Швейцария: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
{{Европа өлкөлөрү}}
мNo edit summary
Белги: 2017 source edit
1-сап:
[[File:Switzerland_in_Europe.svg|thumb|Швейцария.]]
 
'''Швейцария''' же болбосо '''Швейцария конфедерациясы''' - [[Европа]] континентинде орун алган өлкө. Борбор шаары - [[Берн]]. Мамлекеттик башкаруу түрү - федералдык парламенттик башкаруу системасы. Бул мамлекет Батыш Европада жайгашып, түндүгүндө [[Германия]], түштүгүндө [[Италия]], батышында [[Франция]], чыгышында [[Австрия]] жана [[Лихтенштейн]] менен чектешет. Швейцария мамлекет катары 1848-жылы 3 (облустан) кантондон түзүлгөн. Азыр Швейцариянын курамына 26 кантон кирет. Мамлекеттик 4 тил бар. Алар: немис, француз, итальян жана ромонж (ромонж тили 1 гана кантондо колдонулат) тилдери. Швейцария узак убакыттан бери саясий жана аскерий бейтараптыкты сактап келет. Ошол себептен бул өлкөдө көптөгөн ири эл аралык уюмдар жайгашкан. <br>
 
=== Өлкөнүн аталышы ===
[[File:Flag of Switzerland (Pantone).svg|thumb|]]
 
Швейцариянын мамлекеттик тилдериндеги аталышы ар түрдүү. Мисалы немисче-''Schweiz'', французча-''Suisse'', италиянча-''Svizzera'', ромонжчо-''Svizra'' -деп аталат. Швейцариянын расмий аталышы- '''Швейцария конфедерациясы''' - немисче-''Schweizerische Eidgenossenschaft'', французча-Confédération suisse, италиянча-Confederazione Svizzera, ромонжчо ''Confederaziun Svizra''. <br>
Өлкөнүн аталышы XVI кылымда Швиц ''Schwytz'' кантонунун(облусунун) негизинде пайда болгон. Байыркы немис тилинен ''Schwytz'' аталышын кыргызчага которгондо "өрттөө" -дегенди билдирет. 972-жылы швейцариялыктар өздөрү жашаган Швиц айылындагы калктын тукум уланышына, жер өсүмдүктөрүнүн жакшы өсүшүнө кам көрүү максатында айылдын тегерегиндеги токойлорду ирээтеп, куураган бактарды дайыма өрттөп турушчу. Ошондон улам ''Shwytz'' (кыргызча-өрттөө)- деген аталышы пайда болгон. <br>
Кийинчирээк австриялыктар тарабынан Schwytz деген аты бурмаланып, азыркы учурда Швиц (немисче- ''Schweiz'') деп айтылып келет. <br>
Кыргыздар арасында аталган мамлекет Швейцария -деген аталышы менен белгилүү.
Line 17 ⟶ 19:
</gallery>
 
Щвейцариянын латын тилиндеги аталышы — ''Confoederatio Helvetica''. Бул аталышты щвейцариянын акчаларынан жана өлкөнун интернет доменинде көрүүгө болот(ch). Ошондой эле Щвейцариянын почта маркаларында дагы Helvetia- деген латын тилиндеги аталышы жазылат. Мындан тышкары "Хелветика конфедерациясы" -деген расмий жазуу темир акчаларда жана өлкөнүн борбор калаасы болгон Берн шаарындагы Өкмөт үйүнүн кире беришинде да сакталып калган.

Мамлекет- "Швейцария Конфедерациясы" (фрацузча-''Confédération suisse'') катары биринчи жолу жалпы европалык "30 жылдык согуш" учурунда (1618-1648) кайсы бир немисче документте катталган. Бирок, бул аталыш ошону менен тез эле кеңири колдонулуп кеткен жок. XVIII-кылымга чейин расмий түрдө да, жөнөкөй учурда да "Хелветика корпусу", "Магна лигасы" жана "Хелветия" деп айтылып жүргөн. Щвейцария

Iвейцария конфедерациясы- деген аталыш 1803-жылдын 19-февралында Наполеон Бонопарт тарабынан жазылган "Ортомчулук мыйзамында" да белгиленген эмес. Биринчи жолу "Щвейцария конфедерациясы" катары австриялыктар менен болгон согуштан кийин 1815-жылдагы "Швейцариянын биригүүсүнүн түбөлүк бейтараптыгы жана чек араларынын кол тийбестиги жөнүндөгү" декларациянын 15-беренесинде жазылган.

Анткен менен 1948-жылы 22 кантон (облус) "Щвейцария конфедерациясын" түзүп, жаны кабыл алган Конституциясында кайрадан "Хелветика конфедерациясы" (''Confoederatio Helvetica'') - деп жазылып калган.

Мезгил өткөн сайын "Хелветика конфедерациясы" деген аталышы аз колдонулуп отуруп, акыры 1999-жылы кабыл алынган Конституцияда расмий түрдө "Щвейцария конфедерациясы" аталды.
 
=== Тарыхы ===
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Швейцария" булагынан алынды