Мануйлова Ольга Максимилиановна: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
мNo edit summary
wikifix
1-сап:
{{merge|Мануйлова, Ольга Максимилиановна}}
 
'''Мануйлова Ольга Максимилиановна''' (30. 10. 1893, [[Нижний Новгород]], азыркы Горький шаары – 1984, [[Бишкек|Фрунзе]]) скульптор, Кыргыз ССР эл сүрөтчүсү (1954). 1911-жылы Самарканд гимназиясын (алтын медаль менен) жана Ташкент балдар гимназиясын бүтүрүп, 1912-жылы Мюнхенде (Германия) атактуу скульпторлордун, искусство таануучулардын лекциясын уккан. 1913–16-жылдары Москванын живопись, ийчилик жана зодчийлик окуу жайынын скульптура бөлүмүндө окуган. 1920-жылдан Ташкент сүрөт окуу жайынын окутуучусу. 1928-жылдан Ленинграддагы Борбордук аскер-деңиз жана революция музейлеринин кызматкери. 1934-жылдан Кыргызстанда иштеген. Мануйлова – көптөгөн эстеликтердин, миниатюралардын автору. Негизги чыгармалары: «Советтик Конституция» (Конституциялык соттун имаратынын бетиндеги барельеф фризи, цемент, 1940), И. В. Панфиловдун эстелиги (гранит, бетон, 1942. А. А. Мануйлов менен бирге), «Чоң Чүй каналын куруучулар» (гипс, 1942), М. Күрөңкөевдин портрети (гипс, 1948), «Тоголок молдого эстелик» (гранит, 1963), Кыргыз опера жана балет театрындагы жасалга скульптура тобу (1952–55, С. Кийизбаеванын портрети (1952) ж. б. Медалдар менен сыйланган.
 
[[Категория:Инсандар]]
==Колдонулган адабияттар==
* [[“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы]]: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111 -7
 
[[Категория:Инсандар]]