Бешик: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
1-сап:
Бул — [[жыгач]] [[буюм]]дарынын бир түрү. Наристени терметип уктата турган жыгач керебетче. Буюм кайың, [[арча]], тал, тыт өңдүү жыгачтардан кармалат. Билектей жумуру бир кулачтайын кыйып, как жара бөлүп, эки алкак ийилет. Бешиктин төрт бутуна көзөнөк оюлат. Же ал көзөнөктөргө карыштай чабактар (таякчалар) бекитилет. Ага узун-туурасынан [[сызма]] тартылат. Ал эми жыгачтын ошондой түрлөрүнөн эле (узундугу бир жарым метр, бийиктиги 0,5 метр) күлтүк үчүн тешик калтырат да, сызмалардын ордуна туташ таякчалар кагылат. Мунун эки алкагы дого сымал ийилген жазы жыгачтардан болот. Эки таманына ашталган карскан жаа өңдүү жыгач анын термелишин жеңилдетет. Бешиктин сабы жумуру жоон жыгачтан тандалат. Муну айрым аймакта «Жорго бешик» дейт. Бул чебер муунакталып, усталар жүк тактадай, сабаа тактадай, боз үйдүн босого таягындай көркөм оюмдарды түшүрүшөт. «Термеле бер, термеле бер, Биз бөлөнгөн арча бешик» (Б. Абакиров). Арча бешик ата-бабадан бери ардакталат, ал жер-жерлерде арбын жасалат.
Оштук чеберлер кармаган бешиктерде анын жаа сыңары ийилген эки алкагын бириктирип, туташтырып турган капгал жыгачы — кооз оюктарга ээ. Ар бири өзүнчө бөлөк-бөлөк түстөгү боёктор менен боёлот.
<br />
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Бешик" булагынан алынды