Генетика: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
мNo edit summary
мNo edit summary
 
6-сап:
Жаңы организмдин калыптануу жараянында ата-эненин тукум куума белгилеринин кайталанышы байкалат. Илимде клетканын түзүлүшүндөгү маанилүү бөлүкчөлөр бөлүнүшү, жыныс процессинин маңызы, тукум куугучтук али түшүнүксүз учурда И. Г. Менделдин өтө так тажрыйбага таянган, математикалык жана терең логикалык анализденген зор эмгеги өзүнүн доорунан алда канча озуп кетип, замандаштарына түшүнүксүз болгон жана бааланган эмес. 35 жылдан кийин гана Голландия окумуштуусу генде [[Фриз]], немис окумуштуусу [[К. Корренс]] жана чех окумуштуусу [[Э. Чермах]] бир мезгилде жана бир-бири менен байланышпай туруп, белгилердин тукум куугучтук законун экинчи жолу ачышкан жана И. Г. Менделдин унутулуп калган эмгегин капысынан байкап калышкан. Ушундан баштап тукум куугучтук жөнүндөгү окуу өз алдынча илим катары өнүгө баштап, 1906-ж. англия биологу [[У. Бэтсон|У. Бэтсондун]] сунушу боюнча «генетика» деп аталган. 1909-ж. Дания окумуштуусу [[У. Иоганнсен]] тукум куума бөлүкчөнү ген деп атоону сунуш кылган.
 
20-кылымда микроскоптук изилдөөнүн жетишкендиктеринин негизинде клетканын түзүлүшү, жыныс клеткаларынын пайда болуу мыйзам ченеми, клетка ядросундагы, өзгөчө түзүм — [[Хромосома|хромосома]] (тукум куугуч генди алып жүрүү), клетканын бөлүнүшү (митоз) аныкталган. Жыныс клеткасынын жетилишин жана жыныс процессинин маңызын түшүнүп, тукум куума белги үзгүлтүктүү жана түгөйлүү деген [[И. Г. Мендель|И. Г. Менделдин]] божомолун далилдеди. 1910—1913-ж. америка биологу [[Т. Морган]] жана анын шакирттери ген [[Хромосома|хромосомада]] болуп, ал түз сызык түрүндө жайгашканын аныктаган.
 
20-кылымдын башында тукум куугучтуктун [[Хромосома|хромосома]] теориясы деп аталган Т. Моргандын окуусу өсүп келе жаткан генетиканын материалисттик ири жыйынтыктарынын бири болгон. 1901-ж. [[Г. де Фриз]] [[Мутация|мутация]] теориясын ачкан.
 
1926-ж. совет окумуштуу [[С. С. Четвериков]] табигый шартта пайда болуп жана И. Г. Менделдин мыйзам ченеми боюнча тукум кууган [[Мутация|мутация]] табигый тандоонун негизги материалы болорун далилдеп, генетика менен эволюциялык окуунун өөрчүшүндө чоң салым кошкон. С. С. Четвериков популяциядагы организмдин бир нече тукумунда мутант гендердин тандалуу жана таралуу ылдамдыгын эсептеп чыгып, генетиканын маанилүү тармагы — популяциялык генетикага негиз салган.
18-сап:
19-кылымдын экинчи жарымында эле [[Хромосома|хромосомада]] белок менен [[Нуклеин кычкылдыгы|нуклеин кычкылдыгы]], ошондой эле [[Хромосома|хромосомада]] нуклеин кислотасынын бири — [[ДНК]] болору белгилүү болгон. Бирок 20-кылымдын 50-жылдарына чейин айрым биологдор гендер белок молекуласында гана болот деп эсептешкен.
 
Генетиканын жаңы багыты — молекулалык генетика пайда болгондон кийин гана [[ДНК]] генетика иштемди алып жүрөрү [[Микроорганизм|микроорганизмдерде]] далилденди. 1944-ж. бир [[Бактериялар|бактериядан]] алынган ДНКны башка [[Бактериялар|бактерияга]] жибергенде экинчисинин тукум куума касиети өзгөргөн. Бардык тирүү организмдерде ДНК жана [[РНК|РНКнын]] салыштырма туруктуу болушун, тукум куума белгилердин клеткадан клеткага, укумдан-тукумга берилишин белок эмес ДНК жана РНК камсыз кыларын аныктайт ([[Дезоксирибонуклеин кычкылдыгы|Дезоксирибонуклеин кычкылдыгы]]).
 
1960-жылдан баштап мутациянын пайда болушу молекулалык негизде изилдене баштаган. Бирок, генет. кодду изилдөөнүн көбү [[Микроорганизм|микроорганизмде]] жүргүзүлгөн. Бактерия жана [[Вирустар|вирустар]] үчүн кабыл алынган гендерди жөнгө салуу негизги ойу татаал түзүлүштүү организмдерге туура келер-келбесин тактоо керек болгон.
 
Совет окумуштуулар [[А. С. Спирин]] жана [[Г. П. Георгиев]] (1964—1965) жаныбар клеткасынын [[ДНК молекуласы|ДНК молекуласында]] генетика маалыматты алып жүрүүчү [[РНК]] жана белок комплекси ([[Информасома|информасомаинформосома]] деп аталган) түрүндө өзгөчө формалар бар экенин экспериментте далилдешкен. Генетика киши, жаныбар жана өсүмдүктүн дене клеткасын изилдөөдө чоң ийгиликтерге жетишти.
 
Ар бир организмдин өөрчүү жараянындагы генетика программанын жаңы организмдин касиеттери менен белгилеринде ишке ашуусу жашоо чөйрөсүнүн таасири астында жүрөт. Генетика программа организмдин өөрчүшүндө тектик белгилерин, түрдүк өзгөчөлүгүн камсыздайт, ал эми организмдин өөрчүү мезгилинде жашоо чөйрөнүн таасири жыныс клеткасындагы генетика аппаратты бузбай, организмдин тукум куубаган жеке өзгөрүшүн пайда кылат. Эгерде мутация сырткы чөйрөнүн өтө күчтүү таасир этүүчү факторунан пайда болсо, бул өзгөрүү тукум кууйт.
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Генетика" булагынан алынды