Бишкек: нускалардын айырмасы
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary |
|||
80-сап:
Бишкек Кыргыз Ала-Тоосунун этегинде, Чүй өрөөнүнүн борбордук бөлүгүндө, Аламүдүн жана [[Ала-Арча]] сууларынын шилендиси пайда кылган жантайыңкы түздүктөн орун алган. Деңиз деңгелинен 750–900м бийиктикте жайгашкан. Лёсс сымал кыртыш каптаган түздүк бара-бара түндүктү карай жантайып, Чүй суусунун жайылмасына кошулат. Бишкек тушта Чүй суусунун нугу Чүй өрөөнүнүн түн. жагына карай четтеп, шаардан 20кмдей аралыктан өтөт. Чүй өрөөнүнүн Бишкек шаарынын туштагы жазылыгы 60кмдей.
[[Чүй]] өрөөнүнүн Бишкек шаары жайгашкан борбор бөлүгү геологиялык структурасы боюнча кеңдикке жакын багытта созулуп жаткан асимметриялык мегасинклиналь. Шаардын азыркы чеги Чүй синеклизасынын Бишкек ийилүүсү деп аталган түш. бөлүгүнө дал келет. Ийилүү палеоген-неогенде пайда болгон чөкмө тектер менен толгон. Алар палеозой фундаментинин үстүндө жатат. Палеозой тоо тек катмарлары 5000мден ашык тереңдикте (геофизикалык маалыматтар боюнча) жатып, негизинен гнейс, кристаллдык сланец жана акиташ тегинен, ошондой эле эффузия тоо тектеринен турат. Үстүндөгү палеоген-неоген тоо тек катмарларынын жалпы калыңдыгы 4,5–5,
Сейсмдик райондоштуруунун маалыматы боюнча шаар аймагы 9 баллдуу зонада жайгашкан. Шаардын аймагындагы 4 жерден 1500–2000м тереңдиктен бургулоо көзөнөгү аркылуу минералдуу ысык суу чыгарылган. Курамы хлорид-натрий кальцийлүү. Дарылык касиети бар. Муун, тери, ичеги-карын оорууларын дарылоодо пайдаланса болот.
Бишкек шаарынын мелүүн алкактагы континенттик климаттуу аймактын түштүк чегинде жайгашкан. Бир жылда орто эсеп менен 322 күн (2000 саат) бою күн тиет. Күн эң көп тийген ай июль (332 саат), эң аз тийгени декабрь (126 саат). Абанын жылдык орт. темп-расы 10,2 °С, январдыкы – 4,6 °С, июлдуку – 24,5 °С. 1930-жылы декабрда эң төмөнкү температура (–38 °С), 1983-жылы июлда эң жогорку температура (43 °С) катталган. Шаардын түштүк бөлүгү түндүк бөлүгүнөн 1—2 °Сге жылуураак. Үшүк жүрүү жазында апрелдин ортосунда токтоп, күзүндө октябрдын ортосунан башталат. Бирок бул мөөнөттөр өзгөрүп да кетиши мүмкүн. Шаар нымдын негизги булагы – деңиз менен океандан алыс жайгашкандыктан жаанчачын аз болот. Жылдык жаан-чачындын орт. өлчөмү 409мм. Көбү март-июль, жылдын кургакчыл мезгили (11%) июль–сентябрь айларына туура келет. Кар декабрдын ортосунан февралдын аягына чейин жатат. Жаан-чачындуу кыштагы кардын орто калыңдыгы
Бишкек шаарынын негизги суу артериялары мурда Аларча жана [[Аламүдүн]] суулары болгон. Алар Бишкектин аймагында тармактанган нуктар менен түштүктөн түндүктү карай аккан. Шаар курулушунун кеңири кулач жайышына байланыштуу алардын көптөгөн салаалары эки гана нукка бириктирилген. Суу агымын жөнгө салуу үчүн Бишкектин түш. тарабындагы тоо этектеринде курулган суу сактагычтар жана көптөгөн сугат каналдары аркылуу шаар айланасындагы чарбалардын жерлерин