Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "Бул — жыгач буюмдарынын бир түрү. Наристени терметип уктата турган жыгач керебетче. Буюм кайың, а..."
 
No edit summary
7-сап:
атайын көркөмдүк үчүн чырмак чий кынаптай түшүрүлөт. Акылмандуулукта ойлоштурулуп жасалган бул асыл буюм — бир гана чебердин чыгармачылык түйшүгүнөн жаралган табылгасы эмес. Атадан балага, улуулардан урпактарга сынбай-бүлбөй табарикке, көөнөрбөс белекке берилип келе жаткан нуска.<br />
 
Бешик — көпчүлүктүн биргелешкен чыгармасы. Ал жыгылса сынбаган, өңөрсө тең салмакты сактаган, көч үстүндө термелген...<br />
 
'''Бешикке бөлөө салты''' — элибиздин мыкты каадаларынын бири. Бул расми да ата-энеге кубанычтуу окуяларды күбөлөндүрөт. Төшөнчүсү, жамынчысы, жаздыгы, күлтүгү, шимеги, мончогу, шылдырак оюнчугу — баары толугу бойдон даярдалып, таянеси тарап алып келген. Ымыркай уул болсо «уста болсун» — деп устачылыкка керектүү майда буюмдарды, «билимдүү адам болсун» — деп, калем-кагаз, а кыз болсо «уз болсун» деп ийне, жип, кайчы сыяктуу буюмдарды бешиктин жаздыгына коюшкан. Боорсок, ар түркүн канттан чачыла чачылып, андан соң «көп жашаган, боору бүтүн» байбичелер кемпир баланы бешикке бөлөгөн. Расми бүткөн соң көңүлү агарып, ыраазы болуп кетсин деп байбичеге ак жоолук салышкан. Ушундан улам «Бешик ыры» чыккан.
<br />
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Бешик" булагынан алынды