Түрк кагандыгы: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
пппр
No edit summary
1-сап:
'''Түрк кагандыгы''' административдик саясий борборуна айланган. 553-ж. Ашиналардын Улуу Түрк династиясын негиздөөчү Илиг-каган Бумын дүйнөдөн кайткан.
 
 
Талаа элдеринин салтына ылайык бийлик Бумындын иниси Истеминин колуна өткөн. Ал өз агасы өлгөнгө чейин эле Жети-Сууну, Борбордук жана Батыш Теңир-Тоону жердеген он ок уруусун (он жебе элин) өз ээлигине кошуп алган. Ушундан кийин Истеми "он уруу каганы" деген титулга ээ болгон. Ал чындыгында мамлекеттин батыш бөлүгүндө гана бийлик жүргүзгөн. Өлкөнүн чыгыш бөлүгүн башкарып турган Бумындын туугандары кагандын бийлигин жөн эле улантымыш болгону менен тышкы саясатты толук бойдон өз алдынча жүргүзүшкөн.
Line 8 ⟶ 7:
 
Истеми кагандын кызына үйлөнүшү менен бекемделет. 563-жана 567-жж. эфталиттерге Ирандын аскерлери батыштан, түрк атчан аскерлери түндүктөн кол салышып, аларды талкалашат. Орто Азиялыктардын жери менен кошо он уруу каганы Истеми эфталиттердин тактан түшүрүлгөн падышасынын титулун да алат. Кагандын убактылуу ордосу Теңир-Тоого жайгашкан, бул жерден бардык жактарга соода кербендерин, элчилерди жөнөтүп турууга ыңгайлуу эле.
 
 
Эфталиттерди талкалагандан кийин эле Иран менен Түрк кагандыгынын ортосунда чыр чыгат. Талаалыктардын салты боюнча Хосров Ануширван шах күйөө бала катары кагандын кичүү иниси болуп калууга тийиш болчу. Бирок шах бул салтка баш ийгиси келген эмес. Анын үстүнө Истеми мурда эфталиттерге берип жүргөн салыктын баарын эми түрк казынасына төгүүнү талап кылат. Бул талапты күч-кубаты артыла түшкөн Иран аткарбай коет.
 
 
Түрктөр Иранга биринин артынан экинчи элчисин жиберишет, бирок Хосров Ануширван элчилердин талабын жоопсуз калтырган. Кырдаалды экинчи элчиликтин мүчөлөрүнүн Иранда каза болушу ого бетер татаалдатты. Перстердин түрктөр үчүн Ирандын аптаптуу климаты терс таасир берди деген кулку келерлик шылтоосуна карабастан Истеми элчилер уулантылып өлтүрүлгөн деген чечимге келди. Бул мурдагы шериктештерди биротоло ажырашууга алып келди. Эми Иран батыш түрктөрү менен согушууга даярдана башташты.
 
 
Түрктөр Иранга каршы Византиялыктар менен келишим түзгөн. Бирок согуш башталганда түрктөрдүн аракети батыш жактан византиялыктар тарабынан колдоого алынган жок. Шах Хосров эки тарап менен согушуудан чочулап, Истеми менен союздаш болууга шашылды. Бирок, 571-ж. келишим боюнча Иран мурда эфталиттерге төлөп турган салыкты эми түрктөргө төлөөгө макул болду. 576-ж. түрктөрдүн башкаруучусу Турксанф Кара денизди бойлой жайгашкан Византияга кол салып, Боспорду каратып алат. 580-ж. түрктөр Крымды басып киришип, Херсонести курчап алышкан. Натыйжада Түрк кагандыгы евроазиялык кубаттуу өлкөгө айланган.
Line 21 ⟶ 17:
 
Ал өлгөн соң кагандыктын тактысын төрт талапкер талашып, бири-бири менен айыгышкан күрөшкө чыгышат да, бир туугандардын кандары төгүлөт. Бул согуш төрт талапкердин учөөсү өлгөндөн кийин гана басылат. Алардын арасынан Истеминин тирүү калган мурасчысы Тарду Боке каган батышта 587-ж. Түрк башкаруучусунун тактысына отурган. А бирок бийлик үчүн күрөш анын такка отурушу менен эле бүтүп калган жок.
 
