Башкыртстан: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун

No edit summary
1-сап:
{{Мамлекет
#REDIRECT [[Башкуртстан]]
|Негизделген= [[15-ноябрь]] [[1917|1917-жыл]]<ref>[http://www.gsrb.ru/ru/about_parliament/parliamentary_museum/third_kurultai_8_20_december_1917/resolution_third_kurultai/ Постановление Учредительного Курултая Башкурдистана]</ref><ref>''[[Ҡасимов Салауат Фиҙрәт улы|Касимов С. Ф.]]'' [http://web.archive.org/web/20070316100228/http://turkolog.narod.ru/info/I14.htm Ахметзаки Валидов и образование автономии башкирского народа]</ref>
[[20-март]] [[1919|1919-жыл]]<ref>{{начало цитаты}}Переговоры Башкирского правительства с представителями Советской республики завершились подписанием 20 марта 1919 года [[Соглашение центральной Советской власти с Башкирским Правительством о Советской Автономной Башкирии|Соглашения Российского рабоче-крестьянского правительства с Башкирским правительством о советской автономии Башкирии]]. В результате республика Башкурдистан была преобразована в Советскую Автономную Социалистическую Республику — [[Башҡорт Автономиялы Совет Социалистик Республикаһы|Башкирскую АССР]]{{конец цитаты|источник={{книга|автор=[[Йәнекәев Зөфәр Ирғәли улы|Еникеев З. И.]], Еникеев А. З.|заглавие=История государства и права Башкортостана|место=Уфа|издательство=Китап|год=2007|страниц=432|страницы =417|isbn=978-5-295-04258-4|ref=}}}}</ref><ref>В период с 3 (4) февраля 1918 года по 3 (4) апреля 1918 года члены [[Башҡорт Хөкүмәте|Башкирского Правительства]] находились под арестом в Оренбурге.</ref>
[[11-октябрь]] [[1990|1990-жыл]]<ref>[http://versia.bashinform.ru/show.php?i=116 ПЯТЬ АРГУМЕНТОВ В ПОЛЬЗУ СУВЕРЕНИТЕТА]</ref><ref>[http://vatan.yeshlek.ru/nardata.php Декларация о государственном суверенитете]</ref>
|Кыргызча аталышы=Башкыртстан, Башкырт Республикасы
|Расмий аталышы =Башҡортостан Республикаhы
|Кыскача аталышы =
|Мамлекеттик дини = [[Динден тышкары мамлекет|Динден тышкары]]
|Герб=Coat of Arms of Bashkortostan.svg
|Желек=Flag of Bashkortostan.svg
|Гимндин аталышы=
|Аудио=Anthem of Bashkortostan.ogg
|Башкаруу формасы =Президенттик
республика
|Карта=Map of Russia - Bashkortostan.svg
|lat_dir = N|lat_deg = 54|lat_min = 28|lat_sec = 0
|lon_dir = E|lon_deg = 56|lon_min = 16|lon_sec = 0
|region = RU-BA
|CoordScale =
|Тили=[[Башкырт тили|башкыртча]],
[[Орус тили|орусча]]
|Эгемендүүлүк күнү=
|Эгемендүүлүгүн алды=
|Борбор шаары= [[File:Flag of Ufa (Bashkortostan).png|{{{1|20px}}}|]] [[Уфа]]
|Ири шаарлар =Уфа, [[Стерлитамак]]
|Башчыларынын милдеттери= [[Президент]]
[[Премьер-министр]]
[[Жогорку Кеңештин спикери]]
|Башчылары= [[Хамитов Рустэм Закиевич|Рустэм Хамитов]]<ref name=autogenerated1>[http://npa.bashkortostan.ru/?show=2&seed=1257/ Распоряжение Президента Республики Башкортостан от 4 августа 2012 года №РП-188 "О внесении изменений в распоряжение Президента Республики Башкортостан от 18 июня 2011 года № РП-157]</ref>
[[Марданов Рустэм Хабибович|Рустэм Марданов]]<ref>[http://www.npa.bashkortostan.ru/?show=1&seed=12159/ Указ Главы Республики Башкортостан от 26 ноября 2015 года №УГ-309 "О Премьер-министре Правительства Республики Башкортостан"]</ref>
[[Толкачёв Константин Борисович|Константин Толкачёв]]
|Аянты боюнча орду=
|Аянты=142 947
|Суу пайызы =
|Калкы боюнча орду =
|Калкы={{өсүү}}4 071 064
|Калкты каттоо жылы = 2016
|Калктын жыштыгы=
|ИДП (САМ)=
|ИДП (САМ) эсептөө жылы=
|ИДП (САМ) боюнча орду=
|ИДП (САМ) ар бир жанга =
|ИДП (номинал)=
|ИДП (номинал) эсептөө жылы =
|ИДП (номинал) боюнча орду =
|ИДП (номинал) ар бир жанга =
|Акча бирдиги=[[Орусиялык рубль]]
|АДӨИ=
|АДӨИ эсептөө жылы =
|АДӨИ боюнча орду =
|АДӨИ деңгээли =
|МОК =
|Этнохороним = башкыртстандык,
башкыртстандыктар
|Домени =
|Телефон коду = 7
|Убакыт аралыгы = +5
|Штрих коду =

