Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
 
1-сап:
{{маанилер|Анар (маанилери)}}
'''Анар''':
[[Файл:Anar(Pomegranate).jpg|thumb|''гранатовый сад в Узбекистане'']]
'''Анар''' ({{lang-la|Punica}}) - анар тукумундагы бадал же анча чоң эмес [[дарак]] (бийиктиги 5 мге чейин). Жалбырагы калың, күбүлмө. Гүлү кош жыныстуу, жалгыздан же топ гүлдүү. Негизинен кайчылаш, кээде өзү менен өзү чаңдашат. Май августта гүлдөйт. Тоголок, саргыч, кызыл кабыктуу, салмагы 300-600 г, мөмөсү сентябрь, ноябрда бышат. Мөмөсүндө 400-700 ширелүү уругу болот. Жапайы түрү Орто Азия, Закавказье, Иран, Афганстан, Индияда өсөт. Бир түрү субтропик өлкөлөрдө - Крым, Закавказье, Орто Азияда өстүрүлөт. Aнардын ширесинде кант, лпмон кислотасы, танин, С витамини бар. Ширесинен суусун, сироп, татымал даярдалат. Дары, боёк жасоо ишинде да керектелет. Кабыгы медицинада кайнатылып же экстракт түрүндө ичеги мите курттарына каршы, ширеси ашказан сезгенгенде, астма, ангина, атеросклероз жана башка ооруларды дарылоого колдонулат. Анын казаке, кызыл, бала мюрсаль жана башка сорттору бар. Кооздук үчүн да өстүрүлөт. Калемче, тамыр, чырпыктары аркылуу көбөйтүлөт. Зыянкечтери: мөмө жегичи, бити, кенеси. Илдеттери: фомопсис же бутак рагы.
 
==Колдонулган адабияттар==
* [[Aнар (балет)|Aнар]] - кыргыз балети.
* “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1
* [[Анар (өсүмдүк)|Анар]] - өсүмдүк.
 
[[Категория:Өсүмдүктөр арип боюнча]]
{{Текмаанисиздик}}
[[Категория:Жемиш]]
[[Категория:Мөмөлүү бактар]]
[[Категория:Евразия флорасы]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Анар" булагынан алынды