 
Уруулар ортосундагы кандуу кармашуу Түрк кагандыгын алсыратып, анын тышкы саясатын кескин түрдө басаңдатыл жиберген. Бул мезгилдин ичинде түрктөргө оор салык төлөп келишкен бытыранды Кытай Суй династиясына (581-618-жж.) баш кошуп, биригип алган эле. Экинчи бир салык төлөгөн өлкө – Иран 588-ж. Гераттын алдында түрктөргө оор сокку урат. 590-ж. болсо Византия түрктөрдөн Боспорду бошотуп алган.
 
 
Тарду Боке каган өлгөндөн кийин 603-ж. Түрк мамлекети Чыгыш жана Батыш кагандыктары болуп экиге бөлүнүп кеткен. Кыргызстандын мындан аркы тарыхы Батыш Түрк кагандыгы менен байланыштуу.
Line 35 ⟶ 29:
 
Кандай кармашуу болсо да жеңиш менен аяктаган" деп жазышат кытай жылнаамачылары. Тон жабгу-каган антиирандык саясатты активдүү жүргүзгөн. Ал Ирандан Тохарстанды тартып алып, Афганстанды бүт бойдон жана Индиянын түндүгүн ээлеген. Византянын императору Ираклий менен келишим түзүп, Ирандын Закавказьедеги ээлеп турган жерине кол салып, Дербент, Тбилиси жана Партав шаарларын каратып алган.
 
 
Тон жабгу-каган маанилүү саясий-административдик реформа жүргүзүп, көчмөн эл менен Орто Азиянын оазистеринде жана [[Чыгыш Туркстан]]да жашаган даражалуу адамдардын укуктарын теңеген. Бул болсо мурда кескин түрдө артыкчылыктарга ээ болуп келген талаа аристократтарынын мыйзамсыз женилдиктерин биротоло жойгон. Вассалдык башкаруучулардын иштерин байкоого алуу үчүн жана салыктарды жыйнап туруу үчүн атайын наместниктер дайындалган. Көп узабай талаа [[феодал]]дарынын бири күтүлбөгөн жерден Тон жабгу-кагандын турагына кол салып, аны өлтүргөн.
 
 
Мына ушул окуя Ашина династиясынын, Он ок элинин жана аларга көз каранды болушкан Орто Азия менен Чыгыш Туркстан элдеринин арасындагы кадыр-баркын биротоло кетирген. Кайрадан уруулар арасында coryш башталып, кагандардын улам-улам алмашышына жана борбордук бийлик үчүн күрөштүн күчөшүнө алып келген. VII кылымдын аягында Кытайда [[Тан династиясы]] (618-907-жылдар) күч алган. Алар Чыгыш Түрк кагандыгын талкалаган. [[Турфан оазиси]]н басып алып, өз бийлигин орноткон. Бул жер ал үчүн Батыш Түрк кагандыгына чабуул коюуга ыңгайлуу болгон. Кытайлар менен түрктөрдүн ортосундагы салгылашуу узакка созулган.
Line 45 ⟶ 37:
 
[[Каган]]дык улам начарлай берген. Ашина династиясынын 23-каганы акыркысы болгон. Аны 704-ж. Кулан шаарында (азыркы Луговая станциясына жакын) түргөштөр өлтүрүшкөн ошентип Жети-Сууда жана Теңир-Тоодо түргөш кагандарынын династиясы бийликке келген.
 
 
== Колдонулган адабияттар ==
Line 51 ⟶ 42:
Асанканов А.А., Осмонов Ө.Ж., Кыргызстан тарыхы. - Б., 2010
 
[[Категория:Уйгурлар]]
[[Category:Кыргыз тарыхы]]
[[Категория:Орто Азия тарыхы]]
[[Category:Тарых]]
[[Категория:Казакстан тарыхы]]
[[Category:Тумар-2011]]
[[Категория:Кыргызстан тарыхы]]
[[Категория:Өзбекстан тарыхы]]
[[Категория:Тажикстан тарыхы]]
[[Категория:Каганаттар]]
[[Категория:Түрк кагандыгы]]