Роза Отунбаева: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
өзгөртүүлөр киргизилди
No edit summary
46-сап:
 
[[Файл:Roza Otunbayeva, President of Kyrgyzstan (2010-11) (7210331816).jpg|thumb|Роза Исаковна Отунбаева (2012)]]
'''   Ро́за Иса́ковна Отунба́ева''' (23-август 1950, Фрунзе, Кыргыз ССРи) – кыргыз саясатчысы жана дипломат, Кыргызстандын оппозициячыл Социал-демократиялык партиясынын парламенттик фракциясынын лидери. 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуялардын натыйжасында Кыргызстандын Убактылуу өкмөтүнүн башчысы болуп калды. 2010-жылдын 19-майында Кыргызстандын Убактылуу өкмөтүнүн декрети менен өткөөл мезгилдеги Кыргызстандын Президенти болуп жарыяланды. Бул декретке ылайык Кыргызстандын Президентинин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү 2011-жылдын 31-декабрына чейин белгиленген. 2010-жылдын 27-июнундагы Конституциянын жаңы текстин кабыл алуу боюнча референдум аны КР Президенти катары бекитти. Кыргызстандын алгачкы аял-президенти жана азырынча КМШ өлкөлөрүндө президенттин кызмат ордун ээлеген жападан жалгыз аял. Эң жаңы тарыхта мусулман калкы басымдуулук кылган өлкөдө экинчи аял-президент (биринчиси – Мегавати Сукарнопутри, 2001—2004-жылдары Индонезиянын президенти). Бул кызмат ордун 2011-жылдын 1-декабрында Алмазбек Атамбаев кызматка киришкенге чейин ээлеп турду.
 
==Өмүр баяны==