Боз үй: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
7-сап:
Кыргыздар жашоо-шартына ылайык боз үйдүн жүктөмө түрүн кабыл алышкан. Алачыктардын көчүрүп жүрүүгө ылайыктуу түрлөрүнүн андан аркы өнүктүрүлгөн түспөлү катары каралат. Боз үйдүн жыгач тулкусуна узанган усталар — чыныгы архитекторлор. Жайып тиксе, тең салмакты сактап, кыз такыясындай келишимдүү, бүктөп койсо, бир төөлүк жүк, көчүп-конууга ылайык, тоолуктардын сыймыктуу бул мүлкүнүн көлөмү, албетте, ар кандай болот.
 
Үйдүн жыгачы «он эки канат», «сегиз канат», «алты канат», «төрт канат», же «жүз баштуу», «сексен баштуу», «жетимиш баштуу», «элүү баштуу» деп айтылат. Чоң-кичинесин далилдеген үйдүн башы сайылган [[уук|ууктун]] саны менен өлчөнөт. Тигип-чечүүгө жана көчүп-конууга, ички эмеректеринин орун алышына 55—65—-75 баштуу үйлөр арбын жасалган. Боз үй «тигилиши мыкты», «бүркүттүн томогосундай», «топтой келип», «такыя түндүк», «жыгачтын маталышы мыкты» жана башка ушул сыяктуу жалпы элдин калыс сынынан өтөт. Ак өргөөнү көтөрүүдө көөрү төгүлгөн [[зергер|зергердин]], [[Жыгач уста|жыгаччынын]], кайкач бармак оймочунун, саймачынын, өрмөкчүнүн, токуучунун, эшмечинин, түймөчүнүн, чырмакчынын, бычмачы-тикмечинин колдору катышат. Мунун эң чоңу «ак сарай» деп аталат.
 
Боз үйдү жасоодо, [[БОЗ ҮЙ ТИГҮҮ|тигүүдө]], [[Боз үй чечүү|чечүүдө]], [[Боз үйдү жүктөө|жүктөөдө]], [[Боз үйдү сактоо|сактоодо]] көркөм кол өнөрчүлүктүн ар бир түрү табы менен кармалат да, [[тери]] - [[жүн]], [[сайма]], [[таар]], [[жыгач]], таш буюмдары боз үйдүн ички колдонмо-жасалгаларына катыш жасайт. Узчулук: [[оймочулук]], [[саймачылык]], чыгармачылык,[[өрмөкчүлүк]], килемчилик, түймөчүлүк, бычмачылык, [[зергер]]чилик, кайышчылык, [[жыгаччылык]], мүйүзчүлүк, [[таш чегүүчүлүк]] боз үйдөн көрүнүп, элдик буюм катары таанып-туюлат. Эстетикалык ыракат берет. Эгер өнөрдүн бирөө болбосо, үйдүн бир татым тузу кемийт. Боз үй көтөрүүчүлөр жогоруда санап кеткен узчулук (аялдарга таандык өнөр) аракеттерин бүтүндөй өзү эле бир колдон чыгарууга жетишкен. Ким зергер аталса, ал боз үйдүн устачылыгын түгөл кармаган.
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Боз_үй" булагынан алынды