Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
Белгилер: мобилдик түзмөктөн түзөтүү мобилдик көрүнүш режиминде түзөтүү
м Reverted edits by 185.117.151.17 (talk) to last revision by 193.106.50.123
Белги: Rollback
7-сап:
Дарыяларды гидрология илими изилдейт. Дарыялардын адамдын жашоосу жана анын чарбачылыгы үчүн мааниси өтө чоң. Кээ бир дарыялар кеме жүрүүгө, сал агызууга пайдаланылат; суу сактагычтар, ГЭС жана башка курулат; өнөр жайды, калкты, айыл чарбаны суу менен камсыз кылат; андан балык кармалат. Дарыянын жайылмаларындагы топурак күрдүү болгондуктан, мол түшүм алынат. Айрым дарыялардын нугунда жана кашатында алтын, платина, алмаз, касситерит, рутил жана башка баалуу металлдардын чачынды кендери болот.
 
== Дарыя алабы ==
— Дарыя жана анын куймаларынын суулары жыйналган жер бетинин бөлүгү. Дарыя суусун жыйноочу кургактыктын бети алаптын суу топтоочу аянты деп аталат. Дарыя алабы жер үстүндөгү жана жер астындагы суу топтоочу аянттардан турат. Жер астындагы алаптын аянтын аныктоо кыйын болгондуктан, дарыя алабынын өлчөмү катары жер үстүндөгү аянт гана алынат. Танапташ жаткан дарыя алабынын чеги атмосфераралык жаан-чачынды алардын өрөөндөрүнүн капталдарына карай каршы эки багытка бөлгөн суу бөлгүч кырлар аркылуу өтөт. Дарыя алабынын формасы жана аянты суу жыйналуучу жердин географиялык абалы менен рельефине, геологиялык түзүлүшүнө карата ар түрдүү болот.
 
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Дарыя" булагынан алынды