жана шаар аймагын сугарууга пайдаланылат. Бишкектин ирригация системасына шаар аркылуу ар тарапка салынган арыктар менен каналдар тармагы кирет. Шаар аркылуу Батыш жана Түш. Чоң Чүй каналдары өтөт. Бишкектен түндүгүрөөктө Төмөнкү Аларча суу сактагычы жайгашкан: бир бөлүгү шаардын аймагына кирет. [[Кара жыгач багы]]нда жана [[Бишкек Эркин Экономикалык зонасы]]нын аймагында көлмөлөр бар. Шаардын түштүк бөлүгүнө түндүктүн кадимки боз топурагы мүнөздүү, түндүк (төмөнкү) бөлүгүн боз шалбаа, шалбаа жана шалбаалуу-саздак топурактары каптап жатат. Табигый өсүмдүктөр шаардын чет-жакасындагы бош жерлерге гана мүнөздүү. Шаардын түн. бөлүгүнүн өсүмдүк эгилбеген бош жерлеринде камыш, жекен, ыраң чөп, көлмө жана суу жээктеринде жапайы тал, терек, сейрек жийде кезигет. Шаардын түш. жагында тоо этектеринин адырларында кургакчыл жерге мүнөздүү өсүмдүктөр басымдуулук кылат. Адырлардын төмөнкү бөлүктөрүн эфемер-шыбактуу жарым чөл ээлейт.
116-сап:
Фрунзе шаарынын герби 1978-жылы шаардык Эл кеңешинин депутаттары бекитишкен. «Фрунзегорпроекттин» ишкерлери Г. Мулявин жана А. Согонов тарткан сүрөт шаардык 100-жылдыгына карата өткөрүлгөн ачык конкурста жеңип чыккан. Ал гербдин өңдөрү ак, кызыл,ультрамарин, жашыл, коло түстө болгон.1978-жылдан 1991-жылга чейин эч өзгөрүүсүз турган гербдин ылдый жагында турган Фрунзе деген жазууну "Бишкек" деген жазууга алмаштырышкан.
Бишкектин жаңы гербин 1994-жылы график М. Асаналиев жана философия илимдеринин кандидаты С. Иптаров тарабынан сунушталган герб жактырылган. Ал кездеги шаар мэри Ф. Кулов жаңы герб тууралуу демилгени көтөрүп чыккан.
== Транспорт ==
150-сап:
* Бишкек–Балыкчы–Каракол,
* Бишкек–Алматы (Казакстан),
*
== Экономикасы ==
218-сап:
== Климаты ==
'''Бишкекте''' жай ысык жана кургак. Теке (июль) айында абанын температурасы 42 даражага (градуска) чейин ысыйт. Кышындагы орточо температура -7 даража (градус). Жылына орточо '''Бишкек'''ке 400 мм жаан-чачын жаайт. Абанын орточо нымдуулугу Теке айында (июлда) 38%, Үчтүн айында (январда)
== Архитектурасы ==
319-сап:
* [[Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Медикалык Академиясы]]
* [[Кыргыз Мамлекеттик Курулуш, Транспорт жана Архитектура университети]]
* [http://www.intuit.kg Эл аралык инновациялык технологиялар университети]<br />К. И. Скрябин атындагы Кыргыз Улуттук Агрардык Университети
[[File:Busicent.jpg|thumb|Бишкек шаарындагы соода борборлорунун бири]]
== Пайдаланылган адабияттар: ==
[[File:Toktstreet.jpg|thumb|left|Токтогул көчөсүндө заманбап имарат]]
* Кыргыз Совет Энциклопедиясы: 6 томдук/ Башкы редактор Орузбаева Б. Ө./ - Ф.: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы,
* Урстанбеков Б. У., Чороев Т. К. [[Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк]]: Мектеп окуучулары үчүн. – Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы Редакциясы, 1990. 113 б. ISBN 5-89750-028-2 <br>
== Шилтемелер ==
|