Алга, Кыргызстан!: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
 
1-сап:
{{Orphan|date=Октябрь (Тогуздун айы) 2012}}
«Алга, кыргызстан!» биримдик жана өнүгүү партиясы 2003-ж. 7-сентябрда «Жаңы-Заман» биримдик жана өнүгүү партиясы, «Манас-Эл» [[рух]]аний кайра жаралуу партиясы, Кыргызстан [[кооператор]]лор партиясы жана «Жаңы Кыймыл» партиясынын биригүүлөрүнүн натыйжасында түзүлгөн. «Алга, Кыргызстан» партиясына 2003-ж. «Кыргызстан Биримдик партиясы» кошулган. Саясий Кеңештин төрагасы, партиянын [[Устав]]ына ылайык, алты айда бирден алмашып турат. 1-төрагасы – [[Б. Бегалиев]], азыркысы- Т. М. Макарова. Партиянын 56 райондук жана шаардык бөлүмдөрү, 688 баштапкы уюму жана 6523 мүчөсү бар. Негизги максаты – жаңы кубаттуу [[экономика]]лык жана социалдык секирик жасоо. «Жетиген»- Кыргызстандын жети күчү - [[программа]]сы иштелип чыккан: Биримдиктин күчү, Муундардын күчү, Суунун күчү, Жерлердин күчү, Жолдордун күчү, Тарыхтын күчү, Эркиндиктин күчү. 2003-ж. 12-декабрдан жума сайын чыгуучу «Алга, Кыргызстан!» газетасы бар. Саясий багыты боюнча оңчул [[центристтик]] партия. [[Эмблема]]сы менен туусу бар. Урааны: «Күчтүү Кыргызстан үчүн!».
 
{{no iwiki}}
Китептин маалыматтары:
Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Саясат таануу. Энциклопедиялык окуу куралы. – Б.: 2004, ISBN 9967-14-011-9