Алыкул Осмонов: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
1-сап:
[[Image:alykul.jpg|thumb|right|Алыкул Осмонов (1915 - 1950)]]
 
Таланты таш жарган акын Алыкул Осмонов Панфилов районундагы Каптал-Арык айылында 1915-жылы кедейдин үй-бүлөсүндө туулган. Ал жаш кезинен эле ата-энесинен ажырап, жетимдиктин азабын да, турмуштун кыйынчылыктарын да башынан өткөрөт. 1925-жылы [[Фрунзе]] шаарындагы балдар үйүнө кабыл алынат. Бир аздан кийин эле ал балдар үйү [[Токмок]] шаарына көчүрүлөт. 1925 - 1928-жылдары ошол балдар үйүндө тарбияланат. Мына ушул жерде адабий китептерге өтө кызыгып, өз алдынча ыр да жазып көрөт. Он төрт жашында Фрунзедеги педагогикалык техникумга кирип, анын алдындагы адабий ийримге катышып, орустун белгилүү жазуучуларынын чыгармалары менен таанышат. 1930-жылы "Сабаттуу бол" газетасынын сентябрь айындагы санында биринчи жолу анын "Кызыл жүк" деген ыры басылып, адабий тушоосу кесилет. Ушундан баштап анын ырлары газета, журналдарга үзбөй жарыяланат. 1933-жылы техникумду бүткөндөн тартып, ал биротоло чыгармачылык иштин артынан түшөт. Дүйнөлүк адабияттын мыкты үлгүлөрүн үзбөй окуп, билимин, тажрыйбасын тереңдетет.
 
Бар бололу, түгөнбөйлү, курдаштар,