Роза Отунбаева: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
1-сап:
{{Мамлекеттик ишмер
#REDIRECT [[Отунбаева, Роза Исаковна]]
|ысымы = Роза Исаковна Отунбаева
|сүрөтү = Roza Otunbayeva - World Economic Forum on Europe 2011.jpg
|кызматы = [[Кыргыз Республикасынын президенти|Кыргыз Республикасынын өткөөл кездеги президенти]]
|желек = Flag of Kyrgyzstan.svg{{!}}border
|желек2 =
|иш баштоо убагы = [[июль]] [[2010-жыл]]ы
|иш аяктоо убагы = [[1-декабрь]] [[2011-жылы]]ы
|андан мурунку инсан = [[Бакиев, Курманбек Салиевич| Курманбек Салиевич Бакиев]]
|андан кийинки инсан = [[Атамбаев, Алмазбек Шаршенович|Алмазбек Шаршенович Атамбаев]]
| катар = 1
|премьер =
| кызматы_2 = [[Кыргыз Республикасынын убактылуу өкмөтү|Кыргыз Республикасынын премьер-министри, убактылуу өкмөттүн жетекчиси]]
| желек_2 = National emblem of Kyrgyzstan.svg
| иш баштоо убагы_2 = [[7-апрель]]
| иш аяктоо убагы_2 = [[17-декабрь]] [[2010-жыл]]ы
| андан мурунку инсан_2 = [[Бакиев, Курманбек Салиевич|Курманбек Салиевич Бакиев]]
[[Усенов, Данияр Токтогулович|Данияр Токтогулович Усенов]]
| андан кийинки инсан_2 = [[Атамбаев, Алмазбек Шаршенович|Алмазбек Шаршенович Атамбаев]]
| кызматы_3 = Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри
| желек_3 = National emblem of Kyrgyzstan.svg
| катар_3 = 2
| иш баштоо убагы_3 = [[Февраль]]
| иш аяктоо убагы_3 = [[Май]] [[1992-жыл]]ы
| андан мурунку инсан_3 = [[Иманалиев, Муратбек Сансызбаевич|Муратбек Сансызбаевич Иманалиев]]
| андан кийинки инсан_3 = [[Саралинов, Марат Назарбекович|Марат Назарбекович Саралинов]] (у.м. а.)
[[Карабаев, Эднан Өскөнович|Эднан Өскөнович Карабаев]]
|жарандыгы = {{Кыргызстан желеги|20px}} [[Кыргызстан]]
|туулган жылы = [[23-август]] [[1950-жыл]]
|туулган жери = [[Ош (шаар)|Ош шаары]] [[Кыргызстан]]
|каза болгон жылы =
|каза болгон жери =
|мүрзөсүнүн орду =
|атасы = Исак Отунбаев
|апасы = Салийка Даниярова
|жубайы =
|балдары = '''уулу:''' Атай Садыбакасов
'''кызы:''' Карачач Садыбакасова
|партиясы = партияда катталган эмес
|билими = М. В. Ломоносов атындагы [[Москва мамлекеттик университети]]
|илимий даражасы = [[философия илимдеринин кандидаты]]
|кесиби = саясатчы, философ
|ишмердүүлүгү = коомдук ишмердик
|дини = Ислам
|сыйлыктары = «Кызматтагы каармандыгы үчүн» медалы, ж.б.
|сайты = http://www.roza.kg/
|кол тамгасы =

[[File:Roza Otunbayeva, President of Kyrgyzstan (2010-11) (7210331816).jpg|thumb|Роза Исаковна Отунбаева (2012)]]

'''Роза Исаковна Отунбаева''' – заманбап [[Кыргызстан|Кыргызстандын]] мамлекеттик ишмер айымы, [[дипломат]], укук коргоочу, философия илимдеринин кандидаты, Кыргызстандын (Кыргыз Республикасынын) мурдагы Президенти жана Көзкарандысыз Мамлекеттер Шериктештигинен, пост-советтик [[Борбордук Азия|Борбордук Азиядан]] чыккан алгачкы Президент айым. (Июнь,2011-ж. - 1-декабрь, 2011-ж.).

==Кыскача өмүр таржымакалы==

1950-жылы 23-августта [[Кыргызстан|Кыргызстандын]] [[Ош шаары]]нда туулган.

[[1972-жыл]]ы [[Орусия]]нын ордо шаары [[Москва]]дагы [[Москва мамлекеттик университети]]нин философия факультетин аяктаган.

Кандидаттык диссертациясын айтылуу немис философиясы жаатында жактаган. Илимий иликтөө үчүн Чыгыш Германияда стажировкада да болгон.

1970-жылдары Кыргызстандын ордо шаары Бишкектеги (ал кездеги Фрунзе шаарындагы) Кыргыз мамлекеттик университетинде (азыркы Жусуп Баласагын атындагы [[Кыргыз Улуттук Университети|Кыргыз улуттук университетинде]]) философия илимдеринин тармактары боюнча дарстар окуду, бул окуу жайда доцент, кафедра башчы болуп иштеди.

