Чума: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Белгилер: мобилдик түзмөктөн түзөтүү мобилдик көрүнүш режиминде түзөтүү
No edit summary
1-сап:
[[Файл:Yersinia pestis fluorescent.jpeg|thumb|''Yersinia pestis'' (x200).]]
[[Файл:Jacob van Oost (II) - St Macarius of Ghent Giving Aid to the Plague Victims - WGA16655.jpg|thumb|upright|Чума.]]
'''ЧумаКара тумоо''' — катуу кармаган өтө жугуштуу [[Дарт|дарт]]. Анда адамдын жалпы абалы оордоп, [[лимфа]] түйүнү жана башкалар органдар сезгенет. [[Карантин]] ооруларына кирет. Жаратылышта Чума менен адамдан башка кээ бир кемирүүчүлөр ([[Суур|суур]], [[Сары чычкан|сары чычкан]], [[Кум чычкан|кум чычкан]], [[Сокур чычкандар|сокур чычкандар]], [[Келемиштер|келемиштер]], талаа [[Коён|коёндору]] жана башкалар) жана үй жаныбарлары ([[Тоок|тоок]], [[Мышык|мышык]]) ылаңдайт. Алар табиятта Чума тараткычтар болуп эсептелет. Чума козгогучун (Чума таякчасын) оорулуу [[Жаныбарлар|жаныбарлардан]] соолорго, ошондой эле адамга бүргө таратат. Чума таякчасы чөйрөдө (мисалы, ириңде, канда, какырыкта, сыйрылган териде жана башкалар) ыңгайлуу шарт болсо, айрыкча муздакта узак жашайт. Чума бактериясы бүргөнүн денесинде, ал жашаган ээсинин (жаныбардын) ийининде 1 жылдан ашык сакталып, оору козгоо касиетин жоготпойт. Кишиге оору козгогуч Чума менен ылаңдаган жаныбарлардан (терисин сыйрыганда, этин бузганда жана башкалар) жугат. Өпкөдөн кармаган Чума оорунун булагы катары абдан коркунучтуу. Себеби Чуманын козгогучу өпкөдөн жалаң гана шилекейдин, какырыктын чачырандылары эмес, оорулуу сүйлөгөн учурда да ооздун жели аркылуу эң көп санда чыгып турат. Мындай убактарда Чума аба аркылуу тез тарайт. Чуманын микробу адамдын териси, оозу, муруну, көзү аркылуу кирет.
 
[[Файл:Examining Rats for Bubonic Plague New Olreans 1914 a024245.jpg|thumb|Чума (1914).]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Чума" булагынан алынды