Басыз, уруу: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
4-сап:
 
=== Келип чыгуусу ===
Басыз уруусун кыргыз, [[Мундуз (уруу)|мундуз]], [[Дөөлөс (уруу)|дөөлөс]] ж. б. этнонимдери сыяктуу эң байыркы этникалык аталыш катары кароого болот. Мындагы "-з" мүчөсү байыркы түрк доорунда көптүк маанини аныктаган сөз жасоочу мүчө катары белгилүү<ref>Серебренников, Гаджиева 1979, 88</ref>.
 
Басыз уруусунун түпкү теги байыркы басмылдарга барып такалышы мүмкүн. Тарыхчы [[Мокеев, Анварбек|А. Мокеевдин]] пикири боюнча, VIII кылымда [[Экинчи Чыгыш-түрк кагандыгы|Экинчи Чыгыш-түрк кагандыгынан]] калган бийликти [[басмылдар]], [[карлуктар]] жана [[уйгурлар]] талашып, натыйжасында жеңилген басмылдардын калдыктары уйгурлардын жана кыргыздардын арасына сиңип кеткен. Ошондой эле, селжукийлердин тушунда дарыгерлик кылган [[Ал-Марвази|ал-Марвазинин]] 1120-жылы жазган «Табаи ал-хайаван» («Айбанаттардын табияты») деген эмгегиндеги [[Минорский, Владимир Федорович|В.Ф. Минорский]] «Басри» деп чечмелеген алтайлык уруу ырасында басыздар деп чечмеленүүсү мүмкүн<ref>''Мокеев А.'' Кыргызы на Алтае и на Тянь-Шане. – Бишкек, 2010. – 70-б.</ref>.
 
=== XV-XVII кылымдарда ===
Санжыралык маалыматтарда басыз уруусунун түпкү атасы Аксуулук Түгөл деп аталгандыктан С.М. Абрамзон бул топонимди Чыгыш Түркстандагы Ак Суу менен байланышта карайт<ref>Абрамзон 1990,-68</ref>. Сейф ад-Дин Аксыкендинин “Мажму-ат-Таварихинде” (XVI к.) жазылган генеалогиялык баяндар боюнча басыз уруусу кыргыздардын сол канатына кирери айтылат.
 
Калмак жарыпырыгына чейин кыргыз элинин [[Сол канат|сол канатына]] кирген уруулар негизинен Талас аймагында жашап турушкандыгы санжыралык уламыштарда эскерилет<ref>''Сооронкулов С.'' Бердике беш берен // Кыргыз санжырасы. Баш. ред. К. Жусупов. – Бишкек, 1994. – 218-б.</ref>.
 
Сыягы, басыздар [[Талас өрөөнү|Таластан]] XVI кылымда Көгарт, Жазы жана Нарын аймактарына көчүп кетишкен. [[Бала Айылчынын санжырасы|Бала Айылчынын санжырасында]] айтылган маалыматтарга караганда, XVII кылымда кыргыздарга [[Чаа бий]] башчылык кылып турган чакта «[[Кочкор|Кочкордон]] [[Нарын дарыясы|Нарынга]] чейин сол тукумунан базыстар (басыздардын бир бөлүгү – К.М.) ээлеп турушкан»<ref>''Сарымсаков А.'' Бала Айылчынын санжырасы // Кыргыз санжырасы. Баш. ред. К. Жусупов. – Бишкек, 1994. – 187-б.</ref>. Ал эми [[Көгарт өрөөнү|Көгарт]], [[Жазы, өрөөн|Жазы өрөөндөрүндөгү]] басыздар Улак баатырдын башчылыгында калмактар менен күрөшкөндүгү жөнүндө уламыштар бар. Айрым маалыматтар боюнча, басыздардын керки тамгаларынын түпкү аталарынан болгон Кожоматбек деген адам XVII кылымда калмактар менен күрөшкөн [[Курманбек баатыр|Курманбек баатырдын]] жоокерлеринен болгон жана [[Кашкар|Кашкарда]] набыт болгон<ref>''Рахмат у. С.'' Басыз уруусунун эки бутагы болуп эсептелген Кылыч тамга менен Керки тамга санжырасы. – Бишкек, 2006. – 25-26-б.</ref>. Кийин калмактардын кысымынан улам түндүк кыргыз уруулары менен бирге басыздар да [[Гиссар, кырка тоо|Гиссар тоолоруна]] көчүп кетишкен.
 
