Жон Локк: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м ImeNtrav moved page Локк, Жон to Жон Локк
No edit summary
19-сап:
|'''Ишмердүүлүгү:''' || [[философ]], [[коомдук ишмер]]

Локк, '''Жон (John Locke)Локк''' (1632—1704) — [[англия|англиялык]] [[философ]], [[адвокат|адвокаттын]] үй-бүлөсүндө туулган. [[Медицина|Медицинаны]] окуган, Реставрация мезгилинин көрүнүктүү коомдук ишмери — граф Шефтсбергдин үй [[врач|врачы]] болгон. Граф менен чет өлкөдө [[эмиграция|эмиграцияга]] (1683-ж) кетет, 1688—89-жылдардагы революциядан кийин гана [[Англия|Англияга]] кайтып келет. Ал өмүрүн негизинен экинчи, даңктуу Англиялык революциянын доорунда жана андан кийинки мезгилде жашап өтөт. Локк философ, [[экономист]], [[коомдук ишмер]] катарында жүрүп жаткан саясый жана идеологиялык күрөшкө активдүү катышат, өзүнүн чыгармаларында англиялык коомдун үстөмдүк кылып турган эки табынын ортосундагы компромисстин мыйзамдуулугун негиздөөгө умтулган.

[[Рассел Бертран]] Жон Локкту «''бардык философтордун ичинен эң жолдуусу''» деп атаган, анын [[философия|философиялык]] жана саясый көз караштары көптөгөн замандаштары тарабынан түшүнүлүп жана кубатталган. Локк жашаган мезгилде Англия королдун бийлигин чектөөгө, башкаруунун [[парламент|парламенттик]] формасын түзүүгө, авторитаризмди жоюуга жана динге ишенүү эркиндигин камсыз кылууга багытталган радикалдуу саясый реформаларды жүргүзүп жаткан. Локк — саясаттагы да жана философиядагы да ушул үмүт-максаттарды ишке ашырууга зор салымын кошкон. Анын негизги чыгармалары төмөнкүлөр: «Адамзат акыл-эси жөнүндө тажрыйба» (1690), «Мамлекеттик башкаруу жөнүндө эки трактат» (1690), «Ар кандай динге жол коюу (1685—1692), «Тарбия жөнүндө кээ бир ойлор» (1693).

== Өмүр баяны ==
Локк, Жон (John Locke) (1632—1704) — [[англия|англиялык]] [[философ]], [[адвокат|адвокаттын]] үй-бүлөсүндө туулган. [[Медицина|Медицинаны]] окуган, Реставрация мезгилинин көрүнүктүү коомдук ишмери — граф Шефтсбергдин үй [[врач|врачы]] болгон. Граф менен чет өлкөдө [[эмиграция|эмиграцияга]] (1683-ж) кетет, 1688—89-жылдардагы революциядан кийин гана [[Англия|Англияга]] кайтып келет. Ал өмүрүн негизинен экинчи, даңктуу Англиялык революциянын доорунда жана андан кийинки мезгилде жашап өтөт. Локк философ, [[экономист]], [[коомдук ишмер]] катарында жүрүп жаткан саясый жана идеологиялык күрөшкө активдүү катышат, өзүнүн чыгармаларында англиялык коомдун үстөмдүк кылып турган эки табынын ортосундагы компромисстин мыйзамдуулугун негиздөөгө умтулган.

[[Рассел Бертран]] Жон Локкту «''бардык философтордун ичинен эң жолдуусу''» деп атаган, анын [[философия|философиялык]] жана саясый көз караштары көптөгөн замандаштары тарабынан түшүнүлүп жана кубатталган. Локк жашаган мезгилде Англия королдун бийлигин чектөөгө, башкаруунун [[парламент|парламенттик]] формасын түзүүгө, авторитаризмди жоюуга жана динге ишенүү эркиндигин камсыз кылууга багытталган радикалдуу саясый реформаларды жүргүзүп жаткан. Локк — саясаттагы да жана философиядагы да ушул үмүт-максаттарды ишке ашырууга зор салымын кошкон. Анын негизги чыгармалары төмөнкүлөр: «Адамзат акыл-эси жөнүндө тажрыйба» (1690), «Мамлекеттик башкаруу жөнүндө эки трактат» (1690), «Ар кандай динге жол коюу (1685—1692), «Тарбия жөнүндө кээ бир ойлор» (1693).

== Тааным тууралуу ==
Өзүнүн философиялык эмгектеринде Локк негизги көңүлдү тааным теориясына бурат. Бул ошол кездеги философиядагы жалпы кырдаалга байланыштуу болучу, философия ал кезде инсандын аң-сезими, адамдардын индивидуалдуу кызыкчылыктары жаатында көбүрөөк иш жүргүзүп жаткан. Локк өзүнүн философиясынын гносеологиялык маселелерге багытталгандыгын негиздей келип, изилдөөлөрдү адамдардын таламдарына максималдуу түрдө жакындаштыруунун зарылдыгын көрсөтөт, анткени дейт ал, «өзүбүздүн тааным жаатындагы жөндөмдүүлүгүбүздү билип алуу бизди скептицизмден жана акыл-эстин аракетсиз тымып турушунан коргойт». «Адамзат акыл-эси жөнүндө тажрыйбада» Локк философтун милдети шыпыргыч жерди шыпырып тазалагандай биздин билимдерибиздеги ыпыр-сыпырларды тазалоо экендигин сүрөттөп жазат.

== Билим концепциясы ==
Локктун [[эмпирика]] катарындагы билим [[концепция|концепциясы]]: мурда туюмда жок нерсе акыл-эсте да болбойт, бүткүл адамзат билимдери акырында келип сезим тажрыйбасынан келип пайда болот деген сенсуалисттик принциптерге негизденет. «Адамзат акыл-эси жөнүндө тажрыйба» ошол кезде континенталдык философияда тараган идеялардын тубасалыгы жөнүндөгү концепцияларды сынга алуу менен башталат. Мында ал баарынан мурда [[Декарт|Декарттын]] жана [[[кембриж]] платониктеринин көз караштарына токтолот. Локк, биздин бардык [[билим|билимдерибиз]] — [[математика|математикалык]], [[логика|логикалык]], [[метафизика]]лык жана башка билимдерибиз тубаса эмес, тажрыйба аркылуу жараларын көрсөтөт. Кала берсе бирдейлик жана карама-каршылык жөнүндөгү логикалык мыйзамдар да балдарга жана жапайыларга белгилүү эмес, «[[Искусство]] менен илимдей эле идеялар менен түшүнүктөр да биз менен кошо төрөлбөйт,— деп жазат Локк,— Тубаса [[адеп]]-[[ахлак]] принциптери да болбойт. Адеп-ахлактын улуу принциби (алтын эреже) «аткарылганга караганда көбүрөөк макталат» [Танд. чыгарм. 1-т. 97-6.] деп эсептейт. Ал ошондой эле тажрыйба жолу менен пайда боло турган [[Кудай]] идеясынын тубасалыгын да танат

"https://ky.wikipedia.org/wiki/Жон_Локк" булагынан алынды