Зия Гөкалп: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м Абдырашит Сатылганов moved page Зия ГӨКАЛП to Зия Гөкалп: Баш тамгалар менен жазылып калыптыр
No edit summary
1-сап:
<big>Зия Гөкалп</big><br /><br />
[[Файл:858834502196.jpg|200×270px|thumbnail|left|(23-Март 1876-25-октябрт 1924-ж.ж.)]]
'''Зия Гөкалп''' [[1876]]-жылы [[23-марттамарт]]та Диярбакырда туулган. Ага атасынын каалоосу боюнча Мехмет Зийя аты берилген. Атасы аймактын жөнөкөй кызматкери Мехмет Тевфик мырза (1851-1890), ал эми энеси Зелиха айым (1856-1923) болгон. Алгачкы окуусун 1883-жылдын жайында Мержимекөртмеси кварталындагы [[Мектеп|мектепте]] каттоодон өтүп, аяктаган. Эркиндик тууралуу алгачкы пикирлерин 1886-жылы Рүштиян Аскерие деп аталган аскердик мектепке киргенинде устаты Колагчы Исмаил Хаккыдан үйрөнгөн. 1890-жылы байкеси Мүдеррис Хажы Хасиптен сабак алууну баштаган Гөкальп, 1891-жылы экинчи классынан Идад-и мүлкиете жеке үйрөнүүгө катталып, окуй баштаган. 1893-жылы окутуучусу доктор Йогиден философия сабактарын, Маариф мүдүрлүгү жана идадиден ([[орто мектеп]]) тарых окутманы Мехмет Али Айниден тарых сабагын алган. Зия Гөкалп , Мехмет Али Айниден алган сабактарынан тарыхтын кандайча изилденишин үйрөнгөн. Көп өтпөй орто мектептин 7 жылга узартылышынан улам Гөкальп, ал жерден кетүүгө аргасыз болгон. Ошол кездеги коомдун башынан өткөргөн кыйынчылыктарынын таасири, экономикалык туруксуздуктун себептеринен улам Стамбулда окуусун уланта албашы жана үй-бүлөөсүндөгү бир катар себептер Зия Гөкалпты катуу кайгыга салып, 1894-жылы өз өмүрүн кыйуусуна чейин жеткирген, бирок аман калган. Хилми Зия Үлкен, Зия Гөкалптын өз өмүрүн кыйуудан аман калышынын бирден-бир себеби катары агайы доктор Йорги мырзадан алган философиялык билими менен үй-бүлөөсүнөн алган диний тарбиясынын таасири деп белгилеген.
 
== Өмүрү жана чыгармачылыгы ==
 
'''Зия Гөкалп''' 1876-жылы 23-мартта Диярбакырда туулган. Ага атасынын каалоосу боюнча Мехмет Зийя аты берилген. Атасы аймактын жөнөкөй кызматкери Мехмет Тевфик мырза (1851-1890), ал эми энеси Зелиха айым (1856-1923) болгон. Алгачкы окуусун 1883-жылдын жайында Мержимекөртмеси кварталындагы [[Мектеп|мектепте]] каттоодон өтүп, аяктаган. Эркиндик тууралуу алгачкы пикирлерин 1886-жылы Рүштиян Аскерие деп аталган аскердик мектепке киргенинде устаты Колагчы Исмаил Хаккыдан үйрөнгөн. 1890-жылы байкеси Мүдеррис Хажы Хасиптен сабак алууну баштаган Гөкальп, 1891-жылы экинчи классынан Идад-и мүлкиете жеке үйрөнүүгө катталып, окуй баштаган. 1893-жылы окутуучусу доктор Йогиден философия сабактарын, Маариф мүдүрлүгү жана идадиден ([[орто мектеп]]) тарых окутманы Мехмет Али Айниден тарых сабагын алган. Зия Гөкалп , Мехмет Али Айниден алган сабактарынан тарыхтын кандайча изилденишин үйрөнгөн. Көп өтпөй орто мектептин 7 жылга узартылышынан улам Гөкальп, ал жерден кетүүгө аргасыз болгон. Ошол кездеги коомдун башынан өткөргөн кыйынчылыктарынын таасири, экономикалык туруксуздуктун себептеринен улам Стамбулда окуусун уланта албашы жана үй-бүлөөсүндөгү бир катар себептер Зия Гөкалпты катуу кайгыга салып, 1894-жылы өз өмүрүн кыйуусуна чейин жеткирген, бирок аман калган. Хилми Зия Үлкен, Зия Гөкалптын өз өмүрүн кыйуудан аман калышынын бирден-бир себеби катары агайы доктор Йорги мырзадан алган философиялык билими менен үй-бүлөөсүнөн алган диний тарбиясынын таасири деп белгилеген.
Кайгылуу окуядан кийин өзүн кайрадан окууга жана билимге арнаган Гөкалп, билим алууну улантууну көздөп 1895-жылы бир тууганы менен кайрадан Стамбулга келген. Бирок акчасы жоктугунан аргасыздан ошол кездеги бекер кабыл алуучу айыл-чарба мектебине кирүүгө мажбур болгон. Гөкальп, Стамбулга келген күндөн баштап, батыш маданиятын да жакындан тааный баштаган. Мектепте тыюу салынган чыгармаларды окушу жана көз-карашы менен башкалардан айырмаланган Гөкальп, 1899-жылы сураштыруулардын артынан “тыюу салынган китептерди окуу жана зыяндуу журналдарга мүчө болуу” деген күнөө менен жаза үйүнө жөнөтүлгөн. Жаза үйүндө 12 ай отуруп чыккандан кийин мектептен чыгарылып, Диярбакырга айдалган. 1900-жылы тайкесинин кызына үйлөнүп, Диярбакырга отурукташкан Гөкальп, бир тараптан аялынын материалдык жетишкендигинен улам жакшы жашай баштаса, бир тараптан да акырындап эркиндик тууралуу эмгектерин уланта баштаган. 1903-жылдан баштап Диярбакырдагы соода үйүндө түрдүү кызматтарда иштеген; ошол эле учурда аймактык газетанын редактору кызматын алууга да жетишкен. 1905-жылы калкка карата жасалган зыяндардан улам аймактын башчысы Ибрахим Пашага каршы көтөрүлүшкө чыккан.
Зия Гөкалп, 1908-жылы Иттихат ве Теракки партиясынын Диярбакыр, Ван жана Битлис комиссияларынын инспекциялыгына дайындалган. 1909-жылы Дарүлфунда окутуучулук кылуу максатында Стамбулга келип, ал жерде бир канча ай жашап калган. Бирок ал жерден жеткиликтүү маяна ала албагандыгына байланыштуу кайра Диярбакырга жөнөп, “Пейман” аттуу газетаны чыгара баштаган. 1909-жылдын акыркы айларында болсо Иттихат ве Теракки партиясы тарабынан Селаникке жөнөтүлгөн.
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Зия_Гөкалп" булагынан алынды