Эпитет(адабият): нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м Bot: Migrating 33 interwiki links, now provided by Wikidata on d:q207869 (translate me)
No edit summary
Белгилер: мобилдик түзмөктөн түзөтүү мобилдик көрүнүш режиминде түзөтүү
 
1-сап:
'''Эпитет'''([[Грек тили|гр.]] – түшүндүрүү) – топтунтроптун бир нерсенин, окуянын, кубулуштун мүнөздүү бөтөнчөлүктөрүн көрсөтүп берүүчү түрү. Мындай сөздөр (эпитеттер) буюмдун же окуя-кубулуштун сапатын, тек-жаатын, башкалардан айырмалуу касиетин индивидуалдаштырат, речти көркөмдөөгө жардам берет. Эпитеттер сөзсүз түрдө кайсы бир сөздү же сөз айкашын жандап келет. «Алтын өзөн», «[[Арстан Манас]]» десек, мындагы Эпитет сөздөр «алтын» жана «арстан» сөздөрүнөн кийинки «Өзөн» жана «Манас» деген сөздөрдүн негизги белгилерин бир кыйла күчөтүп, өтмө мааниде көрсөтүп турат. Эпитеттер [[зат атооч]] (күмүш зымдар, бойдок жигит), [[сын атооч]] (ак шумкар, жашыл жалбырак), сан атооч («токсон жыл кыргын болсо да, касиети кетпеген») ж. б. сөз түркүм-дөрүнөн түзүлөт. Эпитеттер туруктуу
жана өзгөрүлмө болуп бөлүнөт. Туруктуу эпитеттер [[элдик оозеки]] чыгармаларда кеңири учурайт да, мындай учурда эпитет катары дайыма колдонулуп жүргөн даяр сөздөр мүнөздүү түшүнүктөрү менен кошо келет. Мисалы, Элемандын [[Эр Төштүк]], Шер Манас, ак олпок, кызыл туу, ак сүт, ак чач ж. б. Өзгөрүлмөлүү эпитеттердин туруктуу сөздөрү жок, алар автордун максатына багындырылып колдонула берет. Мисалы,<br />