Шарль Бодлер: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
File
1-сап:
[[File:Étienne Carjat, Portrait of Charles Baudelaire, circa 1862.jpg|thumb]]
 
'''Бодлер Шарль Пьер''' (9.4.1821, Париж 31.8.1867, ошол эле жер) француз акыны жана жазуучу. Француз символизмине чыйыр салган. Чыгармалары 1840-жылдын орто ченинен жарыялана баштаган. Ал Э. Понун «Жасалма бейиш» (1860) китебин которгон. Ошондой эле романтикалуу живопись жөнүндөгү сериялардын, күндөлүк дептерлердин, «Сыр ачкан жүрөк» (185566), «Каргашалуу гүлдөр» (1857), «Кара сөздөгү ырлар» (1869), «Париждеги маанай чөгүү» аттуу чыгармалардын автору. Аталган чыгармаларында Бодлер коомдогу зомбулук менен наадандык сыяктуу терс көрүнүштөрдү ачып берген. 19-кылымдын аягы 20-кылымдын башында модернизмдин алгачкы жышааны катары маданий чөйрөдө аны «каргыш тийген акын» деп аташкан. Романтизмдин элементтерин бириктирүү менен катар символизмдин негизинде «Парнас» мектебин ачкан. Бодлер романтикалык поэзияны өркүндөтүүдө үн менен ыргакты айкалыштырууда өзгөчө басым жасаган. Анын чыгармаларын П. Ф. Якубович, И. Ф. Анненский, В. Я. Брюсов, Вяч. И. Иванов, жана башка орус тилине которгон.
[[Категория:Дүйнө элдери]]