Туя: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with 'Ту́я (лат. Thúja), туя — Кипарис (Cupressaceae) уруусуна кирген ийне жалбылактуу өсүмдүк. == Ботаникалык мү...'
 
No edit summary
7-сап:
 
Туя [[бир үйлүү]] [[өсүмдүк]]. [[Тобурчагы]] сүйрү узун келет, 2—6 жуп кабырчыктардан турат, булардын үстүнкү экөө таза, ар дайым [[өсүндү]] алса болот, ал эми калгандары көп учурларда өнүп чыгышпайт. [[Урук]]тары ичке, майда 2 канатчан болушат да күзүндө бышып жетилишет.
 
== Маданиятта ==
Туя субстрат көп тандабаган [[ийне жалбырактуу]] [[өсүмдүк]]төрдүн бири. Шаарда же болбосо өндүрүш жайларга жакын түтүндүү жерлерде өстүрүп жашылдандырса болот. Ачык, күнөстүү жайларда жакшы өсөт.
Көпчүлүк тараган өкүлү болуп {{bt|Thuja occidentalis}}, {{bt|Thuja plicata}} жана башка бакча формалары саналат.
 
== Химиялык курамы ==
Туянын жыгачында [[аромодендрин]], [[токсифоллин]], сары түстөгү, жыттуу [[эфир майлар]] кездешишет. Майларды көбүнчө жалбырактарын кайра иштетүү жолу менен алышат. Жалбырактардын курамында [[пинен]], [[кардиофиллен]], [[углеводороддор|углеводород]] [[фидрен]], [[цедрол]], [[пинипикрин]], [[пиллен]], [[пинин]], [[туйон]], [[дубильдик заттар]], [[чайыр]], [[сесквитерпен спирти]] бар.
 
== Түрлөрү ==
Тукум [[Түндүк Америка]]да жана [[Батыш Азия]]да өсүүчү дарактардын жана бадалдардын 5 түрүнөн турат.
* Thuja koraiensis [[Nakai]]- Корей туясы
* Thuja occidentalis [[L.]]- Батыш туясы | жашоо дарагы
* Thuja plicata [[Donn]] ex [[D.Don]]- Гигант туясы
* Thuja standishii ([[Gordon]]) [[Carrière]]- Жапон туясы же Стендиша туясы
* Thuja sutchuenensis [[Franch.]]- Сычуан туясы
 
Ири көлөмдө жана көп учурларда «Батыш туясы» же «Батыш биотасы» деп келинген өсүмдүктү учурда Батыш жалпак бутакча [[Platycladus orientalis L.]] [[Franco]] деп аташууда.
 
Туянын эн жакынкы өкүлү — долот туевиги [[Thujopsis dolabrata]], мунун айырмасы, калың жалбырагы жана катуу тобурчактуу келет жана Тетраклинис [[Tetraclinis articulata]].
 
== Колдонулган адабияттар ==
* ДикСССР. том=1. стр=296—309. автор=Уханов В. В. часть=Род 6. Thuja L. — Туя.
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Туя" булагынан алынды