Difference between revisions of "Фатва"

16 387 bytes added ,  9 жыл мурун
no edit summary
(Created page with " Жооптуу адам ислам укуктук илиминде «Мукаллаф» деген термин менен белгиленип келген. Ал, Аллах ...")
 
 
Жооптуу адам ислам укуктук илиминде «Мукаллаф» деген термин менен белгиленип келген.
 
 
Улуу Аллах Таала пайгамбарына (САВ) ыйык китеп түшүрүп, аны акыл-эстүү, аң-сезимдүү адамзатка жиберди. Андыктан, бул сыноолуу дүйнөдөгү түрдүү милдеттерди аткарууда адамдын өз Эгесин акыл-эс негизинде таанып, ага баш ийүүсү, өз жоопкерчилигин толук мойнуна алышы түбөлүк бактылуулуктун башаты болуп калмак. Ал эми балагат жашына толбостон, эрте көз жумган балдар менен акылы кем жандар эч кандай жоопкерчилик сурагына кабылбастан, Аллах Тааланын мээримине бөлөнүп, түбөлүк бакыт багы болгон бейишке барат. Бирок айрым ислам аалымдарынын бул дүйнөдө акыл-эси кем калган адамдарды акыретте Аллах Таала сыноодон өткөрөт деген көз караштары да бар. Эң туурасын бир гана Алла Таала Өзү билет.
 
Жооптуунун милдеттеринин болушу
Жооптуунун милдеттери ислам укуктук илими негизинде сегиз түрдүү:
1. Парз
2. Важиб
3. Сүннөт
4. Мустахаб (Мандуб)
5. Мубах
6. Харам
7. Макрух
8. Муфсид болуп саналат.
Ушул сегиз түрдүү милдеттин алгачкы бешөөнү аткаруу, кийинки үчөөнөн оолак болуу, же аларды жасабоо жооптууга милдеттендирилген. Бир гана бешинчи түрү болгон мубах иштер негизинен жооптуунун эркинде болорун төмөндө өз ирети келгенде билдиребиз.
 
*1. ПАРЗ
Парз – Аллах Тааланын жана пайгамбарыбыздын (САВ) буйруктары ачык-айкын, күмөнсүз далилдер менен айтылган өкүмдөр. Мисалы, беш убак намаз окуу, орозо кармоо, зекет берүү ж.б.
 
Парз өз ичинде парз айн жана парз кифая болуп экиге бөлүнөт:
а) Парз айн: Ар бир мусулманга түздөн-түз жүктөлүп милдеттендирилген парздар. Мусулман бул парздарды жеке өзү аткарышы керек. Бир канча адамдардын аткаруусу менен башкалардын жоопкерчилиги да аткарылган болуп эсептелбейт. Башкача айтканда, бирөөнүн парзын башка бирөө өтөй албайт. Беш убак намаз, орозо, зекет сыяктуулар ушул парзга таандык.
 
б) Парз кифая: Жалпы мусулмандарга парз болуп турса да, айрым мусулмандардын аткаруусу аркылуу бүткүл мусулмандардын жоопкерчилиги орундалганга тете парздар. Албетте, эч бирөө аткарбаган абалда, жалпы коомчулук бул парздар жөнүндө жооптуу бойдон калат. Бул парздардын сообу аткаргандарга гана тиешелүү болот.
 
Жаназа намазы, күбөлүккө өтүү, Куран жаттоо сыяктуулар ушул парзга мисал. Тактап айтканда, бир шаарда бир бөлүк мусулмандар кайтыш болгон мусулмандын жаназа намазын окуса жетиштүү. Муну менен калган мусулмандар ушул жоопкерчиликтен кутулган болот.
 
Аткарылган парзга орошон сооп менен жакшылык бар. Ал эми өз милдети болгон парзды аткарбагандар акыретте азапка тартылат. Кимде-ким парзды жокко чыгарып, парздыгын моюндабаса динден чыгат. Парз экенин кабылдап, бирок аны аткарбаса, өз милдетин аткарбаганы үчүн күнөөкөр деп эсептелет.
 
 
*2. ВАЖИБ
Важиб – парз сыяктуу такай аткарылышы талап кылынбаган, бирок күчтүү далилдер менен аныкталган иш-аракет жана милдеттер. Мисалы, курмандык чалуу, витир намазын, айт намаздарын окуу жана фитир садакасы сыяктуулар. Важиб негизинен парз менен бирдей өкүмдө болот. Башкача айтканда, орундалса соопко, орундалбаса акыретте азапка татыктуу болот. Бирок ишенимдик жагынан алганда, важиб парздан айырмаланат. Важибди моюндабаган адам динден чыкпайт. Бирок диндеги бир буйрукту жокко чыгарганы үчүн чоң күнөөкөр болот. Мисалы, намаздын ичиндеги важибдерден бирөөнү атайлап калтыруу оор каталыкка жатат. Жаңылып калтырса, же кечиктирсе сажда сахва (жаңылыштык саждасы) кылууга туура келет. Ал эми намаздын бир парзын калтырса, намаз бузулат.
 
