Мүчө: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: автоматизированный импорт статей
 
Схема жолу мн тушундуруу
Белгилер: мобилдик түзмөктөн түзөтүү мобилдик көрүнүш режиминде түзөтүү
 
1-сап:
'''Мүчө''' – жеке өзүнчө колдонулбаган, грамматикалык мааниси сөзгө уланганда гана аныктала турган көмөкчү морфема. Мүчө бир катар тилдерде уңгунун тыбыштык өзгөчөлүгүнө карата бир нече фонетикалык вариантка ээ. Мисалы, кыргыз тилинде: саан+чы, тил+чи, жумуш+чу, өтүк+чү. Функциясына карай мүчө сөз жасоочу, сөз өзгөртүүчү, форма жасоочу деп бөлүнөт (кийинки экөө кээде бирге да каралып жүрөт). Сөз жасоочу мүчө бир сөздөн экинчи бир сөздү жасайт, тилдин сөздүк курамынын байышында чоң роль ойнойт: эмгек+чил, сыз+гыч жана башкалар. Сөз өзгөртүүчү мүчө сөздүн башка сөзгө болгон синтаксистик мамилесин туюндурат: заман+дын, кел+ем. Форма жасоочу мүчө сөздүн лексикалык маанисине кошумча маани киргизет (ата+ке, ага+тай) же грамматикалык өзгөчө маани кошот (киши+лер). Мүчө уңгуга жалгануу ордуна карай префикс, суффикс деп бөлүнөт. Префикс (приставка) уңгунун алды жагынан (на+писать, бей+максат), суффикс арт жагынан писа+тель, сатир+ик), инфикс ичинен (корабл+е+строение, народ+о+население) жалганат.
[[Категория:Кыргыз тили]]
 
==Колдонулган адабияттар==
* [[“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы]]: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111 -7
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Мүчө" булагынан алынды