Даам: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м Bot: Migrating 1 interwiki links, now provided by Wikidata on d:Q124794
No edit summary
Белгилер: Reverted мобилдик түзмөктөн түзөтүү мобилдик көрүнүш режиминде түзөтүү
1-сап:
'''Даам''' — ооз көңдөйүндө түрдүү азык жана азык эмес заттар (мисалы, дарылар, айрым химиялык заттар) түшкөндө болуучу сезим. Даам сезимин эригич же эриген заттар пайда кылат. Кургак азык зат үчүн шилекей эриткич болуп эсептелет. Эрибеген заттар (кум, таш, жыгач жана башка)рапоорирть даам сезимин пайда кылбайт. Ал сезим эриген заттар Даам рецепторлорун дүүлүктүргөндө пайда болот. Даам рецепторлору тилде, жумшак таңдайда, [[бадам сымал без|бадам сымал безде]], [[кулкун|кулкунда]] жайгашкан.
 
Кишинин оозунда 2000дей даам рецепторлору болуп, алардын ар бирине бир нече сезгич нерв талчалар келет. Сезгич клеткалар дүүлүккөндө нерв талчаларда нерв импульстары пайда болот. Ооз көңдөйүндө Даам рецепторлорунан башка көп сандаган сезгич түзүлүштөр болуп, алар бир нерсе тийгенди, басымды, муздакты, жылууну сезет. Ооз көңдөйү ар кандай жытты сезгич нерв учтары жайгашкан мурун көңдөйү менен катнашат.
6-сап:
 
Даамды сезүү башка себептердин таасиринен да өзгөрөт, мисалы, жытты жакшы сезбей калганда тамак-аш даамсыз сезилет. Ошондой эле ички органдардын ооруларында да даам сезими бузулат (мисалы, өт баштыгынын оорусунда тамак — ачуу, тамак сиңирүү бузулганда — кычкыл, [[кант диабети|кант диабетинде]] таттуу даамданат). Тамакка табиттин ачылышы жана тамак сиңирүү процесстери даам сезимине байланыштуу.<br />
 
 
== Колдонулган адабияттар ==
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Даам" булагынан алынды