Сани Аль Мольк: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "=Сани Аль Мольк صنیع الملک= *Википедияда Абулхасан деген башка адамдар да бар *Өзүнүн чыныгы аты..."
(Айырма жок)

25 май 2018, саат 15:55 учурдагы нуска

Сани Аль Мольк صنیع الملک

  • Википедияда Абулхасан деген башка адамдар да бар
  • Өзүнүн чыныгы аты Мирза Абульхасан Гафари

Сани Аль Мольк аты менен белгилүү болгон Абулхасан Гаффари Кашани 1814-ж.Кашан шаарында жарык дүйнөгө келген жана 1866-ж. Тегеран жарык дүйнөдөн кайткан ирандык таланттуу сүрөтчү. Абулхасан Кашан аймагынын белгилүү жана беделдүү урууларынын бири Гаффари уруусунан чыккан. Бул уруудан көптөгөн саясатчылар, сүрөтчүлөр жана даанышмандар чыккан. Ал сүрөтчү Мирза Мухаммад Гафаринин тун уулу жана абдан белгилүү сүрөтчү Абулхасан Мостафинин небереси болгон. Сани Аль Мольк ирандагы эң алгачкы сүрөтчүлөр мектебинин түптөөчүсү болгон. Анын сүрөт тартууга болгон шыгын жана талантын байкаган ата-энеси аны 1829-жылы 15 жашында Фатх Али шахтын (1797-1834) хан сарайынын сүрөтчүсү Мехр Алиден сүрөтчүлүк билим алуу үчүн беришкен. Абулхасан сүрөтчүлүк өнөрүн абдан ылдам өздөштүрүп, 1842-жылы Мухаммад шахтын (1834-1848) портретин тарткан. Тарткан портрет шахка абдан жаккандыктан аны хан сарайдын сүрөтчүлөрүнүн катарына бат эле кошушкан. Абулхасан Гаффари Ирандан билим алган соң, 1846-жылы Мухаммад Шах Кажар башкарып турган заманда Хосейн Али Хандын жардамы жана колдоосу менен Италияга билим алуу максатында сапар тартып, бир нече жыл Флоренциянын музейлеринде сүрөтчү болуп иштеген. Ошентип окуусун буткон сүрөтчү 1850-жылы өз мекенине кайтып келген. Ал ошол эле жылы “Наккаш баши” (Шахтын хан сарайындагы сүрөтчүлөрдүн башкаруучусу) болуп шайланат да, Кажар доорундагы эң таасирдүү сүрөтчүлөрдүн бири урматына татыктуу болот. Аны Ирандын Рафели деп аташкан. Ал эми анын Рафаели тарткан эмгектеринин бири Мирза Али Аскар Хан Атабек Амин аль-Султанга таандык жана ал Парку галереясында көргөзмөда турат. Тилеке каршы, Саттар хан менен борбордук күчтөрдүн ортосундагы согушта ал сүрөткө ок тийип, ортосу тешилип калган; бирок ал сүрөт Мирза Али Акбар Кашани тарабынан калыбына келтирилип, бүгүнкү күнгө чейин Камаль оль Мольк мектебинде илинип турат. Ал эми бул сүрөттүн аты Рафаель. Абулхасан Надыр ад Дин (1848-1896) ачкан “Дар аль-Фонун” (Өнөрлөрдүн мекени) аттуу жогорку окуу жайда мугалим болуп эмгектенип, студенттерге заманбап европа илими менен өнөрү жана сүрөт тартуу чеберчиликтин жетишкендиктерин окуткан.

Сани аль Мольктун ишмердүүлүгү жана эмгектери

Сани аль Мольк 1853-жылы “Миң бир түн” чыгармасынын сүрөттөрун иллюстрациялоо боюнча ири долбоорду жетектеген. Ал көбүнчө сүрөттөрдү жеке өзү тарткан жана ага долбоордогу 42 сүрөтчүнү көзөмөлгө алуу милдети тапшырылган. Аталган долбоордо 1134 беттен турган 3600 иллюстрация тартылган. Бул сүрөттөрдү чагылдырууда өтө жогорку деңгээлдеги чеберчилик, боектордун бир бирине айкалышы менен бирге даги бир өзгөчөлүк камтылган: укмуштуудай каармандар жана окуялар чагылдырылган эмгектерди XIX–кылымда Тегеран шаарына алып барышкан. Андагы окуялар белгилүү жерлерди чагылдырган, ал эми Багдад халифи ирандык Насир ад Динге окшош болгон. Бул ажайып чыгарма бүгүнкү күндө Тегеран шаарындагы Гүлстан хан сарайында сакталган. Андан 4 жыл өткөн соң Абулхасанга Насир ад Диндин тактыда отурганы жана анын жанында уулдары, министрлер, хан сарайдын кызматчылары, чет өлкөлөрдүн элчилери тартылган сүрөт дубалын (1856-ж. Тегеран шаары, Иран Бастан музейи) тартуу жөнүндө дагы бир ири долбоор тапшырылган. Бул долбоорду ал өзүнүн окуучулар менен аткарган.

Саясий ишмердүүлүгү

1861-жылы Абулхасан иран мамлекеттик басма сөз жана маалымат каражаттары жетекчиси болуп дайындалган. Ал 1860-жылдары өнөрчүлүктөн алыстап, административдик ишмердүүлүк менен активдүү иштеген. Ал эми 1861-жылы ага Сани аль Мольк титулу ыйгарылган. Андан соң ага атайы имарат бөлүнүп берилип, ал жерде Абулхасан жеке өзүнүн сүрөт мектебин ачкан. 1866-жылы Абулхасан 3 расмий журналды өз жоопкерчилигине алып, илим министринин орун басары болуп дайындалган. Тилекке каршы ошол эле 1866-жылы ден соолугу начарлап, дүйнөдөн катйкан. Анын уулдары Абдулла Хан, Сайфулла жана Яхья Хан атасынын жолун жолдоп, сүрөтчү болушкан.

Булактар

  • Иран энциклопедиясы, Голям Хосейндин жетектөөсү менен
  • Мирза Абулхасан Хан Гафари, Ирандын эң алгачкы сүрөт уюму
  • B. W. Robinson, Persian Painting from Collections in the British Isles, London, 1967
  • Zoka, Yahya. Life and Works of Sani ol Molk. Tehran.1970

https://fa.wikipedia.org/wiki/%D8%B5%D9%86%DB%8C%D8%B9%E2%80%8C%D8%A7%D9%84%D9%85%D9%84%DA%A9 Инсандар, өнөчүлүк