Туу: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м Reverted edits by Үрүйэ (talk) to last revision by ImeNtrav
Белги: Rollback
No edit summary
 
1-сап:
[[Файл:Flag Map of The World (2021).png|thumb]]
Туу — асаба, байрак, желек; мамлекеттик аскер бөлүгүнүн жана башкалар символу. [["Манас" эпосу|"Манас" эпосунда]] ар бир аскер бөлүгү, башкача айтканда ондук, жүздүк, миңдиктердин өз өзүнчө желеги болуп, бардыгы бир Т-га бириккен. Ал ар кандай кездемеден жасалып, каскакка (жумуру ичке узун жыгачка) бекитилет. Байыркы Чыгыш, [[Индия|Индия,]] [[Кытай]] жана башкалар өлкөлөрдөн келип чыккан. Кыргыздарда Т. жөнүндө түшүнүк байыртадан эле белгилүү болгон. Т. бийик жерге илинип, аскерлерди чогултуу белгисин билдирген. Орто кылымда аттын куйругун узун шыргыйдын же найзанын учуна бекитип жасаган Т-лар да колдонулган. Т. кыргыздарда да ар кандай шартта түрдүүчө колдонулган. Жоого аттанганда Т. алып жүргөнгө эр жүрөк, ишеничтүү жоокер дайындалган. Салгылашуу учурунда кошунга дем, кубат берүү максаты менен ал Т-ну көрүнө дөңсөө жерге кармап турган: "Ушул турган Кутубий туу түбүндө турарың" ([[Каралаев, Саякбай|Саякбай Каралаев]], 1. 106), "Туу түбүндө көп колдун" ([[Каралаев, Саякбай|Саякбай Каралаев]], 1. 136). Т-нун душмандын колуна түшкөнү, туунун жыгылганы жеңилгенге тете болгон. Ошондуктан, Т. ар дайым ыйык сакталган: "Туу түбүндө турушуп, Туубуз качпай турат деп Кубат кылып урушуп" ([[Сагымбай Орозбак уулу (Орозбаков)|Сагымбай Орозбаков]], 2. 140), "Туу жыгылды, кан өлдү, Тутушкандын баарысы Туш-тушка качып жөнөдү" ([[Сагымбай Орозбак уулу (Орозбаков)|Сагымбай Орозбаков]], 2. 89). Тынчтык мезгилинде көп эл чогулган жыйын, той-тамашаларда ар бир уруу, эл өз тууларынын айланасында топтолушкан. [["Манас" эпосу|"Манас" эпосунда]] ар бир элдин, этностун өз туусу болгону айтылат, ал муундан муунга өтүп келген. Мисалы:<br />
 
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Туу" булагынан алынды