Жалал-Абад облусу: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
Белгилер: мобилдик түзмөктөн түзөтүү мобилдик колдонмодон түзөтүү
No edit summary
89-сап:
Облустун жалпы калкынын жаш курактары боюнча бөлүнүшү: 16 жашка чейинки жаштардын саны 2006-жылы 388,1 миң адам (жалпы калктын 40,1%), эмгекке жарактуулары 510,4 миң
(53,1%), эмгек жашынан өткөндөр 62,3 миң (6,5%).
 
 
== Улуттук курамы ==
*[[Кыргыздар]] – 824 977 (71.9 %) (2016)
*[[Өзбектер]] – 289 587 (25.2 %)
*[[Орустар]] – 6 903 (0.6 %)
*[[Түрктөр]] – 6 569 (0.5 %)
*[[Тажиктер]] - 6 308 (0.5 %)
*[[Уйгурлар]] – 3 718 (0.3 %)
*[[Татарлар]] – 2 852 (0.2 %)
*[[Азербайжандар]] – 1 029 (0.08 %)
*Башка улуттар - 4 577 (0.3 %)
 
==Экономикасы==
Жалал-Абад облусу экономикалык жактан өнүгүү деңгээли боюнча республикада Чүй облусунан кийинки 2-регион. Анын өнүгүшүн өнөр жай, айыл чарба, курулуш, транспорт жана байланыш, соода жана коомдук тамактануу тармактары, ал эми социалдык өсүшүн тейлөө кызмат, билим жана илим, саламаттык сактоо, маданият жана башка тармактарынын деңгээли аныктайт. Бул тармактар базар экономикасынын шартына ылайык ар түрлүү менчикке тиешелүү өндүрүштүк же тейлөөчү ишкана жана мекемелерден (өнөр жайчакан жана өнөктөш ишканалар, кооперациялар, акционердик коомдор, биржа жана фирмалар, дыйкан жана фермер чарбалары, ошондой эле жеке дыйкан чарбалары) жана башка өзүнчө ээлик кылуучу субъектилерден турат. Облуста 2009-жылдын башында чарба жүргүзүүчү субъектилердин саны 110202 болгон. Алардын 2,2%и мамлекеттик менчиктеги, 2,1%и коммуналык жана 95,7%и жеке менчиктеги ишканалар. Ишканалар түрлөрү боюнча ири (0,3%), орто (0,5%) жана чакан (1,8%), дыйкан (фермер) чарбалары (78,7%), жеке ишкерлер (18,1%) жана башка обочолонгон бөлүмчөлөр (0,6%) болуп бөлүнөт.