Лао-цзы: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
 
1-сап:
[[Файл:Lao Tzu - Project Gutenberg eText 15250.jpg|200px|thumb|right|Лао -цзы]]
'''Лао-цзы''' (б.з.ч. VI-V кк.) - байыркы кытай философу. «Лао-цзы» (байыркы аталышы – «Дао дэ цзин», биздин заманга чейин 4–3-кылым) аттуу философиялык трактаттын автору. Бул чыгармада философиялык доктрина – даосизм баяндалат. Даосизмге ылайык табият, адам жана коом табигый дао мыйзамына баш иет. Абаны, эфирди билдирүүчү ли маңызы менен дао биригип, дүйнөнүн негизин түзөт.
 
Line 7 ⟶ 8:
Дүйнөдө түбөлүктүү жана өзгөрүлбөс эч нерсе жок, анткени бардыгы жолдо агылып турат, бардыгы кыймылда болуп өзгөрүлөт, бардыгы өнүгөт жана жаңырат.
 
[[Файл:Lao Tzu - Project Gutenberg eText 15250.jpg|200px|thumb|right|Лао цзы]]
''Инь'' жана ''ян'' принциптерине ылайык нерселер дайыма өздөрүнүн карама-каршылыгына тынымсыз өтүп турат. ''Инь'' - бул терстик, түнттүк, аялжандуулук, пассивдүүлүк, начардык. ''Ян'' - бул оң касиет, жаркын эркекжандуулук, активдүүлүк, күчтүүлүк. ''Инь'' жана ''ян'' - булар өзүнчө бир күчтөр, алар бир бүтүндүктү түзөт, бирок ошол эле убакта өз ара аракетте жана карама-каршылыкта турат. Эки карама-каршы күчтөрдүн ''инь'' менен ''ян''дын күрөшү айлана-чөйрөдөгү дүйнөнүн кыймылынын булагы катарында каралган. ''Инь'' менен ''ян''дын күрөшүндө ''дао'' көрүнөт.
 
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Лао-цзы" булагынан алынды