Элдик медицина: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
1-сап:
'''Элдик медицина''' (жергиликтүү же салттуу медицина деп да аталат) заманбап [[медицина]] дооруна чейин ар кандай коомдордо муундан-муунга өтүп, өнүгүп келе жаткан салттуу билимдердин медициналык жагын камтыйт.
'''Элдик медицина''' — дарылык касиети бар заттар, [[Өсүмдүктөр|өсүмдүктөр]], гигиеналык ыкмаларды ооруну дарылоо, алдын алуу, ден соолукту чыңдоо үчүн пайдалануу жөнүндө элде чогулган маалыматтар Алгачкы коомдогу кишилер сынган, чыккан сөөктү ордуна салууну билишкен. Ооруну жеңилдетүүдө чөптөрдүн, суунун, күн нурунун дарылык касиеттерин байкашкан. [[Египет|Египеттиктер]] [[Апийим|апийимди]], тибеттиктер жаратылыштагы заттарды дары катары кеңири колдонушкан. Азия элдеринин адабий мурастарында климат, таза аба, дене тарбия, туура тамактануунун ден соолукту сактоодо зор мааниси жөнүндө маалыматтар сакталган. Элдик медицина тууралуу [[Гиппократ]], [[Гален]], Ибн Сина жана башкалардын эмгектеринде жазылган. Орусияда Элдик медицина элементтери, түрдүү өсүмдүк маңызы жараат, цинга жана башкалар ооруларды дарылоодо кеңири пайдаланылган. Кээ бир тажрыйбалуу табыптар ([[Борбордук Африка|Борбордук Африкада]]) операция жасап, жатындагы баланы ала алышкан (кесарь кесүү).
 
<br />
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму салттуу медицинаны «биз аларды түшүндүрө алган-албаганыбызга карабай, ден-соолукту сактоо, тулку-бойлук жана психикалык илдеттерден алдын алуу, диагностикалоо жана адамдын абалын жакшыртуу үчүн колдонулуучу түпкүлүктүү калктын жана ар башка маданият өкүлдөрүнүн теориясына, ишенимдерине жана тажрыйбасына негизделип, топтолгон билимдин, ишенимдердин жана көндүмдөрдүн жалпы жыйындысы» катары аныктайт.<br />
 
== Кыргыздын элдик медицинасынын тарыхы ==
Совет мезгилиндеги кыргыздардын элдик медицинасына мамиле бир кылка болгон эмес. Элдик билим [[Эмпиризм|эмпирикалык]], пайдалуу жана прагматикалык кызыкчылыктарды көздөгөн (негизинен чөп-чар менен дарылоо жана натуропатия) жана сыйкырдуу-мистикалык (шамандык ырым-жырымдар, дарымдоо сыйкырлар, дубалоо, зыярат кылуу) болуп бөлүнүп, өткөндүн калдыгы катары жарыяланып, тыюу салынган.
 
Ошондой эле Совет мезгилинде айрым ыйык жерлер (мазарлар) санаторийлерге жана пансионаттарга айландырылып, пайдаланууга берилген. Негизинен, булар термалдык жана башка жер астындагы пайдалуу булактары бар мазарлар. Мисалы, [[Ысык-Көл]]дүн түштүк жээгиндеги [[Жети-Өгүз]]дөгү радон булактары жана тоолуу [[Ысык-Ата курорту|Ысык-Ата курорт]]ундагы бир катар объектилер (Чүй облусу) ушундай тагдырга туш болгон.
 
1990-жылдары элдик натуропатия гана эмес, сыйкырдуу-мистикалык практикалар да жанданып, неошаманизм жайылууда, анын ичинде каада-салтка тиешеси жок, бирок аны менен байланышууга умтулган жаңы тажрыйбалар пайда болууда.
 
Бул багытта «Ата жолу» сыяктуу жаңы диний агымдар жана аталган багыттан бөлүнүп кеткен топтор улам барган сайын таанымал болуп жатат. Бул топтор тарабынан диний, руханий жана ден-соолукту чыңдоочу туризм колго алынып, өркүндөтүлүүдө. Негизги бириктирүүчү элементи ыйык жерлерге зыярат кылуу болуп саналган неошамандык уюмдар – «жергиликтүү руханий борборлор» пайда болууда.
 
Салттуу ырым-жырымдар кээде жаңы формаларга ээ болот. Мисалы, кыйналып келген зыяратчыларга медиумдар рухтардын атынан бата тилейт. Адатта мындай жөрөлгө көбүнчө «бата чыгаруу» деп аталса, ал эми адаттагыдай кадыр-барктуу адамдардын атынан бата берилиши мурдагыдай эле бата берүү деп аталат. Мындан тышкары зикир чалуу, дубалоо, спиритуалдык байланыштар (жар салуу) да бар.
 
1990-жылдары зыярат кылуу жана башка жөрөлгөлөр жаңы дем менен жанданып, калыбына келтирилген ыйык жайларда, минералдык булактарда же Совет доорунда эс алуучу-ден соолукту чыңдоочу комплекстерге айланган жерлерде өткөрүлүп келет.
 