*3. СҮННӨТ
Сүннөт – бул сөз лексикалык жактан «жакшы мүнөз, жол, эреже» сыяктуу көп маанилерди туюнтуп берсе да, ислам укуктук илими боюнча Алла Тааланын элчиси (САВ) аткарган, жасоого буюрган, же ыраазылыгын туюндурган иш-аракеттерди билдирет. Сүннөт үчкө бөлүнөт:
а) Муаккад сүннөт (зарыл сүннөт).
б) Гайру муаккад сүннөт (катардагы сүннөт).
в) Заваид сүннөт (кошумча сүннөт).
 
а) Муаккад сүннөт: Пайгамбарыбыздын (САВ) ар дайым аткарып, чанда гана бир калтырган парз же важиб болбогон иштерин көрсөтөт. Бул түргө багымдат, бешим жана шам намаздарынын сүннөттөрү ж.б.у.с. кирет. Мындай сүннөттөрдү аткарган адам сооп табат, аткарбаган адамга жаза берилбесе да, айыпталат.
 
б) Гайру муаккад сүннөт: Пайгамбарыбыздын (САВ) кээде жасап, кээде аткарбаган сүннөттөрүн билдирет. Мисалы, аср жана куптан намаздарынын алгачкы сүннөттөрү сыяктуу. Бул сүннөттөрдү «мустахаб» же «мандуб» катарына кошкондор да бар. Мындай сүннөттөрдү аткарса сооп табат, аткарбаса күнөө болуп эсептелбейт.
 
в) Заваид сүннөт: Бул - пайгамбарыбыздын (САВ) бир инсан катары жасаган күндөлүк иш-аракети жана жүрүш-турушу. Мисалы, ар бир ишти оң жактан баштоосу, отуруп-туруу, жеп-ичүү, ак түстөгү кийимдерди кийгенди жактыруусу сыяктуу жеке адаттары. Бул сүннөттү пайгамбарыбызга (САВ) болгон жан тартуу жакынчылыктан улам аткарган сооп табат. Буларды аткарбагандар кандайдыр бир кемчилдик кетирген катары эсептелбейт.
 
*4. МУСТАХАБ
 
Мустахаб – жагымдуу, жакшы иш-аракеттерге карата айтылат. Башкача айтканда, пайгамбарыбыз (САВ) кээде жасап, кээде аткарбаган, мурунку муун асыл жандар (салафтар) жактырып, аткарган иштер мустахаб деп аталат. Ибадаттардын аткарылышында парз, важиб жана сүнөттөрдүн сырткары калып, мустахаб түрүнө кирүүчү иштер бар.
 
Шашке намазы сыяктуу айрым нафил намаздар жана орозолор, таң намазын айланага жарык түшкөндө окуу, жай саратанда бешим намазын салкындата кечиктирип окуу, шам намазын күн батары менен окуу сыяктуулар мустахаб иштерге мисал болот. Мустахабды аткарганга сооп, аткарылбаса күнөө эмес. Ибни Абидин мандуб, мустахаб нафил терминдери бирдей маани берет.
 
* 5. МУБАХ
Мубах – кылуу менен кылбоодо дин жагынан эч кандай тоскоол болбогон, жооптуунун эркине коюлган иш-аракеттер «халал» жана «жаиз» терминдери мубах менен бир маанидеги сөздөр катары колдонулат.
 
Бир нерсенин мубах болуусу, анын убактысы жана түрү менен байланыштуу. Мисалы, жеп-ичүү убактысын жана түрүн тандоо мубах болуп саналат. Адам ылайыктуу учурда, өзүнө халал болгон бир кыз (аял) менен турмуш кура алат. Халал жол менен сайран кура алат, бирок күндөп-түндөп оюн-зоокко берилүү жаиз болбойт.
 
Заттардагы түпкү касиет – мубах жана халалдык болуп эсептелет. Анын мындай сыпатын жокко чыгаруу үчүн, мубах эместигин далилдеп берүүчү шарияттык атайын далил керек болот. Мубахтыгын жокко чыгарган далил табылмайынча, заттар түпкү халалдык касиетин сактап калат.
 