'''Башкыртстан''', Башкырт Республикасы — [[Россия Федерациясы|Россия Федерациясындагы]] субъект. Волга бою Федерация округунун курамында. Аянты 143,6 миң км2. Калкы 4,1 млн (2005); негизинен [[Башкырлар|башкырттар]], [[орус]], [[татар]] ж.б. улут өкүлдөрү жашайт.

Администрациялык-аймак жактан 54 районго, 21 шаарга, 40 шаарчага бөлүнөт. Борбору [[Уфа]] шаары. Шаар калкы 64,8%. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы Мамлекеттик чогулуш (Өкүлдөр жана Мыйзам чыгаруу палаталарынан турат).

Республиканын мамлекет башчысы президент. Аткаруу бийлигин премьер-министр жетектеген Өкмөт (Министрлер Совети) ишке ашырат. Чыгыш Европа түздүгүнүн четки чыгыш бөлүгүндө, Урал өндүрүндө жана Түштүк Уралдын капталында (бийиктиги 1640 м ге чейин; Жаман-Тоо чокусу) жайгашкан. Чыгышында Уралдын түштүк кыркатоолору (бийиктиги 1000-1500 м), түн.чыгышында Уфа бөксөтоосу (бийиктиги 500 м), түштүк-батышында Бугульма-Белебей дөңсөөсү (бийиктиги 450 м), түштүгүндө Жалпы Сырт тармактары жатат. Жаратылыш газы, көмүр, туз, чыгышында темир кени, жез, цинк, алтын казылып алынат. Климаты континенттик. Январдын орточо температурасы -14-17°С ге чейин, июлдуку 16-20°С, жылдык жаан-чачыны 300-600 мм.

Ири дарыялары: Акидил, Уфа. Чымдак-күл жана боз токой топурактуу. Аймагынын 40%ин токой ээлейт. Түндүгүнө аралаш, ийне жалбырактуу тоо токой, токойлуу талаа мүнөздүү, талаа зонасынын көп бөлүгү айдалган. Башкырт коругу уюшулган. Башкыртстандын аймагында байыркы адамдар палеолитте эле отурукташкан. Б. з. 4-кылымынан Батыш Башкыртстанга түштүк талаалуу аймактардан көчмөн уруулар келе баштаган. 9-10-кылымдагы араб жазма булактарында башкырттар «башгирд» («башгурт) деген ат менен аталган. 9-10-кылымда башкырттар Урал тоосунун этектерин, Волга жана Яик дарыясынын өрөөндөрүн мекендешкен. 10-13-кылымда Башкыртстан Волга-Камалык Болгария мамлекетине баш ийген. Башкырттар алгач бутпарастар болсо, 10-кылымдан тартып Волга-Камалык Болгариядан Батыш Башкыртстанга [[Ислам|ислам дини]] таркай баштайт.

