Түндүк Македония: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м Mvvnlightbae moved page Македония to Түндүк Македония: new official name
{{Европа өлкөлөрү}}
30-сап:
==Киносу==
Улуттук кинематографияны негиздөөчүлөр болуп бир тууган Я. жана М. Манакилер эсептелет. Алар 1905-жылы Македониянын айыл-кыштактарында, шаарында хроникалык сюжеттерди үзгүлтүксүз тарта башташкан. Бирок 1-дүйнөлүк согуш учурунда алардын иштери токтоп, кинофонд жоюлуп кеткен. Македония кинематографиянын кайрадан жанданышы 2-дүйнөлүк согуштан кийин башталат. 1947-жылы Скопьеде «Вардарфильм» деген киностудия түзүлүп, хроникалуу-документалдык тасмалар тартыла баштаган, 1952-жылы биринчи толук метраждуу фильм (В. Малескийдин сценарийи боюнча В. Нановичтин «Фросина» согуштук драмасы) тартылган. Студияда СФРЮнун ар кайсы республиканын режиссёрлору иштешкен, анын ичинде Ф. Штиглиц («Карышкыр түнү», 1955), Ж. Митрович («Мисс Стоун», 1958). Македониянын киносунун көтөрүлүшү 1960-жылдардын 2-жарымына туура келет. 1967-жылы Македония кинематографиясы үчүн этаптык болуп эсептелген. Т. Поповдун «Македондук кандуу үйлөнүү тою», Османлинин «Мементо», Георгиевскийдин «Каар тоосу» фильмдери коюлган. 1970-жылдарда македониялык анимациялык киносу эл аралык атакка ээ болот. 1979-жылдан Битол шаарында бир тууган Манакилердин атындагы Эл аралык кинофестиваль өткөрүлүп турат.
 
[[Категория: Мамлекеттер арип боюнча]]
==Колдонулган адабияттар==
* [[“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы]]: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111 -7
 
{{Европа өлкөлөрү}}
 
[[Категория: Мамлекеттер арип боюнча]]