Жантай Баатыр: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
added his story
Белгилер: мобилдик түзмөктөн түзөтүү мобилдик көрүнүш режиминде түзөтүү
Более точнее
Белгилер: Көрсөтмөлүү оңдоо мобилдик түзмөктөн түзөтүү мобилдик көрүнүш режиминде түзөтүү
2-сап:
 
[[Сарыбагыш]] уруусунун манабы Жантай Карабек уулунун дайыны биринчи жолу 1842-жылы [[Ормон хан | Ормонду]] Буткул кыргыздардын ханы кылып жарыялаганда катуу чыккан. Жантай Ала-Тоодогу кыргыз урууларынын эң көрүнүктүү жетекчилеринен болгон. Ошол учурда анын Кыргыз мамлекетин түзүүдөгү ээлеген орду жогору болгон. Уруулардын ортосундагы бөлүнүп-жарылуулар жана тышкы себептер чыр-чатактарды ырбатып, ошол мезгилде кыргыздардын бир мамлекетке биригүү оюн үзгүлтүккө учураткан. <br>
1854-жылы [[Ормон хан]]дын өлүмү, замандаштарынын айтуусу боюнча, уруулардын ортосундагы чырчатакты ырбаткан. Түндүк Кыргызстандын элин көпкө дейре дүрбөлөңгө салган. Андай жаңы шартта Жантайдын жана анын он колу Жамансарынын(Кенже) таасири жогорулаган. Буга мисалы, 1855-жылы 13-сентябрда падышалык кызматчылардын биринин Жантайга жазган каты күбө: "Ак ниет акылман, досторунун коргоочусу, душмандан тайманбас, арстандын колу, жолборстун жүрөгү бар, урматтуу манап Жантай Баатыр Карабековго көптөн-көп таазимимди жөнөтөм, чың ден соолук, бакыт жана жыргалчылык каалайм". Каттын кайырмасы ушундай болгон. Кыязы, падышалык кызматчыллар да тегин кишилерден болбосо керек. Алар жергиликтүү башкаруучуларга көңүл жибиткен сый-урмат көрсөтө билишкен.
Андан ары минтип жазат: "Мага Урмандын (Ормондун) бугу уруусу менен согушу жөнүндө кабар келип жетүүдө. Урман өлгөндөн кийин (ага эми Кудай өзү калыс болот), мен ойлойм, сарыбагыш уруусунун башчысы сен болуп калдың, ошондуктан сага жакшы сөздөрүм менен кайрылып жатам. Богудан (бугудан) көп кан төгүлдү, алар көп жабыр тартышты. Эл алдындагы өзүңдүн бийлигиңдин күчү жана кадыр-баркың менен бөөдө кан төгүүнү токтоткула... Чынчылдыгы жана жүрөгүнүн актыгы менен менин урматтоомо татыган адам катары мен сага жакшы кеңеш менен кайрылам". <br>