Мубах иш-аракеттердин аткарылышына сооп да, жасалбастыгына карата күнөө да жок. Бирок бул иш-аракеттерди жасаган кезде сүннөт, же жакшылык ниети менен аткарылса сооп ыйгарылат. Мисалы: бир мусулман кийим киерде, уктаар кезде пайгамбарыбызды (САВ) үлгү катары туурап, оң жактан баштап кийинип, оң капталы менен кыбыла тарапка жүздөнүп уктаса сооп табат.
 
*6. ХАРАМ
Харам – Ислам дининде жасалышы жана пайдаланышына кескин түрдө тыюу салынган нерселер. Алкоголдук ичимдиктерди ичүү, кумар ойноо, ойноштук кылуу, адам өлтүрүү, ушакчылык кылуу, жалаа жабуу ж.б. иш-аракеттер харамга жатат. Харам кылынган зат же иш-аракет өзүнүн түпкү айырмачылыгы болгон ыпластык менен жамандык себебинен улам, Ислам шариятында эзелтен харам деп белгиленген болсо, аны «түздөн-түз харам» (харам лизатихи) деп атайбыз. Мисалы: арак, чочконун эти, уурулук, ойноштук кылуу, арам малдын этин сатуу ж.б.
 
Жалпысынан харамдар адамга таандык беш негизги баалуу дөөлөттү коргоо максаты менен тыюу салынган. Бул беш негизги баалуулуктар:
- жан
- акыл-эс
- дин
- тукум (урпак)
- мал-мүлк болуп саналат.
 
Өзүндөгү түпкү айырмачылыгынан эмес, кайра белгилүү кошумча себептерден улам харам болгон нерселер «кошумча харам» (харам лигайрихи) деп аталат. Мисалы: кайсы бир халал мүлк уурдалган абалда харам болуп эсептелет. Жума намазы убагында жума намазын окууга милдеттуу эркектердин соода-сатык кылуусу кошумча харамга жатат.(Жума сүрөсү 62, 9-аят) Бул жердеги тыюу адамды эң зарыл жаматтык намаздан кур калтыруу зыянына байланыштуу аз убакытка чейин кошумча себептерден улам келип чыккан харам болот.
 
Харамды жасабаса чоң соопко ээ болуу мүмкүн. Харамдан сактануу адамды такыбалык мартабага жеткирет. Харам жасалса, оор күнөөгө батып, жүрөктөр карарып, ыйман алсырайт, адамдын көңүлү киргилдеп, ибадаттардан эч кандай ырахат ала албайт. Кыямат күнүнө барганда да оор азап тартат.
 
Ал эми шариятта айкын далилдер менен аныкталган бир харам нерсени «халал» деп эсептесе, ыйманга коркунуч туулат. Башкача айтканда, бир адам арак ичсе оор күнөөкөр болот, эгерде аракты «халал» десе, өмүрүндө ичимдик ичпесе да динден чыгат. Себеби бул жерде Алла Тааланын көрсөткөн өкүмүн жокко чыгаруу маселеси жатат. Алла Таала Өзү сактасын, кудум «ал билбейт, мен билем» дегендей иш. Андыктан харамды «халал» дегендик каапырлык болуп саналат.
 
*7. МАКРУХ
Макрух– мааниси боюнча жагымсыз, начар, жек көрүндү дегенди билдирет. Шарият боюнча өтө эле катаал эмес бир таризде жасоого тыюу салынган жагымсыз иштерди билдирет. Харам менен макрух арасында айрым окшоштуктар бар. Экөө тең тыюу салынган, же жагымсыз жаман иштер. Бирок экөөнүн мазмун-маңызы бир кыйла айырмаланат.
 
Харам - так жана күчтүү далилдер менен катуу тыюу салынган иш-аракеттер болсо, макрух анчалык катуу болбогон тыюу салууларга карата айтылат.
 
Макрух экиге бөлүнөт:
1) Харамга жакын макрух (макрух тахриимий): Даарат алганда, гусулда сууну ысырап кылуу ж.б. сыяктуулар буга мисал болот.
 
2) Харамдан алыс макрух (макрух танзиихий): Мурунду оң кол менен чайкоо ж.б. сыяктуулар.
 
Макрухтун ар бирин жасабаган адам соопко ээ болот. Ал эми харамга жакын макрухту жасаган адам акыретте жазага кабылат. Тек гана, муну жокко чыгарган адам динден чыкпайт. Харамдан алыс макрухту кылуу менен жазага тартылбайт.
 
*8. МУФСИД
Муфсид – бир ибадатты бузуучу, же бир мамилени солгундатуучу кемчилдик. Атайылап муфсидди кылуу күнөө болуп эсептелет. Жаңылыштыктан улам жасалса, күнөө же азап жок. Мисалы, намазда өзүн кармана албай күлүү сыяктуу жоруктар ушуга жатат.
 
 
239

edits