Ак кеме (тасма): нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
Белги: 2017 source edit
No edit summary
Белги: 2017 source edit
38-сап:
 
== Кызыктуу маалыматтар ==
[[Файл:AkKemeCapture.jpg|thumb|right|Ак-Кеме кинотасмасынан кадр. Момун жана Нургазы.]]
 
Эл баатыры [[Күмүшалиева, Сабира|Сабира Күмүшалиева]] Карыз кемпирдин образына дароо бекилген. Чукчуңдаган, куучуңдаган кемпир өмүрүндө бир жакшылык көрбөгөн, бир тыйындын кадыр-баркын түшүнгөн образ. Чыгармада анчалык орду болбосо да, сценарийге образын жана биографиясын берип, өзүнчө чоң роль болуп калган. Орозкулду - Орозбек Кутманалиев ойнору эбак эле чечилип, режиссер Болот Шамшиев менен экинчи режиссер Темир Дүйшекеев Орозбек агага "Орозкул үчүн кичине арыгыраак болуп атасың, дагы семиргиниң" деп тапшырма беришкен. Ал эми Момун чалдын образына көптөгөн артисттер пробага келишип, эч кимиси режиссердун көңүлүнө жакпай коет. Акыры Болот Шамшиев театрда жалаң [[Комик|комикалык ролдордо]] ойногон [[Куттубаев, Асанкул|Асанкул Куттубаевди]] ылайык көрсө, көркөм кеңеш каршы чыгат. "Өзү комик болсо, Момунду кантип ойнойт?" дешип, бирок режиссер беттегенин бербегенде, акыры көнүшөт. Себеби "Караш-караш окуясында" [[Сүймөнкул Чокморов|Сүймөнкулду]] алып келгенде ошол эле көркөм кеңеш чалкасынан кеткен. Кийин кино ийгиликтүү чыкканда режиссердун көрөгөчтүгүнө баа беришкен. Момун чалга келгенде да режиссерду жайына коюшту.
 
48-сап:
 
Эң кызыгы, кино тартылып монтаждалып бүткөндө, Москвадан "Совет бийлиги чагылдырылган эмес. Кайра тарткыла" деп кабыл албай коюшат. Биздикилер "андай болсо акча бергиле" дейт да, 50 миң рубль бөлдүрүп алышат. Москвадан келишсе, пионерлер чогулуп пионер лагерлерине кетип атыптыр, аларды, анан театрдын алдында турган эки милийсаны тартышып, кайра Москвага жөнөтүшөт. Баягы эле кинону баштан аяк көргөндөр "кана совет бийлиги?" деп суроо узатса, "эмне, пионерлер, милициялар силерге совет бийлиги эмеспи" деп көшөрүп атып өткөрүп келишкен.
 
[[Файл:Stamps of Kyrgyzstan, 2009-582.jpg|thumb|right|2009 - жылы чыккан маркада.]]
* Зөөкүр Орозкул - Орозбек Кутманалиев кинонун кызыгына батып кетип Момун чал - Асанкул Куттубаевди катуу сабап салган экен. Съемкадан кийин Асанкул аксакал Орозбекке таарынып такыр сүйлөбөй койгондо, ортомчуларды ортого салып, алдына түшүп атып, араң кечирим сураган.
* "Ак кеме" алты ай ичинде тартылып бүтүп, [[1975|1975-жылы]] ноябрь айында [[Кожомкул атындагы спорт сарайы|Бишкектеги спорт сарайында]] премьерасы өткөн.
56-сап:
* Баланын ролу [[Сыдыгалиев Нургазы|Нургазы Сыдыгалиев]] үчүн дебюттук роль эле, бир жылдан кийин ал "Птицы наших надежд" тасмасында Тимурдун ролун ойнойт.
[[Файл:AkKemeSabiraKumushalieva.jpg|thumb|right|476x476px|СССРдин эл артисти Сабира Күмүшалиева, Карыз таененин образында.]]
[[Файл:Stamps of Kyrgyzstan, 2009-582.jpg|thumb|right|2009 - жылы чыккан маркада.]]
== Ролдордо ==
* [[Сыдыгалиев Нургазы]] — ''Нургазы''