Мамбетов, Дүрбөлөң: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
мNo edit summary
1-сап:
'''Мамбетов, Дүрбөлөң''' (1931-1970) - кыргыздын [[физик]] окумуштуусу.

Мамбетов, Дүрбөлөң (1931-1970) - кыргыздын физик окумуштуусу.

==Кыскача өмүр баяны==

Кыргыз элинин белгилүү физик окумуштуусу Дүрбөлөң Мамбетов 1931-жылы 5-майда [[Кыргызстан|Кыргызстандын]] Нарын облусунун Тянь-Шань (азыркы Нарын) районундагы Калинин айылында (азыркы Таш-Башат кыштагында) туулган.

1942/1945-жылдары Калинин атындагы мектепте окуган.

Д. Мамбетов Кыргыз педагогикалык институтунун физика факультетине (1932-жылы Кыргыз педагогикалык институту) тапшырып, 1951-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин артыкчылык диплому менен бүткөн.

Кыргыз педагогикалык институту И.Раззаковдун демилгеси менен 1951-ж. Кыргыз мамлекеттик университети болуп ачылган).
Ал окууну бүткөндөн кийин, Кыргыз мамлекеттик университетинде эмгек жолун баштаган.

Д.Мамбетов эмгек жолун баштаган жылдары 1950-1961-жж. Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин биринчи секретары болуп И.Раззаков иштеген. И.Раззаков республиканын билим берүү жана илимий потенциалын өнүгүшүнө өзгөчө камкордук көргөн. Андан сырткары улуттук кадрлардын өсүп – өнүгүшүнө абдан көңүл бурган. Мына ошондуктан ушундай камкордуктун негизинде көптөгөн кыргыз жаштары билим алууга умтулган.

Дал ушул мезгилде Д.Мамбетовдун илимий – изилдөө иши башталып, 1952-жылдын 1 октябрынан 1955-жылга чейин Кыргыз мамлекеттик уинверситетинин «Физика» адистигинин күндүзгү окуу бөлүмүндө аспирантурада окуган жана 1955-жылы Ядролук физика боюнча кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргоп, физика илимдеринин кандидаты илимий даражасын алган. Анын кандидаттык диссертациясы ошол кезде абдан баалуу болгон, себеби ядролук физика боюнча адистер жокко эсе эле.

Андан кийин Өзбек ССРинин илимдер академиясынын ядролук физика Институнда ага илимий кызматкер болуп иштеген. Окумуштуу кийинки илимий – изилдөө иштерин Кыргыз ССР илимдер академиясынын (Илимдер академиясы 1954-жылы ачылган) «Физика жана математика» Институнда лаборатория башчысы катары уланткан.

Таланттуу окумуштуу-физик, физика-математика илимдеринин кандидаты кесиптештери менен биргеликте 70 тен ашык илимий эмгектерди жарыкка чыгарган, алардын ичинде 2 монография жана жогорку окуу жайлары үчүн окуу куралдары жазылган. Жасалган илимий-изилдөө иштери Союздук республикаларда жана чет мамлекеттерде чоң маани берилген.

Дүрбөлөң Мамбетовичтин илимий иштери катуу телолор физикасына жана катуу телолордун адгезиондук (жабышуу) байланыштарынын бузулуу механизмине арналган. Анын эмгектеринде негизинен илимдеги жаңы багыт болгон – адгезиялык байланыштардын бузулушундагы жана катуу телолордун талкалануусундагы электрдик кубулуштарды изилдөөгө көңүл бурулган.

Ал өзүнүн эмгектеринде, өзгөчө докторлук диссертациясында «Катуу телолорду адгезиялык жана когезиялык бузууда электрдик кубулуштарды изилдөө», мурда байланышпаган адгезиялык тийишүүлөрдүн иштен чыгышына байкалган газрозряддык жана башка электрдик кубулуштарды, ошондой эле кристалллдарды майдалаганда щелочтук – галоиддик кристаллдардын экзиэмиссиялык кубулуштарды жалпылап, физика – математика илимдеринин доктору окумуштуу даражасына илимий иштерин тастыктап, коргоого даярдап жаткан учурда дүйнөдөн кайткан. Анын докторлук диссертациясына илимий-консультант белгилүү окумуштуу, химия илимдеринин доктору Н.А.Кротова болгон.