Дүйнөнүн жети керемети: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Белгилер: мобилдик түзмөктөн түзөтүү мобилдик көрүнүш режиминде түзөтүү
Белгилер: мобилдик түзмөктөн түзөтүү мобилдик көрүнүш режиминде түзөтүү
11-сап:
==Вавилон асма бактары==
Бул керемет курулуш уламыш катары Семирамида канышанын асма бактары деп аталат. Грек-римдик жазуучулардын айтымында бул бакчалар биздин заманга чейин 600-жылдары Вавилондун Навуходоносор IIнин буйругу менен салынган. Бул шаар [[Евфрат дарыясы|Евфрат дарыясынын]] жээгинде азыркы Багдаддын түштүк тарабында орун алыптыр. Асма бакчаны падыша өзүнүн жаш жубайы Амитиске арнап салдырган. Имараттын бийиктиги 40 метрге жеткен. Вавилон асма бакчасынын керемети ушунда. Имаратты жоондугу бир топ болгон бактар тешип чыгып турса да жарылбагандыгында. Бул керемет курулуш Евфрат дарыясынын ташкындаганынын натыйжасында кулаган.
 
==Александр маягы==
Биздин заманга чейин 280-жылдар ченде [[Жер ортолук деңиз|Жер Ортолук деңиздин]] Фарос аралында кемелер үчүн жандуу порт мунара курулган. Бул мунаранын бийиктиги 120 метрге жеткен. Египет падышасы Птолемейдин башкаруу мезгилинде курулган бул мунара 20 жылдын аралыгында бүткөн. Фарос мунарасы 3 бөлүктөн турган. Алдыңкы бөлүгүндө жумушчулар менен аскерлер байыр алып, үстү 8 бурчтуу болуп ал аркылуу эң үстүнкү мунарага көтөрүлүп чыгышчу. Ал жерде от күйүп турганы айтылат. Маяктын төбөсүндө улуу Зевстин айкели жайгашыптыр. Маяктын жалпы бийиктиги 117-метрди түзчү экен. Бул мунарадан алыскы кемелерди 50 чакырым аралыгында көрүп турушчу. Биздин заманга чейин 13-кылымда бул мунара дагы жер титирөөнүн кесепетинен кулаган.