Карл Густав Эмил Маннергейм: нускалардын айырмасы
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
мNo edit summary |
мNo edit summary |

1-сап:
'''Маннергейм Карл Густав''', Карл Густав Эмиль [(16. 6. 1867, – Финляндия, азыркы Турку шаарына жакын, Вильняс кыштагы – 28. 1. 1951 Швейцария, Лозанна, сөөгү Хельсинкидеги Хиятание көрүстөнүнө коюлган) – барон, финн мамлекеттик жана аскер ишмери, маршал (1942).

==Кыскача өмүр таржымакалы==
1889-жылы [[Санкт-Петербург|Санкт-Петербургдагы]] Николаевск кавалериялык окуу жайын бүтүргөн.

1917-жылга чейин орус армиясында кызмат өтөгөн.

1-дүйнөлүк согушта 1914–18-жылдары командачысы; генерал-лейтенант (1917); 1918-жылы актар командачысы болуп, германиялык интервенттер менен бирге Финляндия революциясын (1918) баскан.

1918-жылдын декабрь айынан 1919-жылдын июль айына чейин [[Финляндия]] регенти, финн армиясынын башкы командачысы, 1922–51-жылдары Финляндия Кызыл Крестинин төрагасы.

1931–39-жылдары Мамлекеттик коргонуу кеңешинин төрагасы, 1939-жылдан финн армиясынын башкы командачысы.
1939–40-жылдары советтик-финн согушунда жана 1941–44-жылдары фашисттик Германиянын союздашы катары финн армиясын жетектеген.

1944-жылы советтик өкмөт койгон шарттар боюнча Маннергейм агрессивдик Берлин пактысынан (1940) жана согуштан чыгууга мажбур болгон.

1944–46-жылдары Финляндия [[Президент|президенти]] болуп иштеген.

==Кыргыз таануу багыты==
Маннергейм 1906-ж. июнь-июль айларында [[Кыргызстан|Кыргызстандын]] Алай ороонуно келип, [[Курманжан датка]] жана анын уулу Асанбек менен жолугуп, алай кыргыздары жонундо маалымат топтоп жана аларды биринчи жолу фотосуротко тартып кеткен.

==Сыйлыктары. Наамдары==
4-даражадагы Ыйык Георгий ордени менен сыйланган.

Финляндиянын маршалы наамын алган.

==Эстутум==
1960-жылы Хельсинкинин борборуна Маннергеймдин эстелиги тургузулган.

==Колдонулган адабияттар==
* [[“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы]]: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111 -7
* Mannerheim, Carl Gustaf Emil (1953). The Memoirs of Marshal Mannerheim. London: Cassell. OCLC 12424452.
* Clements, Jonathan (2009). Mannerheim: President, Soldier, Spy. London: Haus Publishing. ISBN 978-1907822575.
* 1999: Petteri Koskikallio, Asko Lehmuskallio, and Harry Halén. C. G. Mannerheim in Central Asia 1906–1908. Helsinki: National Board of Antiquities. ISBN 951-616-048-4.

==Ички шилтемелер==
[[Категория:Инсандар]]
Line 49 ⟶ 55:
[[Категория:20-кылым]]
[[Категория:Саякатчылар]]
[[en:Carl_Gustaf_Emil_Mannerheim]]