Difference between revisions of "Муса Баетов"

no edit summary
(Бот: автоматизированный импорт статей)
 
{{mergeto|Баетов, Муса}}
'''Муса Баетов''' (1902, азыркы Нарын облусу, Ак-Талаа району, Байгөнчөк кыштагы – 9. 5. 1949, Фрунзе) – ырчы, обончу, Кыргыз ССР эл артисти (1939). Нарын шаардык радиосунда (1931– 34), Кыргыз мамлекеттик филармониясында (1936–49) солист болуп иштеген. Тубаса мукам үнү менен жаштайынан элдик ырларды («Сары-Ой», «Жароокер», «Арпанын Ала-Тоосунан», «Ак Зыйнат») чебер аткарган. Муса Баетов жөнөкөй аткаруучудан профессионал опералык ырчыга чейин өсүп, «Манас» операсында Алмамбет менен Сыргактын, «Айчүрөктө» Күлчоронун партияларын ырдаган. Ал таланттуу обончу да болгон. Алгачкы обондору («Даанышман», «Ойгоном») элдик ырлардын духунда жаралса, кийинки чыгарган обондорунан («Эр Панфилов», «Майданга чыкты маршалдар», «Бакыт», «Туткун ыры» жана башкалар) анын чыгармачылыгына профессионал музыканын таасири тийгени байкалат. «Окудум борбор шаарынан», «Сагынам», «Кыздар ай», «Алма алам» деген ырлары өзгөчө көркөмдүк сапатка ээ. Баетов комузда, домбрада, гармондо эркин ойной билген, ырларын ошол аспаптардын коштоосу менен аткарган. Баетов «Сарт калмак», «Кургур ай», «Ох-хой», «Ак-Сайдын күйгөнү», Боогачынын «Үкөй», Эсенаалынын «Ой тобо», Токтогулдун «Кербезим», «Келгендеги кербезим», Атайдын «Ой булбул» жана башкалар. элдик жана автордук ырларды зор чеберчиликте аткарган. мененын аткаруусундагы элдик жана залкар обончулардын ырларын музыка изилдөөчүлөр А. Затаевич, В. Виноградов нотага түшүргөн. Музыка изилдөөчү Б. Алагушов мененын «Арпанын Ала-Тоосунан» (2002) аттуу обондуу ырларынын жыйнагын түзүп, жарыкка чыгарган. О. Азия жана Казакстан ырчыларынын конкурсунда Баетов биринчи байгени алган (1944). Муса Баетовдун ысмы Нарындагы маданият үйүнө, Бишкек шаарындагы көчөгө, Ак-Талаа районунун борборуна, туулган жериндеги мектепке берилген. Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери жана медалдар менен сыйланган.
[[Категория:Инсандар]]
409

edits