Ока: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
оформление
25-сап:
}}
'''Ока''' – Волганын оң куймасы. Россиянын европалык бөлүгүндө. Узундугу 1500 км, алабынын аянты 2500 миң км2. Орто Орус дөңсөөсүнүн борбордук бөлүгүнөн башталат. Ири куймалары: Жиздра, Угра, Протва, Нара, Москва, Пра, Гусь, Клязьма (сол), Упа, Осётр, Проня, Пара, Мокша, Теша (оң). Бардык бөлүгүндө сайроондор кездешет. Негизинен кар (59%и), ошондой эле жамгыр сууларынан (20%тен ашыгыраак) жана жер астындагы суулардан (20%ке чейин) куралат. Орточо чыгымы чатында 1300 м3/сек, эң көп чыгымы чатына жакын 20 000 м3/сек. Апрелден июнга чейин суусу кирип, жайында жана кышында тартылат; күзүндө жамгырдан ташкындайт. Жогорку агымында ноябрь – январдын башталышында, төмөнкү агымында октябрь – декабрда тоңуп, март – май айларында муздан арылат. Серпухов шаарынан баштап туруктуу кеме каттайт. Нугу шлюздаланган. Балык кармалат. Жээгиндеги башкы шаарлары: Орёл, Калуга, Серпухов, Коломна, Рязань, Муром, Нижний Новгород (чатында). Ока бою – Тектирлүү коругу уюшулган.
[[Категория:География]]
[[Категория:Суулар]]
==Колдонулган адабияттар==
* [[“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы]]: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111 -7
 
[[Категория:ГеографияРФ дарыялары]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Ока" булагынан алынды