Земфира: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
 
25-сап:
|Сайты =
}}
'''Земфира''' (толук аты-жөнү '''Земфира Талгатовна Рамазанова''' ([[Татар тили|тат.]] ''Земфира Тәлгать кызы Рамазанова''); 1976-жылы 26-августта, [[СССР]], [[РСФСР]], Башкыр АССРинде туулган) - орус рок-ырчысы, музыкант, композитор, продюсер жана акын. Земфира, журналисттер "''аял року''" деп аташкан орус рокунун жаңы кыймылынын жүзү болгонкатары таанылган.
 
Земфира 1998-жылдын башында [[Уфа|Уфадан]] [[Москва|Москвага]] көчүп, ал жерде өзүнүн "Zемфира" тобу менен бир жылдан кийин чыккан, алгачкы студиялык альбомунун үстүндө иштеген. 1999-жылдан тартып, Земфира коомчулуктун жана прессанын көңүлүн өзүнө бура алган алты студиялык альбом чыгарган. Мындан тышкары анын дискографиясына би-сайддар жыйнагы жана эки концерттик альбом кирет. Анын лирикалык изденүүлөрүнөн ошол таптагы жаштардын руханий толгонууларын жана издөөлөрүн байкашкан. 1999-жылы "Огонёк" журналы Земфираны "муундун жарылып чыккан үнү" деп атаган. Кесиптик жолунда ырчынын көптөгөн ырлары Орусиянын музыкалык чарттарынын сап башында турган. Алардын арасында "Ариведерчи", "Издегем" ([[Орус тили|орус.]] Искала), "Трафик", "Сейил" (орус. Прогулка), "Талкаландык" (орус. Мы разбиваемся) жана "Айла жок" (орус. Без шансов) аттуу ырлары бар.
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Земфира" булагынан алынды