Интернет: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м r2.7.1) (робот өзгөрттү: as:ইণ্টাৰনেট
No edit summary
3-сап:
[[File:Internet map 1024.jpg|thumb|300px|Интернеттеги тармактардын байланышынын болжолдуу абалы.]]
 
'''==Интернет кантип, качан пайда болгон?''' ==
 
Дүйнөлүк желе маанисиндеги интернеттин пайда болу тарыхы 20-кылымдын экинчи жарымына барып такалат. 1957-жылы АКШнын коргоо министрлигинин алдында уюшулган Алдыңкы Изилдөө Долбоорлорунун агенттиги (ARPA) 1969-жылдын 1-сентябрында изилдөө институтардын ортосундагы компьютер аркылуу маалымат алмашууну камсыз кылган алгачкы бириккен желени түзүп чыгат. Интернеттин бул алгачкы түрү биринчи Арпанет деген аталышта дүйнөгө жайыла башайт. Ал эми 1971-жылы Bolt Beranek and Newman аттуу компьютердик фирманын програмисти Рэй Томлисон алгачкы электрондук почтаны жана @-электрондук белгини иштеп чыгат. 1982-жылы Арпанет TCI/IP аталыштагы бирдиктүү тармактык тилди түзүп чыгуу менен азыркы интернет келип чыккан. Кыргызстанга болсо интернет 1995-жылдан тартып келе баштаган.
10-сап:
Алгач пайда болгондо коммуникациялык технологиялардын ичинен радио 38 жылдын, телевидение 13 жылдын ичинде дүйнө боюнча 50 миллион угарман жана көрөрман топтосо, интернет пайда болгондон кийин 5 жылдын ичинде гана 50миллион колдонуучусун топтой алды. Натыйжада интернет дүйнөдөгү эң бат жайылган жана эң оперативдүү маалымат булагына айланды.
 
'''==Бишкек шаарында эң көп интернет колдонуучу бар'''==
 
2008-жылкы маалыматтарга караганда дүйнө жүзүндөгү интернет колдонгондордун саны 1.4 миллиард адамга жеткен жана бул көрсөткүч убакыт өткөн сайын жогорулоодо. Дүйнөнүн башка бурчтарындагыдай эле Кыргызстанда да интернет колдонучуулардын саны күндөн күнгө артып өзгөчө Бишкек шаарында интернет кафелер жана алардын тармактары көбөйүү менен алек. www.neweurasia.net сайтынын берген маалыматтары боюнча учурда Кыргызстанда 760 664 интернет колдонуучу бар. Булардын дээрлик көпчүлүк бөлүгү Бишкектиктер болуп саналат.. Тагыраак айтканда интернет колдонуучулардын 77% Бишкекке, 10% Ош облусуна туура келет. Ал эми болгону колдонуучулардын 13% гана калган облус жана шаарларга тиешелүү. Натыйжада, Бишкекте «дүйнөлүк желеге» кошулгандардын саны көбөйгөнү менен өлкөнүн калган бөлүктөрү бул тармактан алигиче артта калууда.
 
'''==Кыргызстанда уюлдук телефондор аркылуу интернетке киргендер аз эмес.'''==
 
Албетте бүткүл дүйнөнү кучагына алган интернет тармагына кошулуу оңойлоткон технологиялардын катарына уюлдук телефондор да кирет. Батыш өлкөлөрүно окшоп Кыргызстанда дагы жеке компьютер эмес чөнтөк телефондор аркылуу электрондук почталарын текшерип, маалымат алган замандаштар аз эмес. «Промотанк» компаниясы жана «Интернет саясатынын жарандык демилгеси» коомдук фондусунун интернет тармагын талдоо максатында жүргүзгөн изилдөөлөрүнүн жыйынтыгында Кыргызстандагы интернет колдонуучулардын 51% иш жеринен гана интернетке кошулат. Ал эми 21% так ушул уюлдук телефондордун жардамы менен интернетке киришет. Изилдөөнүн жыйынтыгына ылайык өлкөдөгү интернет колдонуучулардын 8% болсо интернет кафелерден интернетти пайдаланышат.
 
'''==Интернет колдонгондордун жана ага кызыккандардын көпчүлүгү жаштар'''==
 
Статистикага караганда Кыргызстанда интернет колдонуучулардын 75% 10 жаштан 30 жашка чейинкилер түзөт. Натыйжада, Бишкектеги кайсы гана интернет кафеге барба, интернете отургандардын дээрлик көпчүлүгү жаштар экендиги байкалат. Ал эми күндүзгүгө караганда арзаныраак келген түнкү интернеттерде орто жаштагы адамдарды кездештирүүгө да мүмкүн эмес. Орто жаштагы адамдардын интернетке кирбешинин себебин Бишкектин тургуну 46 жаштагы Чолпон айым «чоңдордун» убактысынын аздыгы менен түшүндүрөт. Анын айтымында интернеттин керектүү нерсе экенине карабай аны өздөштүрүүгө убактысы жок, бул себептен интернет кафелерге бара албайт. Ал эми жаштарда жаңы технологияларды өздөштүрүгө убактылары көп. Ошондуктан жаштар көбүрөөк интернетке барышат, дейт
42-сап:
Аты сыр бойдон калуусун туура көргөн борбордогу интернет кафелердин бирөөсүнүн администратору мындай сайттарга киргендердин саны көп экендигин айтып, өзү иштеген кафеде эротикалык маанайдагы интернет баракчаларына чектөө коюлбагандыгын себебин көбүрөөк пайда түшүрүүнү көздөгөндүгү менен түшүндүрөт. «Эгер чектөө койсок, кардарлардын санын азайтып алышыбыз мүмкүн»,-дейт, ал.
 
'''==Интернетке ким, канча коротот?'''==
 
Кыргызстандык интернет колдонуучулар да интернет үчүн бир кыйла акчаны коротушат экен. Жогоруда айтылган изилдөөлөрдүн жыйынтыгы көрсөткөндөй бир айда өлкөдөгү 760 664 колдонуучунун 37% интернет үчүн 101 сомдон 500 сомго чейин, 20% 501 сомдон 1000 сомго чейин, 11% 1001 сомдон 3000 сомго чейин акча сарпташат. Ал эми өлкө боюнча колдонуучулардын 12% гана иш жерлеринде бекер интернет колдонушары аныкталган.
52-сап:
Кээ бир маалыматтарга караганда учурда дүйнө жүзүндөгү интернет колдонуучулардын 10% интернет көз карандыларынын катарына кирет.
 
==Интернеттеги шилтемелер==
Кубат Касымбеков
 
* http://www.azattyk.org/content/kyrgyzstan_internet_money/2245968.html <br>
 
* http://www.azattyk.org/content/kyrgyzstan_education_wikipedia/3539016.html <br>
 
* http://www.azattyk.org/content/world_it_phone/24257506.html <br>
 
[[Category:Интернет]]
[[Category:Илим]]
[[Category:Маалымат технологиясы]]
 
 
 
[[ace:Internèt]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Интернет" булагынан алынды