Анын студенттеринин бир катары кийинчерээк философия, саясат таануу жана тарых жаатында илимпоз жана коомдук ишмер болуп чыгышты. Алардын арасында [[Дүйшеев, Шайлообек|Шайлообек Дүйшеев]], [[Акунов, Аалыбек|Аалыбек Акунов]], Нур Саралаев, Нарынбек Алымкулов, Жамбила Самиева, Тынчтыкбек Чоротегин ж.б. бар.

=== Пост-советтик кыргыз дипломаты ===

Советтер Биримдиги ([[СССР]]) ыдыраган соң, эгемен Кыргызстандын ар кыл мамлекеттик кызматтарында иштеди.

[[1992]]-жыл — Кыргызстандын вице-премьери, тышкы иштер министри.

1992 — [[1994]]-жылдар — эгемен Кыргызстандын АКШдагы жана Канададагы туңгуч элчиси.

1994 — [[1997]] — Кыргызстандын тышкы иштер министри.

1997-жыл – Роза Отунбаева өкмөттөн өз ыктыяры менен кеткен.

Ал кездеги президент [[Аскар Акаев]] аны [[Кыргызстан]]дын Улуу Британия жана Ирландиядагы элчиси кызматына кетүүгө көндүргөн.

[[Лондон]]до жүрүп жазуучу [[Чыңгыз Айтматов]]дун мааракесине арналган илимиŭ жыйынды Кэмбриж шаарындагы Кэмбриж университетинде эл аралык деңгээлде уюштурууга салым кошкон.

2002-жылдын май айынан [[Бириккен Улуттар Уюму]]нун Башкы катчысынын [[Грузия]]дагы атайын өкүлүнүн орун басары. Мында ал грузин-абхаз жаңжалын жөндөө боюнча БУУнун аймактагы өкүлчүлүгүнүн ишмердүүлүгүнө жетекчилик кылган.

== Кыргыз ыңкылабынын ирегесинде ==

2004-жылдын этегинде болсо [[Кыргызстан|Кыргызстандагы]] оппозициячыл иш-аракеттерге кошулат.

Ошол жылы 13-декабрда оппозициячыл «Ата журт» кыймылын кинорежиссер жана депутат [[Садырбаев, Дооронбек|Дооронбек Садырбаев]] менен биргеликте уюштурат.

2005-жылы 6-январда Кыргызстандын [[Борбордук шайлоо комиссиясы]]нын Бишкектеги №1 Университет аймактык шайлоо комиссиясы Роза Отунбаеваны алдыдагы парламенттик шайлоодо депутаттык орун үчүн ат салышууга уруксат кылган беш саат мурдагы чечимин кайра жокко чыгарды, ага Роза айымдын чет өлкөдө узак жылдар дипломаттык иште жүргөнүн негиз кылды.

2005-жылы 12-январда [[Бишкек шаары]]нын Ленин райондук соту оппозициячыл лидер, мурдагы тышкы иштер министри жана мурдагы элчи Роза Отунбаеванын арызын карап, аны канааттандырган эмес.

Бул чечимди сот Канатбек Турганбеков мындайча негиздеген:

- ''Конституцияда “Кыргыз республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына акыркы беш жылда өлкөдө туруктуу жашаган атуул шайлана алат” деген конституциялык талап жазылган. Бул - конституциялык норма. Өлкөнүн “Шайлоо кодексинде” да ушундай эле талап жазылган. Ал эми Роза Отунбаеванын акыркы жылдары чет өлкөлөрдө иштеп келгени маалым''.

Иш жүзүндө дал ушул шайлоо чөлкөмүнөн депутаттыкка талапкер болуп чыгып жаткан ошол кездеги президенттин кызы Бермет Акаевага жол ачуу үчүн таасирдүү талапкерди «оюндан чыгаруу» керек болгондугу айтылат.

== Ыңкылаптагы ролу ==

Роза Отунбаева 2005-жылдын 24-мартындагы [[Жоогазын ыңкылабы]]на жигердүү катышып, анын негизги лидерлеринен болду.

Бул ыңкылапты ал [[«Азаттык» үналгысы|"Азаттык" үналгысы]] үчүн курган маегинде «Боз үй ыңкылабы» деп атап, карапайым элеттиктердин ага кошкон салымын жогору баалаган.

Отунбаева Кыргызстандын ар кыл аймактарын (анын ичинде Жалал-Абат жана Ош облустарын) ырааттуу кыдырып, авторитардык бийликти түптөгөн президент [[Акаев, Аскар|Аскар Акаевдин]] режимине каршы күрөшкө элди үндөдү.

== 2005-жылкы ыңкылаптан кийин ==

Роза Отунбаева жаңы өкмөттө [[Кыргызстан]]дын тышкы иштер министри кызматын убактылуу аткарып турду, бирок 2005-жылдын 10-июлундагы президенттик шайлоодон кийин Кыргызстандын Жогорку Кеңеши анын талапкердигин тышкы иштер министри кызматына бекитпей койду.

