Дон: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
Белгилер: мобилдик түзмөктөн түзөтүү мобилдик көрүнүш режиминде түзөтүү
No edit summary
Белгилер: мобилдик түзмөктөн түзөтүү мобилдик көрүнүш режиминде түзөтүү
25-сап:
|Түрмөктөр Уикиказынада =
}}
'''Дон''' (иран тилдеринде – «[[суу]]», «[[дарыя]]» маанисинде; байыркы гр. Танаис) – [[Россия|Россиянын]] европалык бөлүгү аркылуу аккан дарыя. Узундугу 1870 км, алабынын аянты 422 миң км<sup>2</sup>. Орто Орус дөңсөөсүнөн башталып, [[Азов деңизи|Азов деңизинин]] Таганрог булуңуна куярда дельтаны (аянты 342 км<sup>2</sup>ге чейин) пайда кылат. Дондун өрөөнү кыйла аралыкка чейин [[Орто Орус дөңсөөсү|Орто Орус дөңсөөсүнүн]] чыгыш тик чети аркылуу өтөт. Төмөнкү бөлүгүндө жер анча эңкейиш болбогондуктан, өтө жай агат. Негизги куймалары – Хопёр, Медведица, Сал (сол); Северский Донец (оң). Орточо чыгымы 935 м<sup>3</sup>/сек. Жогорку бөлүгүндө ноябрдын башынан апрелдин ортосуна чейин, төмөн жагында декабрдын башынан марттын аягына чейин муз тоңот. Дон – кеме жүрүүчү Волга–Дон каналы аркылуу [[Волга дарыясы]] менен туташат. Дарыяга Цимлян ГЭСи жана суу сактагычы, Николаев, Константинов, Кочетов гидротүйүндөрү курулган. Балык кармалат. Сосна дарыясынын чатынан баштап кеме жүрөт (1604 км). Георгиу-Деж шаарынан тартып кеме үзгүлтүксүз каттайт (1355 км). Боюндагы негизги шаарлары: Георгиу-Деж, Калач-на-Дону, Волгодонск, [[Дондогу Ростов|Ростов-на-Дону]], Азов.
 
==Колдонулган адабияттар==
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Дон" булагынан алынды