Габон: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
Белгилер: мобилдик түзмөктөн түзөтүү мобилдик колдонмодон түзөтүү iOS app edit
No edit summary
Белгилер: мобилдик түзмөктөн түзөтүү мобилдик колдонмодон түзөтүү iOS app edit
14-сап:
'''Габон''' [[унитардык мамлекет]]. Конституциясы 1991-ж. 14-мартта кабыл алынган. Башкаруу формасы президенттик республикасы [[Мамлекет]] башчысы президент (7 жылга шайланат). Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы эки палаталуу парламент (Улуттук чогулуш жана Сенат). Аткаруу бийлигин премьер-министр жетектеген өкмөт ишке ашырат, ал президент тарабынан дайындалат. Саясий партиялары: Габон демократиялык партиясы, Габон прогресс партиясы жана башка. Аймагынын басымдуу бөлүгүн жапыз тоолор жана тоо массивдери ээлейт. Бийигирээк тоолору Шайю (Ибунжи чокусу, бийиктиги 1580 м) жана Хрусталь ([[Дана чокусу]], 1000 м). Батыш бөлүгүндөгү деңиз жээктерин туурасы 30-200 км келген ойдуңдар ээлейт. Кенбайлыктары нефть, газ, марганец, уран, темир. Климаты ысык жана нымдуу, Түндүк жагы экватордук. Апрелдин орто температурасы 25ө-28°С, июлда 22ө-24°С. Жылдык жаан-чачын 1500-3000 мм. Дарыялары өтө жыш жана суусу мол. Ириси Огове. Аймагынын 75%ин дайыма жашыл нымдуу токой (окуме, озиго, лимба жана башка), жээк бойлорун мангр токою каптап жатат. Улуттук парктары: Вонга-Вонг, Оканда жана биосфера резерваты Ипасса-Макоку. Кызылсары латерит топурактуу. Калкынын 92%ин банту улутундагылар түзөт. Шаар калкы 79%. Негизинен христиан (82%), ошондой эле салт болуп калган жергиликтүү динди (андан ичкери 1%ке жакыны мусулман сүнөттөр) тутат. Калкынын жашынын орто узактыгы эркектериники 54, аялдарыныкы 56 жашаары Орто жыштыгы 1 км<sup>2</sup> жерге 5,3 киши туура келет. Ири шаарлары [[Либревил|Либревиль]], [[Порт-Жантиль]], [[Франсвиль]]. Габондун аймагында адам палеолит доорунда эле жашай баштагандыгы белгилүү.
 
== ТарыкыТарыхы ==
Өлкөнүн байыркы калкы пигмейлер болсо керек деп болжолдонот, 10-13-кылымдарда бул аймакка бантулар келип отурукташкан. 18-19-кылымдарда түндүктөн келген жана жергиликтүү урууларды түштүккө сүрүп чыгарган фанг элдери Габондун этностук тарыхында маанилүү ролду ойногон. 15-кылымдын аягында (1485) Габонго португалиялык деңиз саякатчылары келген учурда, алар уруулук түзүлүштө жашап турушкан. 16-18-кылымдарда европалык жана америкалык кул сатуучулар Габондун аймагын кул сатып алуунун ири борборунун бирине айландырышкан. 1839-ж. француздар Габон булуңунун сол жээгинде отурукташып, 1849-ж. оң жээгин ээлешет да, Либревиль шаарын негиздешет. 19-кылымдын 40-80-жылдарында француздар өлкөнүн аймагын толук ээлешет. Габондун калкынын француз баскынчыларына каршы күрөшү 1-дүйнөлүк согушка чейин созулган. 1903-ж. Габон расмий түрдө колония деп жарыяланып, 1910-58-ж. Франциялык Экватордук Африканын курамында болгон. Колониялык режим жылдарында өлкөнүн аймагынын ири бөлүгү француздук компанияларга концессияга берилген. 1940-50-жылдары алгачкы улуттук саясий уюмдар түзүлгөн. 1946-ж. кеңеш берүү функциялары ыйгарылган өкүлчүлүк органы Аймактык ассамблея, 1957-ж. жергиликтүү африкалыктардан турган алгачкы Өкмөттүк кеңеш түзүлгөн, бирок анын чечимдери француздук губернатор тарабынан бекитилүүгө тийиш болгон. 1958-ж. Габон республикасы болуп жарыяланган. 1959-ж. февралда биринчи конституциясы кабыл алынып, ага ылайык Өкмөттүк кеңеш Министрлер кеңешине, Аймактык ассамблея Мыйзам чыгаруу ассамблеясына айландырылган. 1960-ж. 15-июлда француз өкмөтү Габондун көзкаранды эместиги жөнүндөгү келишимге кол койгон. 1960-ж. 17-августта Габон көзкаранды эмес мамлекет деп жарыяланган. Ошол эле жылы сентябрда ал БУУга кабыл алынган. 1961-ж. февралда жаңы конституция кабыл алынып, өлкөнүн алгачкы президенти болуп Л. Мба шайланган. 1967-ж. Мба өлгөндөн кийин аралы Бонго президент болуп калган. Ал 1968-ж. Габон демократиялык партиясын негиздеген жана Батыш өлкөлөрү менен кызматташуу саясатын уланткан. Бай жаратылыш ресурстарынын натыйжасында Габон Африкадагы эң бай мамлекеттердин катарына чыккан. 1991-ж. мартта жаңы Конституция кабыл алынган. 1993, 1998, 2005-ж. шайлоодо Бонго кайрадан жеңишке жетишкен.
 
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Габон" булагынан алынды