Айрым маалыматтарга караганда, бул кадам Бишкектеги Ак Үй менен тыгыз кызматташтыкта жасалган. Бирок Кыргыз президенти Курманбек Бакиевдин өкүлү мындай жоромолду четке каккан.

Роза Отунбаева ыңкылаптан кийинки жаңы өлкө жетекчилиги авторитардык саясатка ооп жатат деп эсептеп, Бакиевдин режимине каршы оппозициялык кыймылга жигердүү катышты.

2007-жылдын соңунда ал Кыргызстан [[Жогорку Кеңеш]]инин шайлоосуна оппозициядагы Кыргызстан Социал-демократиялык партиясынын тизмесинде катышты.

Тизмеде турган саясатчы [[Эдил Байсалов]] чет өлкөгө бозгунга кетүүгө аргасыз болду, дагы бир талапкер өз ордун Роза Отунбаевага бошотуп берди. Ошентип, ал [[Жогорку Кеңеш]]тин депутаты болуп калды.

Ал эми 2009-жылдын августунда Социал-демократиялык партиянын парламенттеги тобунун (фракциясынын) башчысы, депутат [[Бакыт Бешимов]] [[АКШ]]га саясий бозгун болуп кеткен соң, ошол жылдын октябр айынан тартып Роза Отунбаева КСДПнын парламенттик тобунун жетекчиси болуп калды.

2009-жылдан баштап Бириккен элдик кыймылынын (БЭК) Бюросунун мүчөсү болду.

== Элдик лидер жана Президент ==

2010-жылы 17-мартта Кыргызстан Элдик курултайы тарабынан Элдик курултайдын Борбордук аткаруу комитетинин төрайымы болуп шайланган.
2010-жылдын 7-апрелинен тартып Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүн башкарган.

2010-жылдын июлунан 2011 жылдын декабрына чейин – Кыргыз Республикасынын Президенти.

==Учурдагы ишмердиги ==

Роза Отунбаева КР Президенти кызматын өзүнөн кийин шайланган Президент [[Атамбаев Алмазбек Шаршенович|А.Ш.Атамбаевге]] тынч, мыйзамдуу жол менен өткөргөн соң, коомдук ишмердигин улантып келет.

Ал "Роза Отунбаеванын демилгеси" коомдук корунун төрайымы.

[[Кыргызстан|Кыргызстандын]] коомчулугунун бейрасмий өкүлү катары өз өлкөсүнүн эл аралык карым-катнашын чыңдоого, көп тараптуу маданий алакаларды тереңдетүүгө салым кошуп келет.

==Дипломатиялык даражасы ==

Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси жана СССРдин Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси деген дипломатиялык рангы бар. Көп сандаган эл аралык кадыр-барктуу комиссияларга жана редакциялык кеңештерге мүчө.

==Үй-бүлөсү==

Карачач аттуу кызы жана Атай аттуу уулу бар.

Кыргыз, орус, англис жана немис тилдерин билет.

==Эмгектери==

* Критика фальсификации марксистско-ленинской диалектики философами франкфуртской школы.

==Ал тууралуу эмгектер жана чыгармалар==

* Бектурганова Кульбюбю Арыковна. Дочери земли кыргызской. – Б.: «Бийиктик», 2007. — 336 с. + 16 с. - ISBN 978-9967-13-319-8.

== Интернеттеги шилтемелер ==
* http://www.azattyk.org/content/Kyrgyzstan__Roza_Otunbaeva_the_deputy_of_parliament_/1870778.html
* http://www.azattyk.kg/content/article/1233343.html
* http://www.azattyk.kg/content/article/1233641.html
* http://www.azattyk.kg/content/article/1233600.html
* http://www.akipress.org/people/news:351/

* http://www.analitika.org/article.php?story=20060605022756756&mode=print
* http://www.presskg.com/rukh/09/0626_3.htm
* http://www.presskg.com/ali/09/0320_10.htm
* http://www.rferl.org/content/article/1072592.html
* http://www.centrasia.ru/person2.php?st=1017130807

* [http://www.vednag.kg/MVD_Kaaramdik.htm Кыргыз Республикасынын сыйлыктары]

[[Категория:Саясат]]
[[Категория:Кыргыз дипломатиясы]]
[[Категория:Кыргыз тарыхы]]
[[Категория:Укук коргоо]]
[[Категория:Кыргызстан аялдары]]
[[Категория:Кыргыз аялдары]]
[[Категория:Кыргыз саясатчылар]]
[[Категория:1950-жыл]]
[[Категория:2005-жыл]]
[[Категория:2010-жыл]]
[[Категория:Кыргызстан]]
[[Категория:Кыргызстандын саясаты]]
[[Категория:Кыргызстандын президенттери]]
[[Категория:Президент аялдар]]
[[Категория:СССР]]
[[Категория:БУУ]]
[[Категория:ЮНЕСКО]]
[[Категория:Инсандар]]
[[Категория:20-кылым]]
[[Категория:21-кылым]]
[[Категория:Евразия]]
[[Категория:Борбордук Азия]]