Франсиско Гойя: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
 
1-сап:
'''Гойя,Франсиско Хосе де Гойя-и-Лусьентес Франсиско Хосе де''' (1746, Фуэндетодос, Сарагосага жакын – 1828, Бордо) – испан живописчиси жана гравёру. 1760-ж. Сарагоса шаарында Х. Лусан-и-Мартинестен окуган. 1773-ж. Мадриддеги Ф. Байонун өнөрканасында иштейт. 1776–80 жана 1786–91-ж. дубалга жабыштырылуучу кагаздарды чыгара турган королдук ишкана үчүн 60тан ашык панно жасайт. Г. бул чыгармаларында (“Идиш сатуучу”, “Мадрид базары”, 1778, “Жараланган ташчы”, 1786-ж. б.) ошол учурда испан искусствосуна күчтүү таасир тийгизген барокконун ыксыз салтанаттуу жана классицизмдин кургак салттарына демократизм духун каршы коёт. 1780-жылдардан тартып чебер портретчи катары таанылат. Г. 1785-ж. Мадрид сүрөт академиясына вице-директор, ал эми 1795-жылдан ошол академияда живопись бөлүмүнө директор. 1786-жылдан тартып королдун сарайында иштейт. Бул мезгилде Г. графикага өзгөчө кызыга баштайт. 1790–1800-ж. Г-нын портрет искусствосунун бийик чокусуна жеткен мезгили болот: “Капричос” (1797–98), “Согуш кырсыктары” (1810–20) деген атактуу офорттор сериясын жаратат. Мунун биринчисинде испан коомунун саясый жана нравалык негиздерин ашкерелесе, экинчисинде наполеондук баскынчыларга каршы күрөшүп жаткан испан элинин тагдыры философиялык жактан чагылдырылган.
 
==Колдонулган адабияттар==