Бешик: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бешике байланышкан ишенимдер кошулду
13-сап:
 
Бала бешикке салынган соң ата-эне мүмкүнчүлүктөрүнө жараша айлын чакырып, той берген. Жону жукалар мал союу колунан келбей калса, жакшы тамак жасап, кошуналарын чакырган. «Баласын бешикке салып, бата алды» деп айтылган.
 
 
'''Бешикке байланыштуу ишенимдер.'''
 
 
'''Бала жатып жүргөн бешик сатылбайт.''' Ымыркайга арналып алынган бешикти колдонгондон кийин акчага сатканга болбойт. Бирөө-жарым сурап келсе, "колдонуп бүткөндөн кийин кайра бересиңер" деген шарт менен берип коюшкан.
 
'''Сатып аларда соодалашпайт.''' Бешикти сатып аларда устанын айткан акчасын берет. Өз кезегинде ал да ашыкча пул сурабашы керек.
 
'''Куру терметпейт.''' Куру терметилген бешик жамандыктын белгиси, баласыз өтүп, наристе токтобой калат деген ишеним жашаган.
 
'''Жабуусуз калтырбайт.''' Бешиктин бети дайыма жабылып турган. Бөбөктүн бетине айдын нуру да төгүлбөшү керек деген ишеним бар. Баса, караңгыда бешикти алып чыкпайт, жылдызга көрсөткөнгө болбойт дешкен.
 
'''Баланы сол жагынан бөлөбөйт.''' Бөбөктү бешиктин оң тарабынан бөлөп, кайра оң жагынан чечип алуу зарыл.
 
'''Аттабайт, бут менен терметпейт.''' Бешик наристе жаткан ыйык буюм катары эсептелгендиктен, аны аттап өтүүгө, тепкенге болбойт.
 
'''Экөөлөп көтөрбөйт.''' Табытты көтөргөн сыяктуу болуп калат деген сактануу менен бешикти эки адам көтөргөн эмес. Ошондой эле аны экөөлөп бир убакта терметпейт.
 
'''Бешикке өбөктөбөйт.''' Наристе жаткан бешикке өбөктөп, күч салган туура эмес. Мындан сырткары, кичине балдардын тебелеп-тепсеп, үстүнө чыгып алып ойноосуна да жол бербеш керек.
 
'''Тышка чыкпай тургула.''' Баланы бөлөп жатканда эч ким сыртка чыкпаш керек. Баланын уйкусун алып чыгып кете
 
==Маалыматтын булагы==
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Бешик" булагынан алынды