ. Penny Dreadful, 2014–16) тасмасында ойногон. Актриса сериалдагы ролдору үчүн "Эң мыкты актриса" номинациясында [["Алтын глобус" сыйлыгы|"Алтын глобус" сыйлыгынын]] 73- аземинде талапкер болгон. 2016-жылы "Перегрин айымдын өзгөчө балдар үчүн үйү" деген Тим Бёртондун фэнтези (англ. Miss Peregrine's Home for Peculiar Children) тасмасында башкы ролду ойногон.
 
== Өмүр таржымалы ==
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Ева_Грин" булагынан алынды