Эне-Сай кыргыз кагандыгы: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
8-сап:
Түрк мамлекети тыйылбаган ички ыйкы-тыйкылардын айынан биримдигинен кете баштайт, акыры 581-ж. биринчи Түрк кагандыгы экиге бөлүнөт (Чыгыш Түрк кагандыгы жана Батыш Түрк кагандыгы). 630-ж. Чыгыш Түрк кагандыгы кулагандан кийин аз убакытка болсо да Эне-Сай Кыргыз кагандыгы эркиндикке ээ болгон. Бул мезгилде кыпчактардын ата-бабалары болгон си (сеянто) уруулары күчөп, алардын каганы Йенчу Билге чыгыш түрктөрдүн жерлерин Алтай, Хинган, Гоби, Керулен жана Эне-Сайды дээрлик ээлеп алган. Көп узабай эле 646-ж. си (сеянто) уйгурлар тарабынан толук талкаланган. Кыргыздар кайрадан ирдене баштайт. Ушул учурдан пайдаланып кыргыздар Таң империясы менен түздөн-түз алака түзүүнү чечишет. 648-ж. күч-кубаты күчөп турган Кытайга биринчи элчиликти жиберишет. Элчиликтин башчысы болуп барган Шибоцуй Ачжанды император жылуу кабыл алып, арнап той өткөзүп ага жогорку аскер чинин ыйгарып, Мзян-кун аймагынын генерал-губернатору кылып жарыялайт.
Кыргыздар Кытайдын букаралыгына өткөнү менен иш жүзүндө Таң ордосу кыргыз өлкөсүндө реалдуу бийликке ээ болгон эмес. Кыргыздар андан кийинки жылдардын аралыгында Кытайга бир нече жолу элчилерин жиберип, жылкы айдап барып, аларды ар түрдүү товарларга, негизинен шайы, жибек кездемелерине айырбаштап кетип турушкан. Ошентип, кыргыз башкаруучулары империянын колдоосун көчмөндөрдун арасында өз абалдарын күчөтүү учүн пайдаланышкан. Ошол эле учурда аскер күчтөрүн түзүү башталат. Бардык аймак алты округга (бага) бөлүнүп, аларды башкаруу системасы жакшырып, мамлекет социалдык-экономикалык жактан акырындап күч ала баштаган.
 
Барсбек ажо.
 
Борбордук Азиядагы саясий жагдай кескин өзгөрүп турган кезде кыргыздарга Барсбек Ажо башчылык кылган. Ал эми Орхон түрктөрүн (Монголияда) Тан империясынын эзүүсүнө каршы көтөрүлүшкө баштап чыккан. Алар талаада кытай аскерлерин жана алардын союздаштарын бир нече жеңилүүлөргө учуратышкан. Эски Ашина династиясынын мүчөсү Кутлуг башчылык кылган түрктөр Экинчи Түрк кагандыгын түзүшөт. Кыргыздар, башка талаа элдери сыяктуу эле, үстүртөн болгон кытай бийлигинин ордуна аларга үстөмдүк кыла турган күчтүү мамлекеттин болушун каалашкан эмес. Алар Баз кагандын тогуз огуздары, курыкандар, кытайлар, татарлар менен биргелешип Тан империясынын союздаштары болуп чыгышкан. 688-ж. чыгыш түрктөр Баз кагандын коалициясын талкалашып, толук бойдон талаанын ээси болуп калышты. Кыргыздар бул салгылашууга катышкан эмес, ошондуктан өздөрүнүн аскерлерин сактап калышат. Барсбек ажо Түрк кагандыгынын түндүк чек араларындагы түрктөргө каршы күчтөргө башчылык кылып калды. 688-ж. кийин көп убакыт өтпөй Барсбек кыргыздардын күчүн баамдап, маанилуү саясий актыны жасады. Ал Ынанчу Алп Билге деген такты наамын кагандык титулу менен кошо кабыл алды. Мына ошентип, кыргыздардын каганы Борбордук Азияда үстөмдүк кылууга ачыктан-ачык доо коюп, Түрк кагандыгына чакырык таштаган болучу.