=== XVIII кылымда ===
Сагымбай ажынын санжырасы боюнча, XVIII кылымда Гиссардан басыз уруусу Доскул баатырдын башчылыгында Өзгөндүн тоолоруна көчүп келишкен.
 
1763-1770-жылдары жазылган «Сиюй чжи» аттуу тарыхый кытай жазма булагында басыздар чыгыш (түндүк) кыргыздарынын да, батыш (түштүк) кыргыздарынын да курамында кошо эскерилет<ref>Кыргыздардын жана Кыргызстандын тараыхый булактары. II т. Бишкек, 2003. – 229-231-б.</ref>. Ушул себептен [[Валиханов Чокан|Ч. Валиханов]], П. П. Семенов Тянь-Шаньский, [[Аристов, Николай Александрович|Н. А. Аристовдор]] өз эмгектеринде жаңылыштык менен басыздарды [[Оң канат|оң канатка]] кирет деп жазышкан. Демек, XVIII кылымдын ортосунда басыз уруусу саясий жактан аркалык жана анжиян тараптык болуп, экиге ажыраган. Бирок алардын ортосун [[Фергана, кырка тоо|Фергана кырка тоосу]] гана бөлүп турган.
 
Ош-Алай кыргыз урууларынын конфедерациясына кирип турган басыздар негизинен [[Көгарт өрөөнү|Көгарт]] жана [[Жазы, өрөөн|Жазы өрөөнүн]] ээепээлеп келишкен. XVIII кылымдын ортосунда [[Адыгине (уруулук топ)|адыгине уруусунан]] [[Ажы бий|Ажы бийдин]] бийлиги учурунда 1300 түтүн басыздарды Ка-р-га (Калка) башкарып тургандыгы кытай жазма булактарында эскерилет<ref>Кытай жазмаларындагы кыргыздар. Баш. түзүүчү Мамбеттурду Мамбетакун. – Шинжаң эл басмасы, 2004. – 133-134-б.</ref>. Уламыштар боюнча, XVIII кылымда [[Саруу, уруу|саруу уруусунан]] [[Бердике Баатыр|Бердике баатыр]] [[Анжыян (шаар)|Анжиян шаарын]] каратып алганда басыз уруусунун кудайлат уругунан чыккан [[Сарыкүчүк бий|Сарыкүчүк]] деген бийин [[Ош|Ош шаарына]] аким кылып дайындаган. Кытай жазма булактарында [[Ажы бий]] батыш кыргыздарынын атынан Сарыкүчүктү (кыт. Ша-ла-ку-чу-к) 1759-жылы [[Цин империясы|Цин империясына]] элчи кылып жибергендиги эскерилет<ref>Кыргыздардын жана Кыргызстандын тарыхый булактары (Б.з.ч. II – XVIII к. кытай булактарынан үзүндүлөр). II том. – Бишкек, 2003. – 136, 165-б.</ref>. XVIII к. 2-жарымында Мурат (Сарыкүчүктүн уулу) башкарган 400 түтүн басыздар Марал деген жерде дыйканчылык менен күн көрүп турушкандыгы «Сиюй чжи» эмгегинде айтылат<ref>''Супруненко Г.П.'' Материалы из китайских источников по истории киргизов XVIII – начало XIX вв. – Фрунзе, 1976. – 81-б.</ref>.
 
[[Стамов Асанбек|Асанбек Стамовдун]] «Хан Тейиш» аттуу тарыхый романында [[Атаке баатыр|Атаке бийдин]] күйөө баласы катары эскерилген Сарытай мырза аттуу каарман басыздардан чыккан тарыхый инсан болгондугу эл оозунда айтылып жүрөт.
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Басыз,_уруу" булагынан алынды