1229-ж. Башкыртстанга [[моңголдор]] басып кирип, 1236-ж. толук каратылган. Башкыртстан Батыйдын агасы Шейбанинин улусуна кирген. 15-кылымдын 2-жарымында Алтын Ордо мамлекети бир нече хандыктарга бөлүнүп кеткен соң, түштүк жана түштүк-чыгыш Башкыртстан Ногой Ордосунун курамына, батышы Казан, түндүк-чыгышы Сибирь хандыктарынын курамына кирген. Орус аскерлери Казанды ээлеп, Казан хандыгы жоюлгандан (1552) кийин, падыша Иван IV Грозный хандыктын карамагындагы элдерди орус букаралыгына өтүүгө жана Орус мамлекетине салык төлөөгө чакырган.

1557-ж. Башкыртстандын көпчүлүк бөлүгү Россиянын курамына кирип, калгандары 16кылымдын аягы 17-кылымдын башында кошулушкан. 16-кылымда башкырт элинин калыптануусу аяктаган. 17-кылымдын 2-жарымы 18-кылымдын ортосундагы башкырттардын бир нече жолку (1662-64, 1681-83, 1704-11, 1735-40, 1755 ж. б.) көтөрүлүштөрү падышалык өкмөт тарабынан аёосуз басылган. Бул окуялар тарыхка 17-18-кылымдагы башкырт көтөрүлүштөрү деген ат менен кирген.

1744-жылдан Башкыртстан [[Оренбург]] губерниясынын (Уфа жана Исет провинциялары) карамагына кирген. 1865-ж. өз алдынча Уфа губерниясы түзүлгөн. Россия империясы тарабынан жүргүзүлгөн орусташтыруу саясаты 19-кылымдын башталышында кайрадан элдик толкундоолорго алып келген.

1917-ж. 26-октябрда (8-ноябрь) Уфада Совет бийлиги орнотулган.

1919-ж. 20-мартта борбору Стерлитамак шаары болгон РСФСРдин курамындагы алгачкы автономиялуу республика болуп, 1922-ж. 14-июнда борбору Уфа шаары болгон Чоң Башкыртстан Республикасы түзүлгөн.

1925-ж. Башкыр АССРинин алгачкы Конституциясы, 1937-ж. жаңы Конституциясы кабыл алынган.

1937-90-ж. аралыгында Башкыртстандын социалдык-экономикалык, саясий өнүгүүсүндө бир топ өзгөрүүлөр болгон. Завод-фабрикалардын саны өсүп, республика өнүгүүнүн жаңы деңгээлине көтөрүлдү.

1990-ж. Башкириянын статусун союздук республикаларга теңөө үчүн күрөш башталып, Башкирия АССРи Башкыртстан болуп кайра түзүлдү. 1990-ж. октябрда Башкырт ССРинин мамлекеттик суверенитети тууралуу Декларациясы кабыл алынды. 1992-жылдын февралынан Башкырт Республикасы деп аталууда. Өнөр жайынын негизги тармагы: нефть казып алуу, нефть ажыратуу, нефть-химия. Ошондой эле машина куруу (нефть өнөр жайы үчүн аппаратура, химиялык өнөр жайы үчүн жабдуу, станок, мотор, электр-техника), металл иштетүү, кара металлургия, курулуш материалдар өндүрүшү, жыгаччылык, жеңил, тамак-аш өнөр жайлары иштейт. Негизги өнөр жай борборлору: Уфа, Стерлитамак, Салават, Ишимбай. Айыл чарбасы дан эгин жана мал чарба продуктуларын чыгарууга адистешкен. Дан эгиндери (буудай, карабуудай, сулу, арпа), техникалык өсүмдүктөр (канткызылча, күнкарама), картошка жана жашылча айдалат. Багбанчылык өнүккөн. Мал чарбасы сүт-эт (уй, чочко), эт-жүн (кой) багытында. Үй куштары багылат. Аары чарбасы бар. Туймазы Уфа, Ишимбай Уфа, Ишимбай Орск ж. б. нефть жана газ куурлары курулган. Акидил жана Уфа дарыясында кеме жүрөт. Курорттору: Аксаково, Жангантоо, Алкино, Шафранов, Юматов, Яктыкөл ж. б. Илимий изилдөө институттары, университет ж. б. окуу жайлары бар. Опера жана балет (1938), драма театрлары, музыкалык окуу жайлары, филармония, консерватория, музей иштейт.

==Колдонулган адабияттар==
* «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4
[[Категория:География]]
[[Категория:Орусия]]