Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
катачылык
No edit summary
62-сап:
}}
 
'''Көк-Жаңгак''' (''байыркы кыргызча:'' '''𐰚𐰇𐰚:𐰖𐰀𐰭𐰍𐰀𐰴''')— («көк» иран тилдеринде «кух» — тоо маанисин билдирет; тоо жаңгагы) — [[Жалал-Абад облусу|Жалал-Абад облусундагы]] [[Сузак району|Сузак районунун]] аймагында, шаар (1943-жылдан); темир жол бекети. Шаар [[Фергана тоо тизмеги|Фергана тоо тизмегинин]] түштүк-батыш этегинде, [[Көгарт|Көгарт суусунун]] сол куймасы — Коргонташ суусунун боюнда, Cерүүн-дөбөгө жакын, деңиз деңг. 1350—1590 м бийиктикте жайгашкан. Жалал-Абад шаарынан 30 км түн.-чыгыш тарапта, табияты кооз жаңгак-жемиш токойлуу аймакта жайгашкан. Шаар жайгашкан аймактын кышы жумшак (январдын орточо температурасы —15°Cге чейин), жайы салкын (июлдуку 30-35°C). Жаан-чачындын жылдык орточо өлчөмү 450 мм, көбүнчө кыш жана жаз айларында жаайт. 1958-ж. Көк-Жаңгак шаарында калктын саны 27 миңге жеткен. Калкы 11400 (2017)<ref>2017-жылдагы Кыргыз Республикасынын облустарынын, райондорунун, шаарларынын, шаар тибиндеги кыштактарынын калкынын саны, [http://www.stat.kg/ru/news/chislennost-naseleniya-kyrgyzskoj-respubliki-na-1-yanvarya-2017-goda/ Численность населения Кыргызской Республики на 1 января 2017 года]</ref>.
 
Көп улуттуу: көбү кыргыздар, ошондой эле орус, өзбек, татар жана башкалар. Көк-Жаңгак кыштак катары 1896-ж. негизделген. Анын эски калдыктары шаардын түштүк-батыш тарабында (4—5 км аралыкта) тоонун этегинде сакталган. Көмүр 1910-жылдан казып алына баштаган. 1931-ж. Жалал-Абад — Багыш — Көкжаңгак темир жолу курулган. 1932-ж. «Көкжаңгак көмүр» кен башкармасы уюшулуп, анда алгачкы жолу план б-ча 160,5 миң т, ал эми 1979-ж. 724 миң т. көмүр казылып алынган. Шаарда таш көмүр шахтасы, кийим тигүү фабрикасы (1968-жылдан иштейт), Жетиген» (1972-ж. ишке киргизилген «Профиль» заводу), «Коргонташ», «Тулпар» акционердик коомдору, «Гүлазык» нан заводу, банк, байланыш бөлүмү, турмуш-тиричилик комбинатынын бөлүмдөрү, басмакана, дүкөн, ашкана, чайкана, ресторан жана башкалар иштейт. Транспорттук жана экономикалык байланыштары темир жана автомобиль жолдору аркылуу жүргүзүлөт. Көк-Жаңгак автобекети 1979-ж. курулган. Шаарда кесиптик-техникалык лицей, 5 орто мектеп, музыкалык мектеп, спорт мектеби, шаардык китепкана, 5 бала бакча, оорукана (1935-жылдан иштейт), дарыкана, тез жардам берүү бөлүмү (1934), музей (1985), маданият үйү, кинотеатр жана башка мекемелери бар. Cовет бийлигин орнотууда жана Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган.
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Көк-Жаңгак" булагынан алынды