Аскаров, Теңдик: нускалардын айырмасы
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Okenovmirbek (талкуу | салымы) сүрөт галереясы кошулду |
Removing Askarov_Tendik_and_other_Kyrgyz_Authors.jpg, it has been deleted from Commons by Fitindia because: No permission since 24 September 2020. |
||
8-сап:
== '''Адабий макалалары жана илимий эмгектери:''' ==
Теңдик Аскаров күнү-түнү колунан китеп түшпөгөн адаты бар эле. Болочоктогу окумуштуу 9-класста окуп жүргөн учурда эле эл акыны Аалы Токомбаевдин 50 жылдык мааракесине карата мектеп окуучулары менен жолугушууда, кадыресе адабиятчы катары 1 сааттык баяндама жасайт. Теңдик Аскаров Кыргыз мамлекеттик университеттин кыргыз филологиясы факультетинин студенти кезде эле ондон ашык макаласы басма сөз беттерине жарыяланган. Алсак 1-курста жазган алгачкы макаласы, 1957-жылы “Ала-Тоо” журналына жарыяланса, 1958-жылы 3-курстун студенти кезде Кыргызстан жазуучулар союзунун пленумунда “Азыркы кыргыз поэзиясынын абалы”- деген темада баяндама жасайт. Жаш окумуштуу 1964-жылы «Адабияттагы көркөмдүк шарттуулуктун эстетикалык жаратылышы» -деген темада кандидаттык жана 1993-жылы «Адабий процессти философиялык талдоо» -деген темада докторлук диссертациясын жактаган. Бул чыгарма учурунда философиянын илимий татаал жана дискуссиялык проблемасын талдоодогу жаңылыгы менен окумуштуулардын көңүлүн бурган. 1967-жылы “Көркөм образдар дүйнөсүндө”, 1980-жылы “Эстетикалык жаңы сапаттарга” макалалар жыйнагы, 1983-жылы “Жаңыруунун жолунда”, 2001-жылы “Образдуу ой жүгүртүүнүн чексиздиги” аттуу эмгектери жарыяланган. Жалпы 350дөн ашык эмгектери басмадан чыгып, анын ичинен 16 монография, 1 окуу куралы, 4 макалалар жыйнагы , 9 чакан китептин автору. Анан да илимдин 9 кандидаты, 5 докторун даярдаган устат. Эмгектери орус, англис, немис, француз, испан жана башка тилдерде басылып, 10дон ашык чет өлкөдө илимий жыйында баяндама жасап келет. Теңидик Аскаров жөнүндө 2000-жылы Москвада чыккан “XIX – XX кылымдагы Россиянын философтору”- деген энциклопедиялык сөздүккө макала кирген.
|