== Кыргыздын элдик медицинасы ==
Кыргыздын элдик медицинасында картык менен кан алуу, сүлүк салуу, кийиз күйгүзүп басып, кандын агышын токтотуу, тамыр кармап ооруларды «ысык» же «суук» деп бөлүп, тамактануу жолун көрсөтүү жана башкалар («ысык» болсо оорулууга мүнөз тамак же 20—30 күн кайнак суу берип, ачкалык менен, «суук» болсо күчтүүлөп тамак берип дарылаган) колдонулган. Ошондой эле Элдик медицинада ооруну басаңдатуу же жарааттын ириңин сордуруу максатында түрдүү чөптөрдү жана алардан жасалган дарыларды тартышкан, ичиришкен; айбанаттардын өтүн, майын сыйпашкан; кеперес, ачык таш, сымап жана башкалар минералдык заттарды да дары катары колдонушкан. Табыптардын колдонгон ыкмалары, дарылары көп учурда зыяндуу келип, оорулуунун өмүрүнө коркунуч туудурган, жугуштуу ооруларды таратууга шарт түзгөн. Ошону менен катар Элдик медицина анын дарыгерлери билими жагынан төмөнкү баскычта турушса да, колдонгон каражаттары эң жөнөкөй болсо да өз убагында калкка чоң жардам көрсөтүшкөн. Элдик медицина кээ бир ыкмалары жана баалуу тажрыйбалары (мисалы, ийне сайып дарылоо, чөп менен дарылоо жана башкалар) илимий медицинада колдонулат.
 
== Үй шартында дарылоо ==
Үй шартында дарылоо (кээде кемпирлердин эми-дому деп да аталат) – айрым бир жыпар жыттуу заттар, чөптөр, жашылчалар же дагы башка кеңири таралган нерселерди колдонуп, кеселди дабалоо. Көпчүлүгү жөн гана салттын, көнүмүш адаттын шары менен же бейтапты дарынын таасирине ишендирүү үчүн гана (плацебо эффектиси) колдонулат.
 
Үй шартында дарылоонун эң белгилүү мисалдарынын бири тоок шорпосун колдонуу болуп эсептелет. Аны менен суук тийген же жеңил тумоо сыяктуу респиратордук жугуштуу ооруга кабылган бейтапты дабалашат. Үй шартында дарылоонун башка мисалы: сынган сөөктү калыбына келтирүү же тамандын сөөлүн дарылоо үчүн жабышкак лента, тамак ооруну дарылоо үчүн кант кошуп чалынган жумуртканын сарысы пайдаланылат.
 
Илгери энелерге олуттуу дары-дармектерден башкасынын бардыгы ишенип берилген. Тарыхый тамак-аш китепчелеринде ич өткөк менен ысытманы дарылоочу жана аялдардын илдеттерине шыпаа болуучу каражаттар толтура. Алоэ вера өсүмдүгүнүн компоненттери тери илдеттерин дабалоодо колдонулат.
 
Көптөгөн европалык спирт ичимдиктери же дижестивалар алгач дары каражаты катары сатылган. Кытайдын элдик медицинасында дары кайнатмалар (чөптөр кошулуп, узак мөөнөт ичинде даярдалган күрүч шорпосу), тамак-аш азыктары жана шорполор дабалоо практикаларынын бир бөлүгү болуп эсептелет.
 
== Сын ==
ДСУ: «Салттуу дары-дармектерди же ыкмаларды туура эмес колдонуу терс же кооптуу кесепеттерге алып келиши мүмкүн жана элдик медицина тутуму колдонгон мындай усулдар менен дары-дармек өсүмдүктөрүнүн майнаптуулугун жана коопсуздугун аныктоо үчүн мындан ары изилдөөлөрдү жүргүзүү керек», – деп белгилейт.
 
=== '''Коопсуздук''' ===
Салттуу медицинанын ишмердигине байланыштуу 130 мамлекетте ченемдик актылар болгону менен, аларды колдонууда тобокелчиликтер дагы эле бар. Мисалы, кээ бир салттуу дары-дармектерде дагы эле жаныбарлардан алынган заттар колдонулгандыктан, мындан зооноза илдети менен ооруп калуу коркунучу жок эмес. Салттуу дары-дармектер көбүнчө табигый деп эсептелип, аларды коопсуз деп боолголошот. Бирок дайым эле андай боло бербейт.
 
=== Жоголуп бара жаткан жаныбарлардын түрлөрүн пайдалануу ===
Кээде жоголуп бараткан, мисалы жай лори сыяктуу жаныбарлар салттуу дары-дармектер үчүн өлтүрүлөт. Майнаптуулугу далилденбесе дагы акулалардын калкандары элдик медицинада колдонулуп келген. Бул адат акулаларды кырып-жоюуга алып келип, экотутумга чоң зыян тийгизет.
 
== "Манастагы" элдик медицина ==
Элдик медицина — адамды ар түрдүү дарылар, дары өсүмдүктөр (көбүнчө чөптөр), минералдык заттар, айрым жаныбарлардын эти жана ички органдары жана башкалар дарылык касиети бар заттар менен айыктыруу жөнүндөгү элде чогулган маалыматтар, эмпирикалык түшүнүктөр. Кыргыз Э. м-сында суу берүү, териге алуу, жылуу сууга салуу (арашан), ысыктоо, ушалатуу, кан алуу, сүлүк салуу, тамыр кармоо жана башка ыкмаларды колдонулуп келген. Кыргыздардын мурунку көчмөн турмушунда элдик хирургия болгондугу да белгилүү. Мисалы, сынган сөөктү сакайтуу , жөнөкөй операцияларды жасоону билген. Жөнөкөй хирургиялык аспаптарды колдонгондуу менен дарылагандыгы азыркы учурга чейин белгилуу. Бул маалыматтар азыркы мезгилге чейин кагаз турундо аз жазылып,ооздон озго айтылып бизге чейин жеткен жетти.<br />
Line 77 ⟶ 110:
 
== Колдонулган адабият ==
*Wikipedia <nowiki>[https://en.wikipedia.org/wiki/Traditional_medicine#]</nowiki>;
* Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8
* World Health Organization; <nowiki>[https://www.who.int/]</nowiki>;
* [["Манас" энциклопедиясы]]/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4
*Н.А. Маничкин «Народная медицина киргизов: советский и постсоветский опыт».
 
[[Категория:Манас эпосу]]