Европа: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
Белгилер: мобилдик түзмөктөн түзөтүү мобилдик көрүнүш режиминде түзөтүү
Грамматикалык каталар
Белгилер: Reverted Көрсөтмөлүү оңдоо мобилдик түзмөктөн түзөтүү мобилдик көрүнүш режиминде түзөтүү
1-сап:
{{маанилер|2=ЕвропаЭвропа}}
[[Файл:Europe orthographic Caucasus Urals boundary (with borders).svg|thumb|ЕвропаЭвропа.]]
'''ЕвропаЭвропа континенти''' – дүйнө бөлүгү, [[ЕвразияЭвразия|ЕвразияЭвразия]] материгинин батыш жагы. Азия менен чек арасы Уралдын кыры же чыгыш этеги, Урал дарыясынын өрөөнү, Каспий деңизи, Кума-Маныч ойдуңу жана Керч кысыгы (кээде Чоң Кавказдын кыры менен), Азов, Кара жана Мрамор деңиздери, Босфор, Дарданелл кысыктары аркылуу өтөт. Аянты 10,2 млн'' км''2 (аралдары менен). Калкы 583,2 млн (2005, Россиянын калкын кошпогондо). Европа түндүгүнөн жана Түндүк-батышынан [[Түндүк Муз океан]] жана анын деңиздери – Кара (Карск), Баренц, Ак, Норвег, батышынан жана түштүгүнөн – Атлантика океаны жана анын деңиздери – Балтика, Түндүк, Жер Ортолук, Мрамор, Кара, Азов деңиздери, Түштүк-чыгышынан туюк – Каспий көл-деңизи менен чулганат. Түзөң аккумуляциялык жана абразиялык жээктер басымдуу; ошондой эле ''ватт'' (марш), тектон., ''фьорд'', ''шхер'', ''риас'', ''дальмация'' тибиндеги жээктер да мүнөздүү. ЕвропанынЭвропанын эң четки учтары: түндүгүндө – Нордкин, түштүгүндө – Марроки, батышында – Рока тумшуктары, чыгышында – Уюлдук Уралдын Байдарата булуңчасына жакын жайгашкан чыгыш этеги. Аралдарынын аянты 730 миң'' км''2дей; эң чоңдору – Жаңы Жер, Франц-Иосиф жери (Рудольф аралындагы Флигели тумшугу – ЕвропанынЭвропанын эң Түндүк чети болуп саналат), Шпицберген, Исландия, Британия, Ирландия, Корсика, Сардиния, Сицилия, Крит. Жээктери булуң-буйткалуу. ЕвропанынЭвропанын аймагынын 1/4ин Скандинавия, Пиреней, Апеннин, Балкан, Кола жана башка жарым аралдар ээлейт. Океандан Чыгыш ЕвропанынЭвропанын эң алыс жери 1600 км, Батыш ЕвропаныкыЭвропаныкы – 600 кмдей. Айрым геогр. жана статистикалык-экон. эмгектерде ЕвропагаЭвропага Кавказды да (Закавказье, Кавказ өндүрүн дагы) кошот. Адатта ЕвропаЭвропа эки бөлүккө – Чыгыш ЕвропагаЭвропага жана Батыш ЕвропагаЭвропага бөлүнөт. ЕвропанынЭвропанын деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги 300 ''м''дей. Эң бийик жери – Альп тоолорундагы Монблан чокусу, 4807 ''м''; эгерде Азия менен ЕвропанынЭвропанын чек арасы Чоң Кавказдын Башкы же Суу Бөлгүч кырка тоосу аркылуу өтсө, анда эң бийик жери Эльбрус чокусу (5642 ''м'') болмок. Эң жапыз жери Каспий бою ойдуңу, ал деңиз деңгээлинен 28 ''м'' төмөн жайгашкан. Рельефинде ойдуңдуу түздүктөр жана дөңсөөлөр басымдуу; аймагынын 17%ин тоолор ээлейт. Чыгыш ЕвропанынЭвропанын рельефи бир кылка, анда ''Чыгыш ЕвропаЭвропа'' ''түздүгү'' (Орус түздүгү) жайгашкан; түздүктүн Түштүк-чыгыш бөлүгү (''Каспий бою ойдуңу'') деңиз деңгээлинен төмөн жатат. Батыш Европада түздүктөр менен тоолор болжол менен бирдей таралган. Негизги түздүктөрү – ''Ортоңку ЕвропаЭвропа түздүгү'', ''Төмөнкү Дунай түздүгү'', ''Орто Дунай түздүгү'', ''Париж'' ''бассейни'', ''Падан түздүгү''. Борбордук ЕвропагаЭвропага, Түндүк жана Түштүк ЕвропанынЭвропанын жарым аралдарына жапыз жана орто бийик тоолор мүнөздүү. Эң бийик тоолору: Альп, Карпат, Пиреней, Скандинавия, Апеннин тоолору, Балкан жарым аралындагы тоолор. ЕвропанынЭвропанын чыгыш чегинде ''Урал'' тоолору жатат. Кээде Кавказ тоолорун да Европага кошушат.
 
Эң байыркы (кембрийге чейинки) тектоникалык структурасы – ''Чыгыш ЕвропаЭвропа платформасы'' (калкандары: Балтика, Украина), ал негизинен Чыгыш ЕвропаЭвропа (Орус) түздүгүн ээлейт. Протерозойдун аягы – кембрийде жүргөн ''Байкал бүктөлүүсүнө'' Тимань токол тоосу, Печора ойдуңу, Кола жарым аралынын Түндүк чет-жакасы; кембрий, ордовик, силур мезгилдерин камтыган ''каледон бүктөлүүсүнө'' Шпицберген аралы, Аюулуу аралы, Британ аралынын Түндүк жана батыш бөлүктөрү, Ирландия аралы; девон, карбон жана пермде болгон ''герцин бүктөлүүсүнө'' Пиреней жарым аралындагы тоолор, Франциянын Борбордук жана Арморикан массивдери, Түштүк Уэльс, Арденна, Вогез, Шварцвальд, Гарц, Кендүү тоолор, Богема массиви, Судет тоолору, Силезия, ошондой эле Урал тоолору, Жаңы Жер аралынын тоолору; кайнозойдо болгон ''альп бүктөлүүсүнө'' – Андалус, Апеннин, Альп, Карпат тоолору, Балкан жана Крым жарым аралдарынын тоолору кирет. Исландияда жана Жер Ортолук деңиз аймагынын аралдарында аракеттеги жанартоолор бар. Европа нефть жана газ (Волга – Урал нефть-газдуу аймагы, Кавказдын этектери, Түндүк деңиздин шельфтери), көмүр (Донбасс, Печора, Москва, Жогорку Силезия, Рур бассейндери жана башка), темир (Курск магнит аномалиясы, Украина, Урал, Кола жарым аралы, Лотарингия, Скандинавия жарым аралынын Түндүк аймактары), ошондой эле боксит, түстүү металл, таш жана калий туздары жана башка кендерге бай.
 
==Климаты==
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Европа" булагынан алынды